Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2019

Новости за 11.10.2019

Укук коргоого аттанган Упанай

Azattyk.org 

Баткен мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Упанай Жаныбек кызы укуктук жаатта адис болуу, кыз-келиндер менен балдарын укугун коргоо ниетин ишкеа шырууга жасаган аракеттери көп тоскоолдуктар менен коштолгон. Кыйынчылыктарга карабай жогорку билим алуусуна каршы чыккан жакындарын ынандырып, жайкы эс алуу учурунда калктын жардамга муктаж катмарына акысыз юридикалык кеңеш берүү менен алектенүүгө да жетишип жаткан илбериңки кыз.

Мелис Турганбаев дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев ушул күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Турганбаев бүгүн, 11-октябрда 56 жаштан 60 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (Е категориясы) 78 килограмм салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Алгач ирандык Гасем Мохаммадды, андан соң украиналык Сослан Адыхаевди жеңди жарым финалда казакстандык... Читать дальше...

Кызын сыйлаган элдин келечеги жарык

Azattyk.org 

Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.

Пентагон Сириядагы операцияга байланыштуу Түркияга эскертүү берди

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлиги Сириянын аймагында операция жүргүзүп жаткан Анкарага кысымды күчөттү. 11-октябрда Пентагондун башчысы Марк Эспер түрк коргоо министри Халуси Акарга жортуул “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштөгү жетишкендиктерге залакасын тийгизиши мүмкүн деп эскертти. Түрк аскерлери Сириянын ичкери аймагына жылган сайын күрд жайкын тургундары жер которуп, качкындардын саны көбөйдү. Британияда жайгашкан Сирия Обсерваториясы уюму Тел Абияд шаарында жана анын айланасында аба... Читать дальше...

Окуучуну кыйнаган жол азабы

Azattyk.org 

3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болду. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, автобустун айдоочусу камакка алынды. Бул окуя окуучулардын транспорттогу коопсуздук көйгөйүн күн тартибине алып чыкты. “Азаттык+” бул жолу ушул маселени талдап, чечүү жолдорун издейт.

Келечекти ойлогон эл кызын кордобойт

Azattyk.org 

Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.

Манчестерде беш киши бычак жеп жарадар болду

Azattyk.org 

Британиянын Манчестер шаарында белгисиз адам соода борборунда бычак менен кол салганда беш киши жараат алды. Полиция ал киши кармалганын билдирди. Анын аты-жөнү жана кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Кылмышты терроримзге каршы күрөшүү бөлүмү иликтеп жатат. Соода борборундагы адамдар эвкуацияланды. 2017-жылы Манчестерде концерт маалында болгон теракт 22 кишинин өмүрүн кыйган.

Ачык космоско биринчи болуп чыккан космонавт Леонов көз жумду

Azattyk.org 

Тарыхта ачык космоско биринчи болуп чыккан Алексей Леонов 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 1965-жылдын март айында «Восход» кемесинен чыгып, 2 мүнөт 9 секунда ачык космосто болгон. 1975-жылдын июль айында советтик жана америкалык «Союз-Аполлон» экспедициясына катышкан. СССРдин эки жолку баатыры Леонов сүрөтчү катары да таанылган. Акыркы жылдары космонавттын ооруп жүргөнү кабарланган. Леоновдун сөөгү 15-октябрда Мытищидеги федералдык аскердик көрүстөнгө коюлат.



Иран мунай танкери "чабуулга" туш болгонун билдирди

Azattyk.org 

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө караштуу танкер Кызыл деңизде чабуулга туш болуп жабыркаганын билдирди. "Чабуулдун артында тургандар бул кооптуу окуянын кесепеттери, анын ичинде айлана-чөйрөнүн булганышы үчүн жооптуу”, - деди министрликтин басма сөз катчысы Аббас Мусави 11-октябрда. Анын айтымында, жарым саатта кемеге эки сокку урулган окуя иликтенип жатат. Жарылуулар тууралуу кабарды көз карандысыз булактар ырастай элек. Буга чейин Ирандын Улуттук мунай компаниясы 1 миллион баррель... Читать дальше...

