smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2019

Новости за 09.10.2019

Илмияновдун ишинде жабырлануучунун видеокөрсөтмөсү көрүлдү

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши каралып жатат. Илмияновдун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев соттук отурумда жабырлануучу, «Дизел комплект» ишканасынын жетекчиси Николай Грамовичтин видеожазуу аркылуу берген көрсөтмөсү көрүлгөнүн айтты. Ал өзү сотко келген эмес. АКИpress сайты Грамович көрсөтмөсүндө «Дизел комплект» Бишкекке оор жүк ташуу менен алектенип келгенин, 2017-жылы документ иштеринде маселе чыгып... Читать дальше...

Эквадордун өкмөтү баш калаадан качууга аргасыз болду

Azattyk.org 

Эквадор өкмөтү өлкөдө күндөн күнгө күчөп бараткан баш аламандыктан улам борбор шаар Китодон башка жерге чыгып кетүүгө аргасыз болду. 8-октябрда мунайдын кымбатташына каршы нааразылык акциясына чыккандар парламент имаратына кирип барышты. Анын алдында полиция менен кагылышуудан улам бир жарым миңдей адам кармалды. Бир киши мерт болгону кабарланууда. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан баш калаага шейшембиде 20 миңдей адам топтолгон. Президент Ленин Морено баш аламандыктын башталышы үчүн мурдагы мамлекет... Читать дальше...

Журналисттерди коргоо комитети өзбек бийлигин блогерди бошотууга үндөдү

Azattyk.org 

Журналисттерди коргоо комитети Өзбекстандын жетекчилигин психиатриялык клиникага жайгаштырылган блогерди бошотууга үндөдү. Айрым кабарларга караганда, 30-сентябрда Хорезм облусунун соту Нафосат Оллашукурованы ооруканага жаткыруу жөнүндө чечим чыгарган. Ал арада блогер 10 күндүк административдик жазасын өтөп жаткан. Өзбек бийлиги «бардык журналисттерге маалыматты эркин таратууга жол бериши керек», деди 8-октябрдагы билдирүүдө уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид. Комитеттин маалыматы боюнча Оллашукурова паракорлук... Читать дальше...

Ташиев: «Республика» менен кызматташуудан пайда көргөн жокмун

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги саны жагынан экинчи орунда турган «Республика - Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турган болду. «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна бул кызматташтык майнап бербегенин маалымдады: - Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Читать дальше...

Саруу айылдык кеңешинин төрайымы болуп Айнура Оморова шайланды

Azattyk.org 

Мындай чечим айылдык кеңештин 4-октябрдагы отурумунда кабыл алынды. Төрагалыкка Капарбек Узаков, Канат Иманалиев жана Айнура Оморова ат салышып, айылдык кеңештеги 21 депутаттын 12си Оморовага добуш беришкен. 22-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, айылдык кеңешке 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алууга жетиштүү добуш алды. Алардын ичинен 9у аял депутаттар. Шайлоонун... Читать дальше...

АКШ Шинжаңдагы куугунтукка тиешеси бар жетекчилерге виза берүүнү чектейт

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытай өкмөтүнүн жана Коммунисттик партиясынын Шинжаңдагы куугунтукка тиешеси бар мүчөлөрүнө виза чектөөсүн күчөттү. Жаңы чектөөлөр «уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарды кармоо, ыдык көргөзүү үчүн жооптуу адамдарга жайылат», деп айтылат Мамдептин 8-октябрдагы билдирүүсүндө. Санкциялар алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да колдонулушу мүмкүн. Комшо Штаттар Кытай өкмөтү Шинжаң-Уйгур автономдуу районундагы уйгурларга каршы «өтө репрессивдүү өнөктүк» жүргүзүп жатканын айыптап келатат. Читать дальше...

