Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2019

Новости за 11.10.2019

Батукаев боюнча соттун алгачкы отуруму өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 11-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум болот. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев «Азаттыкка» билдиргендей, талап боюнча, сот залына соттолуучулардын баарын алып келиши керек. Атамбаевге бул кылмыш ишинин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага... Читать дальше...

Бишкекте BIF 2019 инвестициялык форуму өткөрүлөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте BIF 2019 инвестициялык форуму өтөт. Быйыл төртүнчү жыл өткөрүлүп жаткан форумдун уюштуруучусу - ЖИА бизнес ассоциациясы. Уюмдун маалыматына караганда, буга чейинки үч форумга Кыргызстан боюнча 2500ден ашуун ишкер катышкан. Бул жолу инвесторлорго 700 бизнес-долбоор сунушталганы жатат. Жетишилген инвестициялык келишимдердин жалпы баасы 9,5 миллион долларга жетет. Быйыл BIF форум «The Future is Now»/«Келечек бүгүн» урааны менен өтүп, өз тармагында ийгиликке жетип... Читать дальше...

Наристе үйүндө майып бала баккан үй-бүлөлөргө жардам берүү бөлүмү ачылат

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккан үй-бүлөлөргө жардам берүү бөлүмүнүн ачылышы болот. Иш-чара мурда Наристе үйү деп аталган бул мекеменин 100 жылдыгына арналып жатканын «Азаттыкка» директор Чолпон Арыкбаева билдирди: - Жүз жылдык менен кошо ресурстук борбордун ачылышын чогуу өткөргөнү жатабыз. Балдар күндүз ата-энеси менен келип, процедураларды алып, кечки алтыда үйүнө кетсе болот. Ата-энелери менен да сүйлөшүп, окутуп, үйрөтөбүз. Читать дальше...

Кастык тилинин жайылышынын алдын алуу маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте жаштар арасында кастык тилинин жайылышынын алдын алуу маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Иш-чараны Европа Биримдигинин «Дин жана демократия тууралуу конструктивдүү диалогдор» долбоорунун алкагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурууда. Башкы спикер катары «Медиа Полиси Институту» уюмунун директору, медиа-эксперт Бегайым Усенова чакырылган. Ал кастык тилинин таасири, актуалдуу тенденциялары тууралуу маалымат берет. Дискуссияга билим берүү мекемелеринин... Читать дальше...

Ашхабадда КМШ лидерлеринин саммити өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков бул жыйынга катышуу үчүн Ашхабадга бүгүн учуп кеткенин анын басма сөз кызматы кабарлады. Саммитте кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Стратегиялык экономикалык кызматташуу декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөрү пландалууда. КМШ уюму мурдагы СССР урагандан кийин түзүлгөн. Читать дальше...

11-октябрда «Эйр Манастын» Бишкек-Ош багытындагы үч каттамы токтотулду

Azattyk.org 

«Эйр Манас» авиакомпаниясы бүгүн 11-октябрга Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча белгиленген үч каттамын токтотту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жарандык авиация агенттигинин маалыматына таянып Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы билдирди. Анын айтымында, рейстерди токтотууга «Боинг» учагынын бузулушу себеп болууда. - «Боингди» оңдоого керектүү тетиктер жок болгонуна байланыштуу АКШдан алдырылууда. Тетиктер качан келип, качан оңдолору белгисиз. Бирок Бишкек-Ош... Читать дальше...

Түркия ЕБге: Бизди айыптасаңар 3,6 млн. качкынды силерге коё беребиз

Azattyk.org 

Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы чабуулунан улам миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болуп, ондогон адам каза тапты. Жагдайдан улам АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия менен күрддөрдн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп берүүгө даяр экенин билдирди. Ал ортодо Түркия Европага анын бул операциясын айыптай турган болсо миллиондогон сириялык качкындын агымын токтотпой коёрун эскертти. - Эй, Европа Биримдиги, эсиңе кел! Эгер силер биздин операцияны «бастырып кирүү» деп атай турган болсоңор... Читать дальше...

Казакстан: Баласы митингге чыккан ата-энени жазалоо сунушталды

Azattyk.org 

Казакстанда Сенаттын депутаттары баласын митинг-пикеттерге алып чыккан ата-энелерди 10 суткага камап же көбүрөөк айып пул салууну сунуш кылып жатышат. Айып пулдун өлчөмүн 250 миң теңге же 650 долларга жакын деп аныктоо керек деген ойлор айтылды. «Азаттыктын» казак кызматы жергиликтүү маалымат агенттиктерине таянып жазганына караганда, мындай норма мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы маселелер боюнча мыйзам долбооруна киргизилгени жатат. Азыркы мыйзам боюнча айып пул сунушталып жаткан суммадан эки эсе аз. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *