Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2019

Новости за 12.10.2019

Чоор сыйкыры же уламыштын жанданышы

Azattyk.org 

Асанбай маданий борборунда “уламыштарды жандандыруу, усталар жана аспаптар аталышындагы кыска метраждуу даректүү тасмалардын көргөзмөсү болуп өттү. Самаалыктын негизги максаты унутта калган улуттук музыкалык аспаптардын жаралуу тарыхын, биз билбеген түрлөрүн жана аларды жасаган усталарды тасма аркылуу таанытуу.

Чынарбек Изабеков күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков ушул күндөрү  Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Изабеков 12-октябрда 46 жаштан 50 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (C категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашып, үч беттеш өткөрүп финалга чыкты.  Алгачкы беттешинде Чынарбек Изабеков Куаныш Мырзаны, чейрек финалда Түштүк Африкадан келген Пиетер Фредерикти... Читать дальше...

Журналисттер устатты эскеришти

Azattyk.org 

Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өттү. 12 команда катышкан мелдеште ЭлТР телеканалынын журналисттеринен түзүлгөн команда жеңүүчү болду. Команда финалдык оюнда "Кабар" агенттигин 4:2 эсебинде жеңип алды.

Помпео: Украинага берген жардамыбыз максаттуу колдонулганын көргүбүз келет

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Украинага берген жардамы максаттуу колдонулуп жатканын көргүсү келет. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. - Биз администрацияга келгени башынан эле Украина боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатабыз. Бизге чейинки администрация тушунда, билесиздер, Орусия Крымды басып алып, Украинанын түштүк-чыгышына кирип барган. Мунун баарын ошол кездеги президент Обама көргөн. Биз украиналыктарга коргонуу системаларын бердик, өлкөсүн... Читать дальше...

Күчтүү кыздарды эч ким токтото албайт

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу күчтүү кыздарды топтоп, кыздар күнү тууралуу кеп курдук. Улуттар уюму тарабынан кабыл алынып, жети жылдан бери белгиленип келе жаткан секелек кыздардын күнү быйыл “Күчтүү кыздарды эч ким токтото албайт” деген ураандын астында белгиленип жатат.

Юридикалык жактарды электрондук каттоодон өткөрүү долбоору иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон электрондук формада өткөрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, долбоор алкагында Юстиция министрлигинде бүгүнкү күнгө карата жоопкерчилиги чектелген эки коом онлайн режимде каттоодон өттү. Кийинки этапта ушундай эле ыкма менен юридикалык жактарды, филиалдарды онлайн каттоо, кайра каттоо, иши токтотулганын каттоо жүргүзүлө баштайт. Бардык маалымат базасы мекеме аралык «Түндүк» электрондук системасына кошулду. Читать дальше...

Акыйкатчы институтунун укугун кеңейтүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Жогорку Кеңеште Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Эгер сунуш колдоо тапса, акыйкатчынын орун басарларына жана анын аппаратынын кызматкерлерине жабык жайларга тоскоолдуксуз жана атайын уруксатсыз кирүү укугу берилет. Мыйзам долбоорунун автору, депутат Дастан Бекешовдун пикиринде, бул акыйкатчынын жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Читать дальше...



Пентагон коргонуу үчүн Түркияга жооп кайтаруу укугуна ээ экенин эскертти

Azattyk.org 

Сириянын түндүгүндө АКШ аскерлери жайгашкан аймак Түркиянын артиллериялык аткылоосуна кабылды. Бул маалыматты Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги тастыктап, жабыркагандар жок экенин билдирди. Бирок Пентагондун бул тууралуу билдирүүсүндө окуя америкалык аскерлердин түрк армиясынын чабуулуна кабылуу коркунучунун далили экени айтылат. Пентагондун өкүлү түрк тарапта Кобани шаарына жакын жерде америкалыктардын көзөмөл бекети жайгашканы тууралуу маалымат болгонун, ошого карабастан аткылоого алганын айтты. Читать дальше...

Эркиндиктен качкандар өлкөсүн артка тартат

Azattyk.org 

Кыргыз коомунда эркиндиктен качкандар көбөйүп баратат. Бул нерсе өлкөбүздүн келечеги жана коомдогу башка жарандардын эркиндиги үчүн өтө кооптуу. Макалада эркиндиктен качуу маселеси тууралуу сөз болмокчу.

NYT: Трамптын жеке адвокатына каршы иликтөө башталды

Azattyk.org 

АКШда президент Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианиге карата иликтөө башталды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты. Гезиттин маалыматына караганда, Жулиани лоббизм жөнүндөгү мыйзамды бузду деп шек саналууда. Иликтөө анын жардамчылары – мурдагы советтик өлкөлөрдөн барып отурукташып калган бизнесмендер, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин бузууга айыпталган Лев Парнас менен Игорь Фруманга каршы ачылган ишке байланыштуу. Федералдык прокурорлор Жулианинин АКШнын Украинадагы... Читать дальше...

