Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Жогорку Сот төрагасы мурдагы президент Атамбаев дарыланып бүтсө токтотулган сот иштери улантыларын айтты

0

Сот иштери аягына чыга элек мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө кетиши мыйзамдуу болгон. Бул тууралуу бүгүн 1-декабрда «Азаттыкка» курган маегинде Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.

Төраганын айтымында, Атамбаевдин сот иштери боюнча териштирүү аяктай элек, ал дагы көрсөтмө бериши керек:

“Ал ден соолугуна байланыштуу чыккан экен. Мыйзамдуу чыккан. Азыр анын башка да кылмыштуулугу, эпизоддору боюнча иш жүрүп жатат, кайра улантылган. Ошол иш да созулуп жатат, себеби жабыркаган тарап да, күбөлөр да толук суралып бүтүшү керек. Ошондон кийин Атамбаев суралат. Эгерде ал ооруканадан сакайып чыккан болсо, токтотулган иш улантылат”.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болгон. Ушул жана коррупцияга байланыштуу башка да окуялар боюнча бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Атамбаев быйыл 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *