Азамат Жамангулов: ар бир мааракеге миллион сомдон ашык акча кетет
Кыргызстанда ар бир мааракелик иш-чарага бир-эки миллион сомдон каражат жумшалат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында билдирди.
Комитет маарекелерди чектөө тууралуу боюнча мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулады.
Талкуу учурунда демилгечи депутат Зиядин Жамалдинов өз сунушун бюджеттен бөлүнгөн акчаны туура пайдалануу, мааракелерди оптималдаштыруу жана иретке салуу аракети катары түшүндүрдү:
«Жалпы улуттук, аймактык жана корпоративдик маанидеги иш - чараларды өткөрүш үчүн маарекелик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана 25 жыл деп белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана президенттин чечими менен башка даталарда маарекелик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн. Алсак, 2018-жылы бир эле иш-чарага 80 миллион сом жумшалган».
Жыйында бул демилгени колдогондор да, четке каккандар да чыкты. Депутат Иса Өмүркулов мыйзам менен мааракелерге 25 жыл деген чек коюу туура эмес деп эсептей турганын айтып, иш-чаралардын форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.
Соңунда комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.
Кыргызстанда ар кандай мааракелик иш-чаралар байма-бай өтүп турат. (NT)