Батукаевдин иши: таасирдүү күбөлөр

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча баштапкы соттук отурум башталды. Мурдагы президент баш болгон 15ке жакын жетекчилер күбө катары өтүп жаткан сотко "абактагы Алмазбек Атамбаев келбей койгону үчүн" иш 14-октябрга жылдырылды. Бул иште тергөө менен кызматташкан бир катар мурдагы аткаминерлер айыпталуучудан башка макамга өткөрүлгөнү белгилүү болду

Кызыл деңизге кара май төгүлдү

Azattyk.org 

Өзбекстан Ирактан 64 баланы мекенине алып келди. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ирандын мунай ташыган танкерине ракета тийип, андагы кара май Кызыл деңизге төгүлдү.

Аба ырайы: 12-октябрга карата маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 12-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында күн сууктап, жамгыр карга айланышы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Читать дальше...

Түркиянын аскердик операциясынан кийин ондогон киши өлдү

Azattyk.org 

Түрк армиясы басып кирген Сириянын түндүгүндөгү аймактарда өлгөндөрдүн саны өсүүдө, миңдеген күрддөр үйлөрүн таштап, жер которууда. Гуманитардык уюмдар качкындардын саны жүз миңдеген кишиге жетиши мүмкүн деп эскертишүүдө. "Сирия обсерваториясы" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 11-октябрда түрк аскерлери Рас аль-Айн жана Тел-Абияд шаарчаларынын айланасындагы 7 айылды басып алышты. Британияда жайгашкан уюм операция башталган 9-октябрдан бери аз дегенде 10 карапайым киши жана күрддөр баштаган... Читать дальше...

Түркиянын дарегине доомат күчөдү

Azattyk.org 

Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын чабуулунан кийин ондогон адам өлүп, дагы жүз миңдеген киши жан айласын ойлоп там-ташын таштай качты.

Быйыл республикалык бюджеттен 315 чакырым жол салынып же оңдолду

Azattyk.org 

150 чакырым узундуктагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативалуу жолунун биринчи фазасы боюнча иш 75%, экинчи фазасы 99 чакырым аралык 79% аяктады. Долбоордун экинчи фазасы - 140 чакырым 2022-жылы бүтөт. Жергиликтүү маанидеги ички райондук жолдордун 134 чакырымында курулуш жана калыбына келтирүү иштери соңуна чыкты. Буга республикалык бюджеттен 600 млн. сом бөлүнгөн. Быйыл жалпысынан республикалык бюджеттен 315 км жол салынып жана оңдолду. Өткөн жылга караганда бул 114 чакырымга көп. Бул... Читать дальше...

Алматыда Кытай таануучу илимпоз мамлекеттик чыккынчылык үчүн кесилди

Azattyk.org 

Алматы шаарынын соту Кытай таануучу, илимпоз Константин Сыроежкинди мамлекеттик чыккынчылык үчүн 10 жылга түрмөгө кести. Бул тууралуу бейшембиде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка ылайык, өкүм 7-октябрда чыккан. Комитет билдиргендей, Казакстандын жараны, 63 жаштагы Сыроежкин быйыл февраль айында мамлекеттик купуя маалыматтардын ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу иштин алкагында кармалган. Окумуштуунун кармалганы тууралуу маалымат каражаттары биринчи жолу май айында жазып чыгышкан. Читать дальше...

CPJ Ташкентти блогерди бошотууга үндөдү

Azattyk.org 

Эл аралык «Журналисттерди коргоо уюму» өзбекстандык блогер Нафосат Оллошукурованы бошотууга чакырууда. Ал арада жергиликтүү активисттер блогерди бошотуу тууралуу талабын социалдык тармактарда жайылтышты.

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Казак» кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турган, «Казак» аттуу каймана аты бар М.У. аттуу жаранды (мурдагы аты К.Э.) кармады. Шаардык милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, ал 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда Ош шаарынын тургуну менен чырдаша кетип, миздүү нерсе менен желкеге жана оң каруусуна сайып, качып кеткен. Читать дальше...

Эфиопиянын премьери Тынчтык сыйлыгына татыды

Azattyk.org 

Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы 20 жылдан ашкан куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды.

Футбол: оюн талаасына чуркап чыккан кишинин окуясы териштириле башталды

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын беттеши учурунда оюн талаасына чуркап чыккан күйөрмандын окуясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков футбол учурунда чуркап чыккан адамдын тек-жайы аныкталганын кабарлады. - Бул окуя Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» беренеси менен катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Читать дальше...

Лукашенко КМШны Украинадагы «жаңы бийликти колдоого» үндөдү

Azattyk.org 

Беларус президенти Александр Лукашенко Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлерин «Украинадагы жаңы бийликти» колдоого чакырды. Ал бул тууралуу Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өтүп жаткан КМШ кеңешинин жыйынында билдирди. Лукашенконун айтымында, «бийликти төңкөрүү, кулатуу» тенденциясы пайда болду. «Бирок андан кийин Украинанын башына ким келерин түшүнүшүбүз керек», - деген Лукашенконун сөздөрүн БелТА агенттиги келтирген. Президент «украин бийлигин төңкөрүүнү ким көздөп жатканын» белгилеген жок. Читать дальше...

Ооганстан Пешавардагы консулдугун жапканын билдирди

Azattyk.org 

Ооганстан Пешавардагы консулдугун жапканын билдирди. Бул чечим Пакистан полициясынын ооган базарындагы рейдине нааразылык иретинде кабыл алынды. Ооганстандын Исламабаддагы элчилиги Хайбер Пахтунхванын борбор шаарында болгон түнкү рейдди айыптады жана аймактык бийликти талаштуу маселеде бир тараптуу чечим кабыл алгандыгы үчүн сындады. «Ооганстандын желеги имараттан алынып салды», мындай жорук «дипломатиялык нормаларга сыйбайт», - деп белгиледи элчилик. Кабул Пешавардагы консулдугуна жанаша орун... Читать дальше...

Нобел тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьери Ахмедге ыйгарылды

Azattyk.org 

Нобел тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка коңшу Эритрея менен 20 жылдан берки куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды. Сыйлыктын быйылкы лауреатын Ослодогу Нобел институту жарыялады. Комитеттин төрайымы Берит Райс-Андерсен Абий Ахмед көп жылдардан бери касташып келе жаткан Эфиопия менен Эритреянын ортосунда тынчтык орнотууга салым кошкону үчүн берилгенин айтты.  1998-2000-жылдары Эфиопия менен Эритреянын ортосунда чек ара маселесинен улам куралдуу чатак чыккан. Читать дальше...

Саратовдо аламан топко каршы полиция газ колдонду

Azattyk.org 

Орусиянын Саратов шаарында полиция нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы жаш агызчу газ колдонду. Чогулгандар 9 жашар мектеп окуучусун өлтүргөн деп шек саналган адамды алардын колуна берүүнү талап кылышкан. 11-октябрда Елизавета Киселеванын өлүгү табылган жерде тергөө эксперименти өткөрүлүп жаткан маалда жергиликтүү тургундардын тобу шектүүнү өткөрүп берүүнү талап кылып тартип сакчыларынын машинесине кол салышкан.  Айрым маалыматтарга караганда, шаардын райондук бөлүмдөрү чукул даярдыкка келтирилди. Читать дальше...

ТИМ жарандарды Түркиянын бажы регламентин сактоого чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын бажы жана чек ара пункттарында, түрк аэропортторунда белгиленген көлөмдөн ашкан тамеки жана алкоголь алып өтүүгө аракет кылып кармалган жана камакка алынган кыргыз жарандары көбөйгөнүн маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Түркиянын бажы мыйзамдарына ылайык өлкөгө ченемден ашкан тамеки жана ичимдик алып кирүү кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш болуп саналат. Аларга Түркиянын Жазык кодексинин «Аткезчилик» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *