Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миңден ашуун бүтүрүүчү катталды
Кыргызстанда быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 улан-кыз катталды. Бул тууралуу 8-июнда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, каттоо 15-майда жыйынтыкталган. Кандайдыр бир себептер менен каттоого катыша албай калгандар 20-июнда жана 23-июнда тестирлөө борборлоруна барып, кошумча каттоодон өтсө болот.
Тестирлөөнүн өзү эки баскыч менен өтөт: биринчиси 21-22-июнда, экинчиси 24-25-июнда.
Бул үчүн жалпысынан республика боюнча 116 борбор уюштурулат.
Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында ар биринде медицина кызматкерлери иштеп, санитардык талаптардын аткарылышына байкоо жүргүзүшөт.
Жогорку окуу жайларына каттоо үч баскыч менен өтөт: 20-25-июлда, 27-30-июлда жана 3-7-августта.
Кыргызстанда 2230дан ашык мектеп бар. Коронавирус илдетине байланыштуу мектептер 16-марттан баштап карантинге жабылган.
Быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрдү, 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны 104 миңге жакын болду. (RK)