Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады.
Бүгүн Еревандын борбордук Франция аянтындагы митингден кийин азыркы нааразылык акцияларынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян “өлкөдө революциялык кырдаал түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы" башталганын жарыялап, демонстранттар курчоого алыш үчүн өкмөттүк имараттарды карай жылышты.
Алар учурда Башкы прокуратураны, Борбордук банкты, Кассациялык сотту, өкмөт имаратынын жаңы корпусун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигин, Юстиция министрлигин курчоого алганы кабарланууда. Читать дальше...