Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2019

Новости за 01.10.2019

Айбек Кулчумановго кол салгандардын тек-жайы такталды

Azattyk.org 

Ошто "Азаттыктын" кызматкери Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактап алгандардын тек-жайы такталды. Бирок тергөө кызыкчылыгынан улам алардын аты-жөнү жана канча киши экени айтылбай турганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына караганда, кол салгандардын баары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун туугандары. Бирок ал кишинин өзүнөн же туугандарынан муну тактоого мүмкүн болгон жок. Кулчуманов... Читать дальше...

"Next TV": "Азаттыкка" кландык-олигархиялык чөйрө болуп көрбөгөндөй басым жасоодо

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жеке менчик "Next TV" телеканалы "Азаттык" радиосунун оператору Айбек Кулчумановго карата кол салуу боюнча билдирүү таратты. Анда телеканалдын жамааты “Азаттыктын” кабарчыларына карата болуп жаткан каралоону Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон чабуул катары сыпаттай” турганы белгиленген.  “Бүгүн “Азаттыкка” чабуул болсо, эртең дагы башка медиага кысым болбойт деп ким айта алат? Андыктан “Азаттыктын” журналисттерине болгон кол салууну укук коргоо органдары тарабынан тыкыр иликтенишин талап кылып, бир муштумга биригели. Читать дальше...

Ооган кыргыздарынын арасат абалы

Azattyk.org 

Ооганстандын Памириндеги кыргыздар урпактарынын келечеги туңгуюкка кептелип баратканына кабатыр. Ооган кыргыздарынын жашоосун, тарыхын беш жылдан бери изилдеген швейцариялык антрополог Тобиас Маршаллдын баянын сунуштайбыз.

Орусияда арак-шарап ичкендер кескин азайды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2003-2016-жылдары Орусияда спирт ичмдиктерин ичүү 43 пайызга азайганын, мындан улам адамдардын өмүрүн узактыгы жогорулаганын билдирди. Аталган уюм муну мамлекеттин алкоголдун сатылышын чектеген, дени сак жашоого үгүттөгөн чаралары менен негиздеди. Баяндамада "Орусия узак убакыт арак көп ичкен жарандардын мекени деп эсептелип келген. Бул 1990-жылдарда адам өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болгон. Акыркы жылдары бул абал оңоло баштаганы байкалат", - деп айтылат. Буга... Читать дальше...

Сокулуктагы кулчулук чырынын чоо-жайы

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районунун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, алардын бирин чынжыр менен бутунан байлап койгону жөнүндө маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду.

Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук банкы быйыл алты ай ичинде Орусиядан КМШ мамлекеттерине 5 миллиард 720 миллион доллар которулганын билдирди. Акча которуу жагынан Борбор Азиянын үч мамлекети алдыда турат жана сап башына Өзбекстан чыккан. Ага ылайык, Орусиядан бул өлкөгө быйылкы жылдын биринчи кварталында 2 миллиард 800 миллион, экинчи кварталда 1,2 миллиард доллар которулган.  Экинчи орунда Тажикстан, үчүнчүдө Кыргызстан турат. Тажик мигранттары Орусиядан мекенине 1,1 миллиард, ал эми кыргызстандыктар 930 миллион доллар салган. Читать дальше...

Тажик бийлиги "Facebook", "Youtube" жана "Азаттыктын" сайтына бөгөт койду

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-октябрда Тажикстанда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат беште "Азаттыктын" тажик кызматынын сайты, "Facebook" жана "YouTube" социалдык тармактары ачылбай калды. Тажик телекоммуникациялык кызматынын аткаруучу директору Илхом Атоев сайттарга бөгөт коюлганы тууралуу анын кабары жок экенин билдирди. Айрым эксперттердин айтымында, буга бозгунда жүргөн тажик оппозициясынын лидери Мухиддин Кабиринин Варшавада ЕККУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн түз көрсөтүлүшү себеп болушу мүмкүн. Өткөн... Читать дальше...



Текебаевдин сотундагы он үч күбө

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда жаңы 13 күбө дайындалып, кезектеги отурумда көбү суралды.

Кумтөрдө геологиялык чалгындоого келерки жылы 20 миллион доллар бөлүнөт

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө келерки жылга 20 млн доллар жумшоо пландалууда. Бул тууралуу 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кенди иштеткен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын президенти Скотт Перри билдирди. Жолугушууда айтылгандай, былтыр компания геологиялык чалгындоо боюнча эки жылдык иш башталганын жарыялаган. 2018-жылы 6,5 млн доллар бөлүнгөн, быйылкы жылы жалпысынан дагы 24 млн жумшоо каралууда. 2020-жылы 20 млн доллар жумшалат. Читать дальше...

Сөгүнчөөк аким кечирим сурады

Azattyk.org 

Кытай Элдик Республикасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы майрамдалып, Бээжин аскердик кубатын көрсөттү. Индонезияда никеге чейинки жыныстык катнашка тыюу салчу мыйзамга каршы толкундоолор уланып, полиция менен демонстранттар кагылышты. Жоолук салынып, сакал коюуга каршы чыккан Фергана облусунун акими Сенаттан «катуу эскертүү» алып, элинен кечирим сурады. Германияда велосипедчендердин найза эрөөлү өттү.

Гонконгдо демонстранттарга ок атылды

Azattyk.org 

Гонконгдо Кытай бийлигине каршы чыккан нааразылык акциясы учурунда бир адамдын төшүнө ок тийди. Муну жергиликтүү полиция ырастады жана ок өзүн-өзү коргоо максатында атылганын билдирди. Мунун алдында күч органдары эскертүү иретинде асманга ок атканын билдирген.  Дарыгерлердин маалыматына караганда, Гонконгдо 1-октябрда өткөн нааразылык акциясынын учурунда кеминде 15 адам жаракат алды, алардын ичинен ок тийген адамдын абалы оор бойдон калууда. Кытай Эл Республикасы негизделгенинин 70 жылдык мааракесин... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолунда кара май ташыган машине жеңил унаа менен сүзүштү

Azattyk.org 

Токтогул районунда жеңил машине оор жүк ташуучу автоунааны сүзгөн кырсык катталды.  Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инпектору Айбек Сатыбалдиевдин маалыматына караганда, окуя 1-октябрда эртең менен Ош-Бишкек автожолунун 325-чакырымында, Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тушунда болгон. Күйүүчү май ташыган машине Оштон Бишкекти көздөй баратканда күтүүсүздөн алдынан мал чыга калып, автоунаасын чукул токтотууга мажбур болгон. Күү менен келаткан жүк ташуучу автоунаанын артындагы чиркемеси үзүлүп... Читать дальше...

Күбөнүн баары Текебаев менен Чотоновду актаган көрсөтмө берүүдө

Azattyk.org 

Мурдагы элчи жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылдын 13-майында Бишкекте эмес, Ошто болгон, андыктан ага коюлган айыптар негизсиз. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Чотонов менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча отурумда айтылды.  Күбө катары көрсөтмө берген он чакты адам ошол күнү өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган Чотонов Ми-8 тик учагы менен Ошко учуп барганын, бир катар жолугушууларды өткөргөнүн айтып беришти. Ички иштер министринин... Читать дальше...

Иранда Хасан Роуханинин бир тууганы беш жылга соттолду

Azattyk.org 

Иранда сот президент Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдунду беш жылга эркинен ажыратты. Ал быйыл май айында коррупцияга байланыштуу камакка алынган. Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейн Эсмаили Ферейдунга дагы башка айыптар коюлушу ыктымал экенин билдирди, бирок анын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.  Хусеин Ферейдун 2017-жылы өлкө президенти жана бир тууган агасы Хасан Роуханинин башкы кеңешчиси болуп турган учурунда «финансылык кылмыштарга аралашкан» деген айып менен камакка алынып, бирок көп өтпөй күрөө төлөп бошотулган. Читать дальше...

Аба ырайы: 2-октябрга карата маалымат

Azattyk.org 

2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18, Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6... Читать дальше...

