Балбан Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, мелдеш ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, 31-октябрга караган түнү болгон финалдык беттеште индиялык Равиндер Равиндер менен күч сынашып, 5-3 эсебинде жеңип алды. Кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында баш-аягы беш беттеш өткөрдү. Читать дальше...