Султан Жумагуловдун элесине арналган мелдеште ЭлТР жеңүүчү болду (видео)

Azattyk.org 

ЭлТР телеканалынын журналисттеринен түзүлгөн команда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турниринин жеңүүчүсү болду. Команда финалдык оюнда "Кабар" агенттигин 4:2 эсебинде жеңип алды. Үчүнчү орунду "Жалбырак ТВ" ээледи.  Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда уюшулган турнир 12-октябрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында өтүп, ага Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жана НТС... Читать дальше...

13-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

13-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25; Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 18…23; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус болот. Читать дальше...

Эрктүү аялдар коомду өзгөртөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Аялдар өзгөрүү алып келет" аттуу өнөктүк башталды. Гендердик теңчиликке жетүү максатын көздөгөн өнөктүк 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин уланат. Анын алкагында лидер аялдар тажрыйбасы менен бөлүшүп, саясатка аралашуунун күңгөй-тескейин, маанисин башкаларга түшүндүрүшөт. Лидер аял деген ким, ал кандай сапаттарга ээ болушу керек? Чоң саясатка аралашуу же жетектөөчү орундарга келүүдө кандай тоскоолдуктар күтүп турат жана кандай жолду басып өтүү керек? "Аялзат" берүүсүндө биз ушул суроолорго жооп издейбиз.

"Шинжаңдагы уулумдан дайын жок"

Azattyk.org 

Казакстанда Кытайдан келген бир нече кайрылмандар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып чыгышты. Алар көптөн бери туугандары кабарсыз болуп жатканына кабатыр.

Айдоочуну сабады деп шек саналган адам аныкталды

Azattyk.org 

Бишкекте маршруттук кичи автобустун айдоочусун сабады деп шектелген адам аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 10-октябрда күндүз жол кыймылы учурунда «Тойота» айдап бараткан адам машинесинен чыгып барып, кичи автобустун айдоочусун сабап, качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Токмоктолгон айдоочу ошол эле күнү милицияга арыз жазып, “Тойотанын” айдоочусу андан жол талашканын айтып берген. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып... Читать дальше...

Сапатсыз бензин ден соолукту талкалап жатат

Azattyk.org 

Экологдор Кыргызстанга сырттан ташылган күйүчү майдын сапатына кабатыр. Мунун кесепети элдин ден соолугуна олуттуу таасир этип, калктын саламаттыгы начарлап жатканын айтышууда.

Москвада психотроптук зат үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда психотроптук зат менен кармалып, тергөөдөн качып жүргөн жаран Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 27 жаштагы кыргызстандыкка мамлекет аралык издөө 2018-жылы жарыяланган.   2016-жылы “Баңги” деген рейд учурунда андан жашыл түстөгү майдаланган зат табылган. Экспертиза бул зат психотроптук экенин жана  NBA(N)-CHM деп аталарын аныктаган. Алгач Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен аныкталган... Читать дальше...

Тайфундан улам Токионун башкы аэропорту ишин убактылуу токтотту

Azattyk.org 

Жапониянын борбору Токионун “Ханэда” эл аралык аэропорту "Хагибис" тайфунуна байланыштуу толугу бойдон ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлиги кабарлады. Тайфун шаарга жакындап калгандыктан ички да тышкы да каттамдар токтоду. "Хагибис" тайфунун жергиликтүү метеорологдор 1958-жылы 1200гө жакын адамдын өмүрүн кыйган "Ида" менен салыштырып жатышат. Ошондуктан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жашаган 10 млн адам эвакуацияланды. Токионун өзүндө дүкөн... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак» көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 11-октябрда болгон. 34 жаштагы кыргыз жараны мамлекеттик чек арадан өтүп жатыпӨзбекстандын башка адамга жазылган чет өлкөлүк паспортун көрсөткөн. Ал документ жарым-жартылай жасалма экени аныкталды. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам Кыргызстандын Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Султан Жумагуловдун элесине арналган футбол турнири өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтүп жатат. Мелдешке Жогорку Кеңештин жана НТС, ЭлТР, "Маданият", КТРК, "Кыргыз радиосу", "Жалбырак ТВ", Би Би Си, "Азаттык", "Бешинчи канал", "Кабар", "Пирамида" каналдарынын командалары катышууда. "Азаттык" радиосунун өкүлдөрү  НТС, "Маданият" жана КТРК менен бир топко бөлүндү. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *