"Жол киреден мурда жүзүңдү көрсөт"
Казакстанда коомдук транспортко адамдын жүзүн аныктай алган видеокамералар орнотула башталды. Мындай заманбап жабдыкты Нур-Cултан шаарынын бийлиги кытайлык "Hikvision" компаниясынан сатып алган.
Казакстанда коомдук транспортко адамдын жүзүн аныктай алган видеокамералар орнотула башталды. Мындай заманбап жабдыкты Нур-Cултан шаарынын бийлиги кытайлык "Hikvision" компаниясынан сатып алган.
АКШнын арачылыгы менен Түркия Сириядагы ок атышууну токтото турууга көнгөнү тууралуу билдирүүлөргө карабай, жума күнү чек арадагы Рас аль-Айн шаары ракеталардан аткыланганы кабарланды.
Өзбекстанда акын жана блоггер Махмуд Ражаб 18-октябрда «коомдук тартипти бузганы» жана «аткезчилик менен алектенгени» үчүн эки жыл, үч айга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Махмуд Ражабга быйыл жазында Түркиядан өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салихтин китептерин алып келгени үчүн кылмыш иши козголгон эле. Журналист күнөөсү жок экенин айтып келет. Жергиликтүү милиция 21-сентябрда журналистти үйүнөн кармап кеткенге аракет кылган. Бирок Ражабдын кошуналары, туугур-уругу каршылык көрсөтүп, аны карматпай коюшкан. Читать дальше...
Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин 29 жаштагы небереси Лондондо шарттуу кесилгенин "Би-би-си" жазды. Ага быйыл июнь айында полицияга кол салган деген айып тагылды. Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилет, ошондой эле ал 140 саат бою коомдук жумуштарга чегерилет жана маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Андан тышкары 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү зарыл. Назарбаев баңгизат чегип алган абалында полициячыларга каршылык көрсөтүп... Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунун чечими менен абактан бошотулган Каттоо кызматынын башкармалыгынын мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин эми Жогорку сот карамай болду.
Тажикстандын Улуттук банкы "террорчулукка катышы бар адамдардын" жаңы тизмесин жарыялады. Анда 2400дөй киши бар. 2018-жылкы тизмеге кошумча дагы 122 киши кирген. Өткөн аптада банктын расмий сайтында жарыяланган тизмеден өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын лидери, бозугундагы саясатчы Мухиддин Кабирини да көрүүгө болот. Ошондой эле анын туугандары, уулдары, орун басары да бар. Аталган партиянын мурдагы маалымат катчысы Махмуджон Файзрахмонов да тизмеге кирген. Андан тышкары оппозициячыл саясатчылар... Читать дальше...
Өлкөнүн түштүк аймагында бир кап ундун наркы 300 сомго кымбаттады. Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү Казакстанда буудайдын түшүмү начар болгону үчүн баа өскөнүн айтышууда. Кыргызстандын материалдык резервдер фондунда элди кыштан чыгарганга жетерлик ун барбы?
Айылдагы жаштар менен шаардагы студенттердин башын бириктирген “Агартуу саякаты” ишин Жумгал районунун Миң-Куш айылынан баштады. Долбоордун эрежеси боюнча, окууда жана билим берүү тармагында ийгиликке жетишкен жаштар айылга барып, ал жердеги окуучулар менен ой бөлүшөт. Ошол эле убакта окуучулар келген конокторго айыл тууралуу айтып беришет.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы аталган тармактагы кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, жарандарды социалдык жактан колдоп, коргоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин эске салды. Ал өзүнүн пикирин өлкө бюджетинин үчтөн бир бөлүгү социалдык тармактарга жумашалары менен негиздеди. “Быйыл социалдык чөйрөгө 10,3 млрд сом бөлүнүүдө. Жакында биз келерки жылдын... Читать дальше...
Бүгүн, 18-октябрда тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу башталды. Оштун шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, мелдеш улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өтүп жатат. Бешинчи жылы катары менен өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан болуп 7 жаштан 70 жашка чейинки 200гө жакын спортчу катышууда. Мелдеш 21-октябрь күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат. Читать дальше...
Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтото турууга макул болду. Петербург метросундагы терактты уюштурууга айыпталган теги кыргызстандык Аброр Азимов баштапкы көрсөтмөсүн мажбурлап жаздырышканын сотто айтты.
Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде жума намазы учурунда болгон кош жардыруу кеминде 30 кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны жүздөн ашты. Жергиликтүү бийлик өкүлү Сохраб Кадеринин айтымында, курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Учурда урандылардын алдынан адамдарды издеп-куткаруу иштери жүрүп жатат. Жардыруудан мечиттин чатыры урап түшкөн. Азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек. Нангархар провинциясында «Талибан» кыймылынын... Читать дальше...
Кытайдан билим алуу үчүн кантип стипендия тапса болот? FLEX жана UGrad деп аталган студенттерди алмашуу программалары. Түркия кандай студенттерге стипендия берет? Кантип Батыштын мыкты окуу жайларынан окуса болот?
2019-жылдын үчүнчү кварталында Кытайдын экономикасынын өсүш ыргагы солгундап, соңку 27 жылдагы эң төмөнкү чекти көрсөттү. Бээжин 18-октябрда жарыялаган статистикага ылайык, быйыл июль айынан сентябрга чейин Кытайдын ички дүң жыйымы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу алты пайызга көбөйгөн. Экинчи кварталда бул көрсөткүч 6,2 пайызды түзүп турган болчу. Адистердин айтымында, Батыштагы индустриялашкан мамлекеттерде мындай өсүш чоң жетишкендик катары мүнөздөлмөк. Бирок Кытайда экономиканын өсүү темпи... Читать дальше...
Испаниянын Каталония аймагында 18-октябрда испан сотуна каршы иш таштоо акциясы уланды. Барселонадагы демонстрацияга түмөндөгөн адамдардын катышуусу күтүлүп жатат. Буга чейин аймактын бир нече шаарларында полиция менен митингчилер кагылышкан. Жапырт каршылык акциялары 14-октябрда Испаниянын Жогорку соту сепаратизмге айыптап жергиликтүү 12 саясатчыга өкүм чыгаргандан соң башталды. Алардын тогузу 9 жылдан 13 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Үч соттолуучуга бийликке баш ийбегени үчүн айып пул да салынды. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасы жыйынтыкталганына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдой турганын билдирди. «Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», - деди мамлекет башчы. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21; Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15; Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5 градус болот. Читать дальше...
Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.
Санкт-Петербургда сотто терракт уюштурууга айыпталып жаткан теги кыргызстандык Аброр Азимов ФСБнын кызматкерлери аны катуу кыйнап, баштапкы көрсөтмөсүн коркутуп, мажбурлап жаздырышканын айтып, өзүнө тагылган айыптардын баарын четке какты. Учурда Петербургдагы Ленинград аймактык аскердик сотунда 2017-жылы болгон метродогу жардыруу боюнча иш каралууда. Кылмышка шектүү катары Абрордон тышкары анын агасы Акрам Азимов менен дагы 9 киши бар. Аброр Азимовдун кармалганы тууралуу ФСБ Петербургдун метросундагы... Читать дальше...
18-октябрда Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-аль-Айн шаарында Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү менен атышууну токтотуу боюнча макулдашууга карабай атышуу уланып жатат. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдирди. Бир күн мурда Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган менен АКШнын вице-президенти Майк Пенс жетишкен макулдашууга ылайык, күрд аскерлери Сириянын Түркия менен чектешкен тилкесинен 30 чакырым ары чыгып кетиши керек эле. Түркия жана ал колдогон сириялык козголоңчу... Читать дальше...
Акыйкатчы Токон Мамытов тиешелүү кызматкерлердин тобу менен чогуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде камалып олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен амандашып, ал-акыбалын сурап чыкты. Муну “Азаттык” радиосу Мамытовдун өзүнөн тактады. Жолукканда Атамбаев ден соолугуна жана ага карата жасалган мамилеге карата эч кандай даттанган эмес. Башка маалыматтарды бере албасын айткан. Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип... Читать дальше...
Азербайжанда полиция 19-октябрда өтчү каршылык акциясын алдын алып активисттерди жапырт кармап жатканын Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши билдирди. Аталган кеңеш ишемби күнү баш калаа Бакунун борборунда митинг өткөрүп, анда шайлоо системасынын реформаланышын, саясий туткундардын бошотулушун жана башка талаптарды коюшмак. Баку мэриясы акцияны өткөрүүгө уруксат берген эмес. Аткаминерлер митингди шаар четиндеги кыштактардын биринде уюштурууну сунушташкан. Бирок ага оппозиция өкүлдөрү макул болушкан жок. Читать дальше...
Пакистан мамлекети Журналисттерди коргоо комитетинин Азия боюнча координатору Стивен Батлерди "кара тизмеге" кошуп, өлкөгө киргизбей койду. Бул тууралуу эл аралык уюмдун аткаруучу директору Жоэл Саймон 18-октябрда билдирди. Батлердин тиешелүү документтери болгонуна карабай аны Лахордогу "Аллама Икбал" эл аралык аэропортунан киргизбей коюшкан. Саймондун билдирүүсүндө "Лахор аэропортунун жетекчилиги Батлердин паспортун тартып алып, аны Дохага, Катарга жөнөтүп жиберишкен" - деп жазылат. Пакистан... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президентинин администрациясы Дональд Трампка караштуу Флорида штатындагы гольф-курорттордун бирин "Чоң жыйырманын" саммиттин өткөрүү үчүн тандап алды. Бул тууралуу 17-октябрда администрация башчысынын милдетин аткаруучу Мик Малвейни Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Ал 2020-жылдын 10-12 июнь күндөрү өтө турган саммит үчүн 12 жайды караштырышып, Майамидеги Trump National Doral гольф-курортун тандашканын айтты. "Биз бул саммитти өткөрүү үчүн эң жакшы жер экенине толук ишеничтебиз. Читать дальше...
Жаңы-Өзөн шаардык соту 17-октябрда жумушсуздар кыймылынын активисти Ержен Елшибаевди беш жылга эркинен ажыратты. Сот аны 2017-жылкы тополоңдо кимдир бирөөнүн ден соолугуна олуттуу залал келтирген деген жүйө менен айыптуу деп тапты. Елшибаев өзү жана анын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, айыптоодо саясий мүдөө бар экенин айтып жатышат. Ал быйыл март айынын соңунда кармалган. Өкүмгө нааразылык билдирген Елшибаевдин ондогон тарапкерлерин полиция аз убакытка кармап кетип, кайра коё бергени маалым болду. Читать дальше...