Казакстанда террорчулук боюнча соттолгондор ачкачылык жарыялашты

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында «терроризмди жайылткан, кастыкты козуткан» деген айып менен өткөн айда камалган сегиз адам дүйшөмбүдөн тартып ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу алардын жакындары айтып чыгышты.  Абактагылар сот чечимин мыйзамсыз деп эсептешет. Алар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, экс-президент Нурсултан Назарбаевге кайрылып, маселени акыйкат териштирүүнү өтүнүшкөн. Эгер бийлик чара көрбөсө абактагылардын туугандары да 10 күндөн кийин ачкачылык акциясына кошуларын айтып жатышат. Читать дальше...

Тажик журналисттерин жүдөткөн кысым

Azattyk.org 

Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ассоциациясы жакында жыйырма жылдыгын белгиледи. Мааракеге арналган иш-чара Дүйшөмбү шаарында өттү.

Дүйшөбаев: Президент менен такташып алдык

Azattyk.org 

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант Кеңешбек Дүйшөбаев жакында президенттин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушууда коомдук-саясий абал талкууга алынып, өлкөнүн өнүгүү багыты жана 2010-жылдагы ыңкылаптын максаттарын ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу жүргөнүн айтты. Ошондой эле ал укук коргоо органдарын реформалоо, атайын кызматтын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу сыяктуу маселелер учурда күн тартибинде турганын билдирди. Мындан сырткары Кеңешбек Дүйшөбаев... Читать дальше...

Индонезияда никеге чейинки жыныстык катнашты тыйган мыйзам долбоору каралат

Azattyk.org 

Индонезияда 1-октябрда парламенттин жаңы курамы ант берип, ишке киришти. Өлкөдө ушул тушта Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талаш-тартыш менен нааразылыкка кабылды. Мурдагы чакырылыштын депутаттары дүйшөмбүдө бул документти карап, кийинкиге жылдырган.  Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса никеге чейин жыныстык катнашка барууга, бойдон алдырууга, ошондой эле президентти, мамлекеттик символдорду жана динди мазактоого тыюу салынмакчы. Буга каршы миңдеген адам, негизинен студенттер көчөгө чыгып... Читать дальше...

Сакал коюуга каршы чыккан Фергананын акими «катуу эскертүү» алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сенаты Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевге «катуу эскертүү» берди. Мунун алдында Ганиев жыйын өткөрүп, кызматкерлеринен сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы өнөктүк баштоону, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккандан кийин Сенаттын этика боюнча комиссиясы Ганиевди чакырып алып, окуяны териштирген. Фергананын акими анда «аша чапканын» мойнуна алып, кечирим сураган.  «Азаттыктын» өзбек кызматынын колуна тийген аудио жазууда Шухрат Ганиев жыйында... Читать дальше...

Сабалган мигранттар, кордолгон кумса

Azattyk.org 

Москвада полиция кызматкери мас абалында Борбор Азиядан барган мигранттарды сабап, акча талап кылган. Казакстанда кордук көргөн кумса коомчулукка ачык кайрылды. Буга чейин Ташкентте кумса экенин ачык айткан жигитти өлтүрүп кетишкен.

ЕАЭБ: Интеграцияга багытталган документтер кабыл алынды

Azattyk.org 

Армениянын борбору Ереванда Евразия экономикалык комиссиясына мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин кезектеги жыйынында 17 маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ташып келүүдөн алынуучу бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери жыйындын негизги темасы болду. Кыргызстан менен Казакстандын сунушу боюнча 2025-жылга чейинки интеграцияны жакшыртуунун стратегиялык багыттарын аныктаган документ иштелип чыкмай болду. Ички рыноктогу тоскоолдуктар тууралуу сөз болуп, жалпысынан 56 тоскоолдук бар экени... Читать дальше...

Нарын шаарынын жаңы мэри шайланды

Azattyk.org 

1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп Нурбек Молдокадыров шайланды. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 25и аны колдоп добуш берди. Молдокадыровдун атаандашы Стал Муканбетовду үч депутат колдоду. Калган үч эл өкүлү баарына каршы болушту. Молдокадыров буга чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеген.  Ага чейин Нарын шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматын аркалаган. Мурдагы мэр Эмилбек Алымкулов быйыл 6-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.  (MiK)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *