Ооруканалар оор абалдагы бейтапты кабыл албай жатат
Темир жол ооруканасынын алдында турган бейтап "Азаттыкка" кайрылып, түштөн бери эч ким кабыл албай, ооруканага кире албай жатканын айтып, даттанды. Бул жаран эки жума мурда коронавируска тест тапшырып, анализи таза чыккан. Акыркы үч күндүн ичинде абалы кескин оорлошуп, эки тараптуу пневмония болгону аныкталды.
Дарыгерлер "орун жок" деген жүйө менен ооруканага киргизбей койгондуктан, ал учурда дарбазанын алдында турганын, абалы улам оорлошуп, дем алуусу кыйындап жатканын айтты.
"Азаттыкка" кайрылган жаран 36 жыл Чек ара кызматында иштегенин билдирди.
24-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, ооруканаларда орун жетиштүү болгонун айткан:
"Баары көзөмөлдө. Оорунун саны көбөйүп кетсе эмне кыларыбызды алдын ала пландап койгонбуз. Канчалык көбөйсө, ошого ылайык керебеттерди даярдап, ачыла турган ооруканаларды белгилегенбиз. Башка ооруканаларды коронавирусту дарылоого кайра адистештирип, профилин убактылуу өзгөртө турабыз. Биз бардык бейтаптарды тейлегенге даярбыз".
Соңку бир сутка ичинде коронавирустан Кыргызстанда дагы бир адам каза болуп, бул көрсөткүч 43кө жетти. Жаңы катталгандар – 228 адам.
Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 2112 бейтап айыгып кетти.