“Манас” аэропорту жарандардан жардам сурады
“Манас” аэропорту орой мамиле кылып, кардарды колдон талашкан такси айдоочуларына чара көрүү үчүн жүргүнчүлөрдөн жардам сурады. Бул тууралуу маалымат аталган аэропорттун расмий сайтында жарыяланды. Анда аэропорт аймагындагы такси айдагандарга карата даттануу көп экенин, бул маселени чечүүгө жүргүнчүлөр жардам бере алары айтылган. Аэропорт жамааты мыйзам бузган же осол мамиле кылган айдоочулар болсо дароо милицияга кайрылууга чакырган. “Аэропорттун автоунаа токтоочу жайы коомдук болуп саналат. Читать дальше...