Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, май айынын аягынан тартып апта сайын чартердик каттамдар уюштурулат. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги Оренбург шаарынан да Бишкекке чартердик каттам уюштуруу маселесин карап, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бул каттам менен 200 кыргызстандык, негизинен кош бойлуулар, оорулуу жана улгайган адамдар жиберилет.
Элчилик Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 500гө жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу аракети уланып жатканын маалымдады. 17-майда Бузулукка элчиликтин тажрыйбалуу кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Оренбург облус бийлигинин, аймактагы кыргызстандык диаспоралардын жардамы менен Бузулуктагы жарандардын тамак-аш маселеси чечилди.
Элчиликке караштуу түзүлгөн штаб Казакстандын чек аралары жабык экенин эскертип, кыргызстандыктарды машине менен жолго чыкпоого үндөдү. Мындан тышкары Орусиядагы мекендештерди орус мыйзамдарына ылайык санитардык-карантин эрежелерин так сактоого, өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырган.
Майдын алгачкы жумасында Оренбург облусунда орус-казак чек арасынан Кыргызстанга өтүп кетүүнү суранып 250дөй кыргыз мигранты топтолуп турганы кабарланган. 7-майда Соль-Илецк аймагынан 519 кыргызстандык тогуз автобус менен Кыргызстанга жеткирилген. Ондогон айдоочу ошол жерде калган. Андан бери да Оренбургга карай агылган кыргыздардын аягы тыйылбай, талаада чатырда жаткандар 500гө жакындап калганы кабарланды. (ZKo)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России