Караколдо 33 млн. сомго салынган Абдрахманов көчөсү ачылды

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсү капиталдык ремонттон өтүп, расмий ачылды. Жолду ачуу иш-чарасына эл менен бирге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты. - Жолдун курулушу 22-июнда башталган. Курулушчулар ишти мөөнөтүнөн бир жарым ай эрте бүтүрүп, шаардын 150 жылдыгына белек болду. Бардык талаптар сакталып, жол сызымдары чийилип, эки жол чырак орнотулду. Негизинен биз туризмди өнүктүрүүдө биринчи инфратүзүмдү жакшыртышыбыз керек. Быйыл шаардын төрт жеринде жаңы жолдор жасалып жатат... Читать дальше...

Бажы кызматы Райымбек Матраимовдун сүрөтү боюнча комментарий берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов мекеменин жетекчиси Алтынбек Торутаев менен төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чогуу түшкөн сүрөт боюнча комментарий берди. Мүсүрканов сүрөт 2015-жылы Ош шаарында тартылганын, анда Мамлекеттик бажы кызматынын бир кызматкеринин чакыруусу менен мекеменин сүрөттөгү мурдагы жана азыркы кызматкерлери барышканын айтты. - Чогуу иштешкендер менен бир жерге барып чогуу сүрөткө түшсө болот да. Кээ бирөөлөр аны башка максатта жарыялап жатат. Читать дальше...



Орус юристи «акылдуу камераларга» каршы

Azattyk.org 

Орусиялык юрист Алена Попова адамды кебетесинен тааный алган технологиянын Москвада колдонулушуна каршы сотко кайрылды. Ал «акылдуу камералар» сынчыл көз караштагы адамдарды куугунтуктоого көмөкчү болуп жатканын айтууда. Бирок орус бийлиги мындай системанын пайдасы көп экенин баса белгилеп жатат.

Александр Крестинин: күйөрмандарыбызды кубантканга аракет кылабыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстандын футболчулары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарын ийгиликсиз баштаганын, бирок бардыгын өзгөртүүгө убакыт бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрда өткөн басма сөз жыйынында айтты. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянма курама командасы менен беттешет. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо... Читать дальше...

Атамбаевдин баркы, КСДПнын ыркы

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, камакта отурган Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени айтылууда. КСДПнын тарапташтары муну расмий бышыктай элек.

Өзбек мектебинде жоолук үчүн мушташ чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстанда мектеп жетекчисинин орун басары мугалимге «талаптагыдай кийинип кел» деп айтканы үчүн анын жакындарынан таяк жеди. Бул иш учурда прокуратура тарабынан иликтенүүдө.

Жазы-Кечүү айылына кийинки жылы электр жарыгы барат

Azattyk.org 

Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына кийинки жылдын сентябрь айларына чейин электр энергиясын берүү пландалып жатат. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров аталган айылдын тургундары менен жолугушкан учурда белгилүү болду. Жолугушуу учурунда төрага Назаров калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун үч жолун, кичи ГЭС куруу, күндүн кубатынан электр жарыгын алуу жана аба чубалгыларын тартып келүүнү сунуштады. Жергиликтүүлөр менен болгон талкуунун... Читать дальше...

Самаев: мас болуп машине айдагандарга айыпты көбөйтүш керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев мас болуп автоунаа айдагандарга салынчу айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү же айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну сунуштады. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында билдирди. -Айдоочулук күбөлүктөн жок дегенде бир жылга ажыратыш керек. Же болбосо айыпты 50-70 миң сом кылыш керек. Коңшу мамлекетте биздин маалымат боюнча, айып 500 миң теңге экен. Ал 150 миң сом болот. Биз 150 миң сом кылбасак да 50-70 миң сом кылышыбыз керек. Читать дальше...

Депутат Икрамов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Депутат 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Биринчи айлампада Икрамов венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону утуп алган. Жарым финалда ирандык спортчу Азад Алимозаммадпурудан жеңилип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште түркиялык Орхан Тикачты утту. Читать дальше...

«Эйр Манастын» каттамдарынын учуу убактылары жылдырылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-октябрда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдарынын учуу убактылары техникалык себептерден улам жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Өзгөрүүгө туш болуп токтотулган каттамдар: 193-каттам Бишкек-Ош, убактысы - 7:35 194-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 9:50 197-каттам Бишкек-Ош, убактысы 12:00 198-каттам Ош-Бишкек... Читать дальше...

Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакырылды

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бүгүн саат 12:00гө Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакырылды. Бирок Жолдубаева күч кызматкерлери аны суракка эрте эле келе беришин талап кылышканын айтты. -Криминалдык милициянын кызматкерлери «суракка азыр эле барыңыз. Тергөөчү ушундай талап коюп жатат» дешти. Бирок мен силер анда эмне үчүн 12ге чакырасыңар, адвокатым менен сүйлөшөйүн дедим. Адвокатым «12ге чакыргандан кийин ошол убакытка барабыз» деди. Читать дальше...

«Жамийланы» Парижге жеткирген бурулуш

Azattyk.org 

Советтик жана кыргыз адабият тарыхында Чыӊгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгы француз жазуучусу, коммунист, Луи Арагондун аркасы менен дүйнөгө таанылган деген ой-пикир калыптанып калган.

Жаш көрүүчүлөр театрынын юбилейлик сезону ачылат

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-октябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын кезектеги сезонунун ачылышы болот. Бул жолку театралдык сезон юбилейлик. Отузунчу сезон драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» пьесасы боюнча коюлган спектакль менен ачылат. Алгачкы жолу бул чыгарманы режиссёр Алмаз Сарлыкбеков 2004-жылы койгон. Жаш көрүүчүлөр театры 1929-жылы ачылган. 1937-жылы анын сахнасында актриса катары 14 жаш курагында Бакен Кыдыкееванын жылдызы жанган. Кыдыкееванын ысымы театрга 2005-жылы ыйгарылган. Читать дальше...

Кулматов менен Ибраимовдун сотунда күбөлөрдү суракка алуу уланат

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланат. Кулматовдун адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, күбөлөрдү суракка алуу жүрүп жатат.  - Калыс-Ордодогу мектеп боюнча эксперт күбөлөрдү суракка алуу аяктап калды. Биз кошумча төрт күбө чакырууну өтүнгөнбүз, алардын кимиси келери азырынча белгисиз, - деди ал.  Адвокат кошумчалагандай, күбөлөрдүн сурагы аяктагандан кийин сөз соттолуучуларга берилет. Буга чейинки... Читать дальше...

Шинжаңдан кайткан казак келиндин азабы

Azattyk.org 

Казак жаранына турмушка чыккан кытайлык казак келин Гүлзира Могдин 2017-жылы мекени Шинжаңга барганда бийлик өкүлдөрү боюндагы баласын алдыртып, өзүн мажбурлап кургак учук оорусунан дарылашканын айтат.

Алтын кендериндеги абал талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы ири алтын кендери болгон Кумтөр менен Жерүйдүн азыркы абалы, келечеги талкууланган жыйын болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, Таластагы Жерүй кени боюнча адистер бир топ сунуштарды иштеп чыгып, өлкө жетекчилигине жөнөтүшкөн. - Сунуштарыбызды бергенбиз. Бирок алигүнчө жооп жок. Президенттик аппарат «өкмөттө» дейт, өкмөт унчукпайт, - деди ал.  Быйыл август айында кыргыз... Читать дальше...

Экологиялык абалды талкуулаган жыйын өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы экологиялык абал, «жашыл экономикага» өтүү маселелери боюнча жыйын өтөт. Талкууну «Green Energy» коомдук фонду уюштурууда. Иш-чарага парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук активисттер жана адистер чакырылган. Уюштуруучулардын айтымында, сапатсыз бензин жана дизелдик май колдонуунун кесепетинен аба булганып, элдин ден соолугу начарлоодо жана экология бузулууда. Ошондой эле Евразия Экономикалык Биримдиги тууралуу келишимдин алкагында 2014-жылы кабыл... Читать дальше...

Оштогу бала бакчалардын абалы

Azattyk.org 

Эгемендик жылдарында мамлекеттик мекемелердин маани бербеген мамилесинен улам Ош шаарындагы 12 бала бакчанын имараттары жеке менчик колдорго жана башка тармактарга өтүп кеткен. Учурда алардын ичинен төртөө артка кайтарылды.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *