Кытайдын жараны Айеркен Саймаитинин иши боюнча тергөө жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азаттыктын» журналистин акча алганын күбөлөр айтканы тууралуу маалымат менен «Азаттык» радиосун каралоого аракеттенүүдө. Мындай пикирин КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Азаттыкка» билдирди:
«Адатта күбөлөрдүн көрсөтмөсү сот процессине чейин ачыкка чыгарылбайт. Дайыма атайын сурам жиберип сураганыбызда да тергөөчүлөр «тергөөнүн кызыкчылыгы, ачыкка чыгара албайбыз» деп көрсөтмөлөр боюнча маалымат беришпейт. Бул жолу тергөөнүн кызыкчылыгы кайда калды? Ачык эле «күбөлөр айтты» деп, алардын көрсөтмөсүн жалпы коомчулукка жарыялашты. Бул жерде УКМК куулук менен «Азаттыкты» каралоого аракет кылып жатат».
Дастан Бекешев журналист УКМКнын Тергөө башкармалыгын сотко берүүгө укуктуу экенин кошумчалады.
2-июнда кытай жараны Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Кийинчерээк «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин укканбыз» деген эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү комиссиянын отурумунда көрсөтүлдү.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай муну «журналисттерди каралоо» деп баалады.
Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты.(ZKo)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России