Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2019

Новости за 10.10.2019

«Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну» конференциясы өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 10-октябрда Бишкекте «Саякбай Каралаев жана манасчылардын жаңы мууну» аталышындагы конференция болот. Көркөм сөз зергери, улуу манасчы Каралаевдин туулгандыгынын 125 жылдык урматына уюштурулуп жаткан иш-чара Улуттук илимдер академиясында өтөт. Манасчылардын жаңы муунунун өкүлдөрү өз чыгармачылыгын таптоодо Саякбай Каралаевден алган өрнөгү тууралуу ой-толгоосун ортого салышат. Ар бир манасчы Каралаевдин айтуусундагы «Чоң казат» окуялары тууралуу баяндап, өз вариантындагы кошумча, алымчалары тууралуу кеп козгошот. Читать дальше...

Салык чырын бейтарап арбитражда чечүү сунушу талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн 10-октябрда Бишкекте салык системасындагы талаш-тартыштарды мамлекеттик гана сотто эмес, бейтарап арбитражда да кароо ыктымалдыгын талкуулаган жыйын өтөт. Талкууну Экономика министрлиги, Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сот жана Салык кеңешчилер палатасы бирге уюштурууда.  Кыргызстанда мамлекеттик салыктын алты, жергиликтүү салыктын эки түрү бар. Ишкана-мекемелер алар боюнча отчёт тапшырып турууга милдеттүү. 2018-жылы «Инвестициялар жөнүндө», «Бейтарап соттор жөнүндө»... Читать дальше...

“Зомбулуксуз жашоо” аттуу маалымат кербени башталат

Azattyk.org 

Бүгүн 10-октябрда Кыргызстанда “Зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен маалымат кербени башталууда. 21-октябрга чейин ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндө жети облустун ар биринде уюштурула турган өнөктүктүн максаты – экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу болуп жатат. Маалымат кербенин өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар программасы менен бирге уюштуруп жатат. Өнөктүккө гендердик теңчилик, жаштар саясаты, жалпыга маалымдоо каражаттары багытында алектенген мамлекеттик кызматкерлер... Читать дальше...

Кыргыз өкмөтү АКШ элчилиги менен бирге Бишкекте ири көргөзмө өткөрөт

Azattyk.org 

Бүгүн 10-октябрда Бишкекте “Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО” деген аталышта эл аралык көргөзмө ачылат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) уюштурууда. Мындай багыттагы иш-чара, уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. АКШ, Улуу Британия, Швейцария, Италия, Чехия жана Түштүк Кореядан келген ондогон эл аралык компания өз продукциясын тартуулап, кызматтары жөнүндө маалымат берет. Негизги багыттар – азык-түлүк, маалымат технологиялары... Читать дальше...

НАТО Түркияны Сириядагы операцияларында аша чаап кетпегенге чакырды

Azattyk.org 

НАТО Түркияны Сирияда баштаган аскердик операциясын жүзөгө ашырууда аша чаап кетпегенге чакырды. Бул тууралуу Римде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди: - Түркия Сириянын түндүгүндө көрүп жаткан аракеттеринде аша чаппастан, кылдат болот деп ишенгим келет. Биз өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган жалпы душманыбызга каршы бирге жетишкен ийгиликтерибизди коркунуч алдында калтырбашыбыз керек. Себеби бул террордук топ дале болсо Жакынкы Чыгышта... Читать дальше...

Казакстанда кытайлык жумушчулар менен тутанган чыр иликтенүүдө

Azattyk.org 

Казакстанда жергиликтүү жана кытайлык жумушчулар ортосунда кайрадан чыккан чырдын себептери иликтенүүдө. Алматы облусунун полиция департаментинин маалыматына караганда, Аксу районунда 7-октябрда «Citic Construction» ишканасынын жол куруп жаткан жумушчулары арасында тутанган чырдан улам мушташ чыккан, бир кытай жараны жеңил жаракат алган. Эртеси күнү чыр кайра уланып, дагы төрт кытайлык жаран ооруканага түшкөн. Текшерүү учурунда 33 кытайлык жумушчу Казакстанда мыйзамсыз жүргөнү аныкталган, учурда аларды өлкөдөн чыгаруу аракети көрүлүүдө.

Асел Кодуранова "чектөөсүз" үй камагына алынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечим 10-октябрга караган түнү чыкты. Адвокат Канат Хасановдун айтымында, Кодуранова үй камагына “чектөөсүз” деген аныктама менен чыкты, башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка учурда чектөө болбойт. Депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелип жатат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *