Казакстандын бир нече шаарына кайрадан карантин киргизилет
Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу казак өкмөтү 18-июнда кабарлады.
20-21-июндан тартып бул шаарларда соода борборлору, базарлар, парктар, аквапарктар, суу жээктери, фитнес-борборлор жабылып, коомдук транспорттун ишине чектөө кирет. Кафе-ресторандар ачык асман алдында иштейт, кардарлар арасында аралык сакталууга тийиш.
Тургундарынын саны 50 миң кишиден ашкан бардык шаарларда жашы 65тен жогору кишилердин көчөгө чыгышына чектөө киргизилет. Ошондой эле бул шаарлардын кире беришине кайрадан блокпосттор орнотулат.
Казакстанда 16-мартта киргизилген карантин май айынын аягында жумшартылган. Июнда гана блокпосттор алынып, бизнес толук иштей баштаган.
Чектөөлөр алынгандан кийин COVID-19ду жуктурган кишилердин саны кескин түрдө көбөйгөн. Айрым күндөрү вирус 1000ге чукул адамдан табылып жатат.
18-июнда мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Анын алдында Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.
18-июнга карата Казакстанда жалпысынан 22 миңден ашуун киши илдетти жуктуруп алды, өлгөндөрдүн саны 100гө жетти.