Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 12.04.2018

Москванын соту "Телеграмды" жабуу маселесин карайт

Azattyk.org 

Орусия борборунун Таганка райондук соту "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу маселесин эртең карашы мүмкүн. Сотко доо арызды мамлекеттик Роскомнадзор мекемеси жолдогон. Мунун алдында "Телеграм" Орусиянын атайын кызматы – ФСБга социалдык түйүндүн колдонуучуларынын даректерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тарткан эле.  "Телеграм" өзү да мындай талапка каршы арыз берип, бирок ал Жогорку сотто четке кагылган. Кремлдин сынчылары, орусиялык оппозициячыл активисттер "Телеграм" өңдүү социалдык медианы өкмөткө каршы демонстрациялар... Читать дальше...

Эсеп палатасы: АРИС мамлекетке 97,9 миң сомдук зыян келтирген

Azattyk.org 

Эсеп палатасы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишиндеги 2015-16-жылдар үчүн натыйжасын текшерди. Анда "Карыз милдеттеринин конверсиясы III – коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыкты азайтуу" деген долбоордо каражаттын натыйжалуу колдонулушу боюнча текшерүү жүрдү. Жыйынтыгында мамлекетке 97,9 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Мунун ичинен 24,5 миң сому аткарылбаган иштер үчүн, 73,4 миң сому долбоордон тышкаркы курулуш иштерине төлөнүп берилген. 2016-жылы бир эле адамдын эки долбоордо иштегенине ылайык... Читать дальше...

ФИФА рейтингинде Кыргызстан 40 тепкичке жогорулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 40 тепкичке жогорулады. Кезектеги рейтинг 12-апрелде федерациянын расмий сайтында жарыяланды. Анда улуттук курама команда 424 упай топтоп 75-орунга жайгашты. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жакшы көрсөткүч. Буга чейинки мыкты көрсөткүч 2016-жылы октябрь айында катталып, 99-орун болгон эле. Бир ай мурда март айында жарыяланган рейтингде Кыргызстан 282 упай менен 115-катардан орун алган. Читать дальше...

Сирия маселеси БУУда кайра козголот

Azattyk.org 

БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сириянын тегерегиндеги кырдаалды караганы жатат. Буга чейин АКШ жана анын союздаштары эгер Сириянын Гута шаарында химиялык чабуул болгону далилденсе, Башар Асаддын күчтөрүнө каршы ракеталык сокку урарын билдиришкен. Ал арада куралдуу соккудан баш тартуу чакырыктары АКШнын өзүнөн да, эл аралык коомчулуктан да айтылууда.

Ошто аялуу аялдар ишкерликти үйрөнүштү

Azattyk.org 

Ошто социалдык жактан аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелүү энелер, майып балдардын энелери "экономикалык өз алдынчалык" боюнча билим алышты. Алар бир жумалык окуунун жыйынтыгында чакан бизнес ачуу планын түзүшкөн. Эми атайын комиссия аялдардын жазган долбоорлорун карап чыгып, тандалып алынгандарын ишке ашырууга каржылык көмөк көрсөтөт. Аялуу аялдарды ишкерликке үйрөтүүчү семинар 12-апрелде жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификат берилди. Бүгүнкү күнгө чейин тренингдин он үч катышуучусу тигүү цехин ачуу... Читать дальше...

Жээнбеков: Кыргызстан парламенттик демократияга өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин лидерлери менен жолугушууда. Кыргызстандын Европа комиссиясындагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Европанын бир катар мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди: - Эң негизгиси, президент "биз парламенттик демократияга өтөбүз" деп айтты. Ушул учур аябай кызыктуу болуп жатат жана басым ушуга коюлууда. Президенттин экономикалык жактан эмес, саясий кызматташууну алдыңкы орунга коюп жатканы буларга жагып жатат.

Помпео Орусияга карата “жумшак саясат” бүткөнүн билдирет

Azattyk.org 

Бул тууралуу америкалык медиа Борбордук чалгын башкармалыгы - ЦРУнун директору, АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Майк Помпеонун Сенат комитетинде сүйлөй турган сөзүнүн текстине шилтеме кылып кабарлоодо. Өз сөзүндө ал “Орусия агрессивдүү аракеттерин улантып жатканын, бул ошол агрессияга карата көп жылдардан берки жумшак саясатка” байланыштуу экенин, “эми бул бүткөнүн” билдирмекчи. АКШнын мамлекеттик катчылыгына талакер ошондой эле президент Дональд Трамптын администрациясы... Читать дальше...

Аба ырайы: 23 градус жылуу болот

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” ишканасы ушул күндөрү өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертти. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. 13-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9... Читать дальше...



Арменияда бийлик партиясы премьерликке мурдагы президентти көрсөтөт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ереванда 11-апрелдин кечинде расмий жарыяланды. Армениянын Республикалык партиясынын өкүлү, парламенттин вице-спикери Эдуард Шармазановдун билдиргенине караганда, партиянын аткаруучу органы премьер-министрликке мурдагы президент Серж Саркисяндын талапкерлигин алып чыгуу маселесинде “биримдигин жана тилектештигин” көргөздү. 2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле. Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес... Читать дальше...

Текебаевдин саламаттыгы кошумча текшерилет

Azattyk.org 

Бул тууралуу Улуттук кардиология борборунун жетекчиси Айнагүл Жумагулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейинки алынган анализдердин жыйынтыгы жана текшерүүлөрдүн корутундусу боюнча 12-апрелде дарыгерлер консилиум өткөрдү:  -Консилиумда берилген маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын дагы кошумча текшерүү зарылчылыгы бар экени аныкталды. Кан тамырлары дагы текшерилүүгө тийиш, мындан тышкары невропатолог көрүшү керек.  Жумагулованын маалыматы боюнча, Өмүрбек Текебаевдин... Читать дальше...

БУУнун баш катчысы Сирия боюнча этият болууга чакырды

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутеррештин билдиргенине караганда, ал Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ болгон мүчөлөрүнүн элчилерине “азыр туңгуюкта турган кооптуу жагдайларга байланыштуу терең тынчыздануусун айткан”. Вето укугу АКШда, Британияда, Францияда, Орусияда жана Кытайда бар.  Гутеррештин айтымында, ал “кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетпеши зарыл экенин баса белгиледи”. Ал арада АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер “Ассошейтед пресс” маалымат агенттиги менен болгон маегинде президент Трампты “Түндүк Кореяга... Читать дальше...

Акимов: "Бийлик Текебаевди чыгарышы мүмкүн"

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы соттолгон саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге каршы козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун, сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну иликтеш үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылып жатат.

Акимов: Бийлик Текебаевди чыгарышы мүмкүн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы соттолгон саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге каршы козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун, сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну иликтеш үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылып жатат.

Израил Иранды эскертти

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иранга "бизди сынабагыла" деп эскертти. Ал Иранды нацисттик Германия менен да салыштырды. Мындай сөздөр Израил нацисттик Германия тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алты миллиондой жөөт кырылган окуяларды эскерген күнү -11-апрелде айтылды. “Мен Ирандын башкаруучуларына "биздин чечкиндүүлүгүбүздү сынабагыла" деп кайрылам. Бул жөн эле курулай сөздөр эмес”,- деди Нетаньяху Иерусалимден сүйлөгөн учурунда. Нетаньяхунун бул билдирүүсүнөн эки күн... Читать дальше...

Лицензияны аукционго коюу демилгесинин авторлугу талашка түштү

Azattyk.org 

Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев кен байлыктарды иштетүүгө уруксат берүүчү лицензияларды аукционго коюу менен мамлекеттик бюджетке каражат түшүрүү демилгесин мурунку чыгарылыштагы депутаттар, анын ичинде өзү көтөргөнүн парламенттин 12-апрелдеги отурумунда билдирди: - Мурунку бийликтердин тушунда 300 сомдон сатылып келген лицензияны аукцион аркылуу баалоо демилгесин, 5-чакырылыштагы депутаттар, анын ичинде Исхак Пирматов менен мен чогуу көтөрүп... Читать дальше...

Жамалдинов: Кен казган ишкана жыл сайын маалымат берип турушу керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Зиядин Жамалдинов Тогуз-Тородогу кырдаал боюнча маселе көтөрүп жатып ушундай пикирин билдирди. Ал айрым чет элдик компаниялар кенди иштетип жатканда коюлган талаптар сакталбай жатканын эскертип, мыйзам боюнча алар жергиликтүү элге жыл сайын маалымат берип турууга милдеттүү экенин билдирди: - Ушундай маалыматтар берилбегени үчүн, Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитети жетиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн Тогуз-Тородогудай окуялар болуп жатат. Читать дальше...

Жээнбеков Алиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Azattyk.org 

Илхам Алиевдин Азербайжандын президенти болуп кайрадан шайланышына байланыштуу Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ага куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Анда Сооронбай Жээнбеков Илхам Алиевдин президенттик шайлоодогу жеңиши Азербайжанды туруктуу жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерине элдин ишеничин көрсөткөнү белгиленет. Президент Жээнбеков куттуктоосунда урмат-сыйга жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан мамилелери мындан ары да чыңдалып, тереңдей берерине ишеничин билдирген. Читать дальше...

Тогуз-Тородогу окуя боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык"), 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 233-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлиги маалымдады. Ага ылайык, козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.  Учурда Тогуз-Тородо кырдаал толугу менен милициянын көзөмөлүндө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймакта кырдаал тынч экенин ал жакта жашагандар өздөрү да билдирип жатышат. Читать дальше...

Адамдын космоско учканына 57 жыл толду

Azattyk.org 

Адамдын космоско учканына 57 жыл толду. Советтик учкуч Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байкоңур космодромунан “Восток-1” космос кемеси менен учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Гагаринге чейин 1960-жылы космоско эң биринчи Белка жана Стрелка аттуу иттер чыгарылган. Алар космосто 25 саат болушкан. Советтик алгачкы космонавттар отрядына Гагарин менен бирге эки жалалабаддык учкуч Марс Рафиков жана Валентин Варламов кирген. Ал эми советтик космонавттар Чүйдө атайын даярдыктан өтсө... Читать дальше...

Кыргызстанда 386 айылда ичүүчү таза суу жок

Azattyk.org 

Бул тууралуу 12-апрелде парламентте АРИСтин өкүлү билдирди. Анын айтымында жаңы мыйзам кабыл алынса, өлкөнүн Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 53 айыл таза суу менен камсыз болот.  Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат. Макулдашуудагы долбоорду ишке ашырууга Кыргызстандын бюджетинен 500 млн. Читать дальше...

Азербайжан: Алиевдин төртүнчү "жеңиши"

Azattyk.org 

Азербайжандагы президенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле Илхам Алиев жеңип чыкты. Бул шайлоону бойкот кылган оппозиция добуш берүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди.

Жамал Сейдакматовага атайын сыйлык берилет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эл артисти Жамал Сейдакматовага атайын сыйлык берилет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, атайын сыйлык "Кыргыз кинематографиясына кошкон салымы үчүн" деп аталат.  "Туңгуч" театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматова Совет доорунан бери кинодо жана театрда ондогон ролдору менен элге таанылган.  "Кыргыз кинематографиясына кошкон салымы үчүн" сыйлыгын буга чейин Геннадий Базаров, Мар Байжиев, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев жана Кадыржан Кыдыралиев алган. Читать дальше...

Базар-Коргондо бала бакчанын имараты айыл өкмөткө кайтарылды

Azattyk.org 

Базар-Коргон прокуратурасынын сунушу менен райондун Абдраимов айылындагы “Росинка” бала бакчасы Кеңеш айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди. Башкы көзөмөл органынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган бала бакча 2004-жылы бак-шагы менен ”Кара-Үңкүрсуукурулуш” акционердик коомуна, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансына өткөрүлгөн. Ошол убактан бери бала бакчанын имаратына балдарга тиешеси жок мамлекеттик мекеме жайгашып, иштеп келген.  Базар-Коргон райондук прокуратурасы 2013-жылы бул келишимди жокко чыгарууну өтүнүп... Читать дальше...

Freedom House: 2017-жылы Кыргызстанда демократия начарлады

Azattyk.org 

Өлкөдөгү демократиянын көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 6,07 упайды түзгөн. Кыргызстан "авторитардык режимдеги" өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Бул тууралуу адам укугун коргоочу Freedom House уюмунун "Өткөөл мезгил өлкөлөрү-2018" деп аталган баяндамасында айтылат. Баяндамада камтылган 29 өлкөнүн ар бирине жети упайлык шкала менен баа берилген. Бир упай алган өлкөлөр адам укугу, демократиялык башкаруу, шайлоо, сөз эркиндиги, жарандык коом жана башка маселелердин абалы мыкты болгон өлкөлөр. Читать дальше...

"Freedom House": 2017-жылы Кыргызстанда демократия начарлады

Azattyk.org 

Өлкөдөгү демократиянын көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ал 6,07 упайды түзгөн. Кыргызстан "авторитардык режимдеги" өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Бул тууралуу адам укуктарын коргоочу "Freedom House" уюмунун "Өткөөл мезгил өлкөлөрү - 2018" деген баяндамасында айтылат. Баяндамада камтылган 29 өлкөнүн ар бирине жети упайлык шкала менен баа берилген. Бир упай алган өлкөлөр - адам укуктары, демократиялык башкаруу, шайлоо, сөз эркиндиги, жарандык коом жана башка маселелер жагынан абалы мыкты болгон өлкөлөр. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *