Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 30.11.2023

Газа: Жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу күч алды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму жана жергиликтүү дарыгерлер Газада жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн деп эскертүүдө. Ок атуу 1-декабрда да токтоп турмакчы. Ал маалда тилкеге буга чейинки жети күндөй эле гуманитардык жардам жеткирилет. Газадагы гуманитардык абал “Ийгилик Газага бет алган машиналардын саны же канча тонна жардам жеткирилгени менен ченелбейт. Албетте, ал да керек. Сактап калган өмүрлөр канчалык көп болсо, азап чегүү токтосо, үмүт жана татыктуу жашоо-шарттары калыбына келтирилсе, ошондо ийгилик жөнүндө сөз кылса болот. Читать дальше...

Казак прокурору абакка кесилген Жыланбаевдин сот өкүмү боюнча жооп берген жок

Azattyk.org 

30-ноябрда Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиев абакка кесилген активист Марат Жыланбаевге чыккан өкүмдүн мыйзамдуулугу боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты. 29-ноябрда сот активистке өкүмдү жашыруун шартта чыгарган. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы прокурордон “өкүм менен тааныштыруу жараяны эмне үчүн ачык өткөн жок?”деп сураганда, Умиралиев сот өз ишин мыйзамга ылайык аткарып жатканын билдирди. Казакстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, жабык өткөн... Читать дальше...

Ташиев "интимдик кызматтан колдонгон" аткаминерлердин тизмеси бардыгын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев WhatsApp мессенжери менен Telegram каналдардагы тайпаларды текшерүүдө интимдик кызмат көрсөткөн 200дөй кыз аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул тайпалардын уюштуруучулары жана кыздар менен кардарларды байланыштырып турган эки адам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. “Бул кыздардын кызматын жогорку кызматтагы адамдар... Читать дальше...

Эркектердин зомбулугунан өмүрү кыйылган аялдар

Azattyk.org 

26 жолу жигитинен бычак жеген Жулия, күйөөсүнүн токмогунан ресторанда үзүлгөн Салтанат. Кулак-мурду кесилген Асел. Үрөй учурган мындай зордук-зомбулукка эмне түртөт? Фемицидге кантип чекит коебуз? Аялды аябаган коомдук аң сезимди кантип өзгөртсө болот? Кыз-келинди кордогон эркектерге электрондук билерик тагуу же башка бир чара көрүү жетиштүүбү?

Алматы: өрт чыккан хостел каттоодон өткөн эмес

Azattyk.org 

Мамлекеттик органдар Алматыда өрт чыккан хостел жөнүндө билбеген, анткени конок жай каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу 30-ноябрда Алматыдагы брифингде өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шерипханов билдирди. "Бул хостел жөнүндө акимчиликте да, башка мамлекеттик органдарда да маалымат болгон эмес. Өзгөчө кырдаал департаментинин дагы, мамлекеттик органдардын дагы менчик бизнес ишканаларын текшерүүгө укугу жок. Анын үстүнө аталган хостел каттоодо болгон эмес",-деди министр. 30-ноябрдын таңында хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду. Читать дальше...

Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 өмүр кыйылды

Azattyk.org 

Бишкекте "Дордой", "Мадина" жана "Орто-Сай" базарларындагы ишкерлер көзөмөл кассалык аппарат колдонууга каршы чыкты. Алар мурдагыдай патент системасын калтырууну талап кылууда. Алматы шаарында хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду. Алардын арасында Орусиянын жана Өзбекстандын жарандары да бар. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтып, катуу чара көрүлөрүн эскертти. Эки жыл мурдагы жаңжалдан улам Бишкек чек арасын бир тараптуу жапкан.

Мамлекеттик туу парламенттин эрмегине айландыбы?

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик туусуна байланыштуу маселе олуттуу саясий талашка айланды. Бул маселе Жогорку Кеңештин орду, андагы көтөрүлгөн демилгелердин салмагы жана эл өкүлдөрүнүн көз карандысыз позиция тууралуу талкууларга жол ачты. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө 85 жылдыгын белгилеп жаткан Жогорку Кеңештин ордун, салмагын жана анын дарегине айтылган сын-пикирди талкууладык. Студиянын коноктору Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясат талдоочу Нурсултан Акылбек, Жогорку Кеңештин мурдагы... Читать дальше...

Жаңы салык эрежеси: "Дордойдо" митинг, "Мадинада" иш таштоо

Azattyk.org 

Бишкектеги "Дордой" базарынын соодагерлери жаңы салык системасына каршы митингге чыгышты. Ал эми "Мадина" базарларынын соодагерлери иш таштады. Айрым маалымат каражаттары "Орто-Сай" базарында иштегендер да нааразылык акциясы өткөнүн жазып, видеолорун таратышты. Соодагерлердин нааразылыгы Бир күн мурда Оштогу Кара-Суу базарынын сатуучулары акция өткөрүшкөн. 30-ноябрда нааразылык акциясына чыккан “Дордой” базарынын айрым соодагерлери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин келишин талап кылышты. Читать дальше...



Сеулда 200дөй киши ит фермаларын жабууга каршы чыкты

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда 30-ноябрда иттерди багып, тамак-ашка колдонууга тыюу салган мыйзамга каршы эки жүздөй фермер нааразылык акциясына чыкты. Алардын айрымдары президенттин катчылыгынын жанына барып, капаска салынган иттерди агытуу аракетин көрүштү. Буга полиция жол бербей, кагылышуу катталганын Рейтер агенттиги жазды. Уюштуруучулардын бири, ит этин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Чжу Ен Бон билдиргендей, “саясатчылар бул тармакты жапканга же адамдардын тамак-ашын тескенге акысы жок”. Читать дальше...

Өзбекстан суу үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтөт

Azattyk.org 

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте президенттин төрагалыгы менен суу ресурстарын рационалдуу колдонуу жана жоготууну кыскартуу чаралары боюнча жыйын өттү. Мамлекет башчы кийинки жылы суу үнөмдөө боюнча өзгөчө режим киргизилерин билдирди. Мирзиёевдин пикиринде, 2030-жылы өлкөдөгү суунун таңкыстыгы 15 миллиард метр кубга жетиши мүмкүн. Президент кырдаалды климаттын өзгөрүүсү олуттуу оорлоштуруп жатканын айтты. Анын айтымында, Өзбекстанда пахта талаасын сугарууга башка мамлекеттерге салыштырмалуу 2-3 эсе суу сарпталат. Читать дальше...

"Мемориал" уюму Алсу Курмашеваны саясий туткун катары тааныды

Azattyk.org 

“Мемориал" укук коргоо уюму 18-октябрдан бери Орусиядагы убактылуу кармоочу жайда отурган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны саясий туткун катары тааныды. Бул тууралуу 30-ноябрда "Idel.Реалии" сайты жазды. Курмашева “чет өлкөлүк агент” катары катоодон өтүүдөн баш тартканы деген кине менен айыпталууда. Ал Орусияда бул айып тагылган алгачкы журналист. "Бул берененин өзүн, “чет өлкөлүк агент” институтун мыйзамсыз деп эсептейбиз”, – деди укук коргоо уюмунун “Саясий туткундарды колдоо. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: созулган сот, абактагылардын сыны

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан саясатчы, активисттердин камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 29-январына чейин узартылды. “Бийликти басып алууга” айыпталган отуздай саясатчы, активисттердин ондон ашыгынын абакта жатканына бир жылдан ашты. Шектүүлөрдүн иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Соттук териштирүү башталбай турат Кемпир-Абад иши июнь айында тергелип бүтүп, сотко өткөнү менен, соттук териштирүү толук баштала элек. Милиция кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан, маалымат берилбейт жана сот жабык өтөт. Читать дальше...

Ташиев 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайлар жабыларын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн оюн-зоок жайларды, мончо жана сойкуканаларды уюштургандарга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлдөө зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал 30-ноябрда Балыкчы шаарында атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында айтканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын... Читать дальше...

Казакстан: аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрдин беренеси алмашты

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевге ачылган кылмыш иши “адам өлтүрүү” беренесинен “өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Жандос Умиралиев 30-ноябрда билдирди. “Ошондой эле кылмышты жашырып, полицияга кабар бербегени үчүн анын тууганы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Ошол күнү ал тууганынын жанында болуп, оор кылмыш болгонун полицияга айткан эмес. Алтургай ал кылмышты жашырууга көмөктөшкөн”,- деди Умиралиев. Читать дальше...

Иерусалимдеги ок атууда үч киши каза тапты

Azattyk.org 

Иерусалимдеги автобус аялдамасында белгисиз эки адамдын туш келди аткылоосунан үч киши - бир аял жана эки улгайган эркек набыт болду. Жети киши жабыркады, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Израилдин Куткаруу кызматы билдирди. 30-ноябрдын таңында болгон окуяны полиция теракт катары мүнөздөдү. Азырынча аткылоо үчүн жоопкерчиликти бир дагы топ өз мойнуна ала элек. Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир кол салгандар ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук... Читать дальше...

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ыш менен күрөшүүгө 50 млн доллар бөлөт

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион доллар бөлөт. Банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 29-ноябрда бекиткен. Каражат 50 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя катары берилет. Акча Кыргызстанда абанын сапаты боюнча маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртууга, үйлөрдү экологиялык жактан таза жылытуу системасына өтүүгө жардам берүүгө, Бишкек шаарын жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшалат. Бишкек соңку жылдары айрыкча... Читать дальше...

Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аткезчилик кайра жанданганын билдирди. Бул тууралуу ал 30-ноябрда атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “Камчыбек Ташиев республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу... Читать дальше...

Салык кызматы "Дордой", "Кара-Суу" базарлары боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Кыргызстанда соода менен алектенгендердин мамлекетке салык төлөөсү боюнча киргизилип жаткан жаңы эрежелер тууралуу маалымат берилди. Бул маселе 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлүп, Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов “Дордой” жана "Кара-Суу" базарлары жаңы “өзгөчө режимге” өткөрүлүп жатканын, ичинен бири-бирине сатса ККМ, ЭТТН жана ЭСФ колдонулбай турганын, ал эми, мисалы, “Дордойдон” сатып алып, Бишкектеги соода борборлорунан сата турган болсо, ал “өзгөчө... Читать дальше...

Курулуш компаниялары куруп жаткан имаратты реестрге каттоого милдеттүү болот

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Кыргызстанда мүлк сатып алгандардын укугун коргоо үчүн салынып жаткан объектилердин курулушун көзөмөлдөө тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров 21-ноябрда кол койгон. Токтом 2024-жылы 1-январда күчүнө кирет. Иштелип чыккан жобо адамдардын акчасын алып, көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктү куруп жаткан компаниялардын ишин аныктайт. Ишкана салып жаткан объектисин реестрге каттатпаса, үлүшчүлөрдөн акча чогултууга жана батирлерди сатууга тыюу салынат. Читать дальше...

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери иш таштады

Azattyk.org 

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери 30-ноябрда иш таштап, өкмөттүн салык саясатына каршы экенин билдиришти. Алар бул нааразылык акциясын көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы уюштурганын айтып жатышат. Базардагы соода күркөлөрүнүн дээрлик баары жабык турганын "Азаттыктын" кабарчысы барып көрдү. Соодагерлер Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууну талап кылууда. Мунун алдында "Дордой” базарында иштегендер Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин келишин талап кылып, митинг уюштурушкан. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10, Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус болот. Читать дальше...

Тажикстандагы кыргыздар: Ажал менен арбашкан Апыз салчы

Azattyk.org 

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.   Кара-Тегинден чыккан атактуу Апыз салчы (Жерге-Талда Хафыз салчы дешет) тууралуу бала чактан баштап көп уктум. Кичине кезимде ал киши мага күнү-түнү ажал менен арбашкан баатыр, балбан адамдай элестечү. Бирок кийин эки азамат уулун өзү колдон жулдурган Апыз салчынын тагдыры өтө кайгылуу болгонун түшүндүм. Өз эрки менен тандап алган салчылык кесиптин айынан эки бирдей баласынан ажырап... Читать дальше...

Лейлектик килемчилердин иши жеңилдеди

Azattyk.org 

Лейлек районундагы уздар жаңы жабдыктын жардамы менен килем токуй башташты. Бишкектен жасалган бул шайман иштин түмөн түйшүгүн кыйла жеңилдетет. Адатта жерге отуруп алып, килем согуу бир топ оор. Уздар жаңы жабдык ишти жеңилдеткенине кубанганы менен килемдин баасы чыкпай жатканына кабатыр.

Газада ок атпоо режими дагы бир күнгө узартылды

Azattyk.org 

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) радикал тобунун ортосунда ок атышпоо режими дагы бир күнгө узартылганын Израилдин премьер-министринин кеңсеси маалымдады. Сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп жаткан Катардын Тышкы иштер министрлиги да муну тастыктады. CNN кабарлагандай, бейшембиге караган түнү ХАМАС барымтадагылардын бир тобун бошотуп, дагы бошотула турган 10 адамдын тизмесин бергенден кийин гуманитардык тыныгуу узартылды. АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп... Читать дальше...

“Дордойдун” соодагерлери Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышууда

Azattyk.org 

30-ноябрда нааразылык акциясына чыккан “Дордой” базарынын айрым соодагерлери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин келишин талап кылууда. Алар өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтышууда. Акцияга чыккан ишкерлер базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагындагылардын ишинин тартибинде көп түшүнбөстүктөр бар экенин билдиришти. 29-ноябрда эле Оштогу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *