Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоору комитетте дароо эки окуудан өттү
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алды. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, депутат Жанарбек Акаев билдирди.
Ал өзү жана дагы бир депутат Дастан Бекешев экөө мыйзам долбооруна каршы добуш беришкенин кабарлады.
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган. Долбоор 17-июнда парламентте биринчи окууда кабыл алынып, ага 102 депутат "макул" деп, төртөө каршы добуш берген. Документ 19-июнда парламентте коомдук угууда талкууланды. Эреже боюнча комитеттерден жактырылгандан кийин жалпы палатага экинчи-үчүнчү окууга чыгарылат.
Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.
Документтин түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейинки, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт» деп жазылган.
«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.
Буга чейин «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (ErN)