Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 19.04.2018

Парламент өкмөттү жериди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алды. Аны 105 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берди. Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт.

Эркебаев: Өкмөт стратегиялык маселелерге көңүл бурбай койду

Azattyk.org 

"Исаков баштаган өкмөт пиар-кадамдарга жакын болуп, чыныгы стратегиялык маселелерге көңүл бурган жок". Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев парламенттин өкмөткө ишеним көргөзбөө чечимине байланыштуу билдирди. - Бул маселени эки өңүттөн караса болот. Биринчиси - мурдагы президент менен учурдагы президенттин ортосундагы мамиленин курчушу. Өкмөт башчы мындай кырдаалда саясий этиканы карманбай, социал-демократтардын курултайына барып, экс-президентти сыртка чыкканда узатып барганы айтылды. Читать дальше...

Жаза аткаруу кызматы: Текебаев башка камерага которулбайт

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери башка камерага которулбайт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал Текебаевге кысым болуп жатат дегендерди төгүнгө чыгарды. - Мурдагыдай эле отурган жеринде дарылануусун улантып жатат. Ал келгенден бери эле ушундай сөздөр айтылып жатат. Ал туура эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевге кысым жасалып жатканын... Читать дальше...

Токтогулда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы жаран изделүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 21 жаштагы А. Табылды уулу изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Баштапкы маалымат боюнча Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 11-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес. 18-апрелде туугандарынын кайрылуусунун негизинде, издөө иштерине ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБден 25 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен алты кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам, жалпысынан 122 адам тартылды. (ErN)

ЖАМК: Текебаев башка камерага которулбайт

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери башка камерага которулбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ​билдирди. Ал "Текебаевге кысым болуп жатат" деген сөздөрдү төгүнгө чыгарды. - Мурдагыдай эле отурган жеринде дарылануусун улантып жатат. Ал келгенден бери эле ушундай сөздөр айтылып жатат. Ал туура эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевге кысым жасалып жатканын... Читать дальше...

Шыкмаматов: Текебаевге кысым болуп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн парламенттин жыйынында абактагы партия лидери Өмүрбек Текебаевге басым болуп жатканын билдирди. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Мойдуновго кайрылып, буга көңул бурууга чакырды. - Эки күндөн бери №47 абакта Өмүрбек Текебаевге кысым жасалып баштаптыр. Муну бүгүн ошону токтоосуз түрдө Жаза аткаруу кызматына эскертсеңер. Башка камерага которобуз, башка адамдарды кошобуз үстүнө деп жатыптыр. Мындай болбойт да. Жаза... Читать дальше...

Укук коргоочу экс-президенттердин кол тийбестигин алууну талап кылды

Azattyk.org 

“Прецедент” юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага экс-президенттердин кол тийбестик укугун алууну талап кылган арыз берди. Бул тууралуу Токтакунов өзү “Азаттык” радиосуна билдирди. Юрист соттон “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамындагы экс-президенттин кол тийбестик иммунитети Баш мыйзамга каршы келет деп таануусун талап кылат. Анын пикиринде, мыйзамга ылайык экс-президент мамлекетти башкарып турган учурда жасаган иштерине да... Читать дальше...

Турсунбеков: Ишеним көрсөтпөө маселесин көпчүлүк коалиция көтөрүшү керек эле

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине пикирин билдирип, бул маселени көпчүлүк коалиция көтөрүшү керек болчу деген оюн айтты. - Негизи коалициялык көпчүлүк жакшыраак иштеши керек эле. Ал өзүнүн өкмөтүн мындайга жеткирбей алдын ала сүйлөшүп, алардын өз ыктыяры менен кетишине мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек болчу. Саясатта чыңалуу болгону үчүн ушундай болуп жатат. Азыр кырдаал оор. Ишеним көрсөтпөөнүн өзү саясий күчтөрдүн... Читать дальше...



Өмүркулов: Исаковдун кетишине саясий тиреш себеп болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Сапар Исаков жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогон себебин “Азаттык” радиосуна түшүндүрдү. Ал ушул окуяга бүгүнкү кырдаал алып келгенин, мындан ары тирешүү токтошу керектигин айтты. -Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин стабилдүүлүгү турат. Мына ушундай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси. Биз парламент президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Читать дальше...

Классташтардын жолугушуусуна каршы чыккан имамга эскертүү берилди

Azattyk.org 

Классташтардын жолугушууларын өткөрүүгө каршы чыккан имам Бахтыяр Шараповго Бишкек шаарынын казысы эскертүү берди. Бул тууралуу казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов "Азаттык" радиосуна билдирди.  18-апрелде YouTube порталында классташтардын 10-20 жылдык жолугушууларын уюштурбоого чакырган диний мүнөздөгү аудио жазуу тараган. Аны Бишкектин Киркомстром конушундагы "Хайл-Хижра" мечитинин имамы Бахтыяр Шарапов сүйлөгөнүн интернет сайттар жазышкан. Муну казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов да бышыктады... Читать дальше...

ЖК өкмөткө ишеним көрсөткөн жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алды. Аны 105 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берди. Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт. Төраганын орун басары Мирлан Бакиров, парламент тарыхый чечим кабыл алганын белгиледи.  Парламенттин жыйынында “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да колдоп... Читать дальше...

ЖК комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдоду

Azattyk.org 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдоду. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Парламенттин бүгүнкү жыйынында “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Бул демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов колдоп, бардык процедуралар аткарылганын айткан. Читать дальше...

Эл аралык террорчулук уюмдун үгүтчүсү кармалды

Azattyk.org 

Контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террордук уюмдардын биринин үгүтчүсү, 36 жаштагы А.Э. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Колго түшкөн адам террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен 2015-жылы Сирияга Кыргызстандын төрт жаранын жөнөткөн. Сириядагы куралдуу чыр-чатактар аймагына рекруттарды жиберүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзүү үчүн акыркы жылдары жакынкы чет өлкөлөрдүн бирине барып, ошол жерде туруктуу жашап жүргөн. Читать дальше...

Парламент өкмөткө ишеним көрсөткөн жок (Видео)

Azattyk.org 

Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле кескин начарлаган учурга туш келди. Мындай жол менен эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ишеним көрсөтпөө жолу менен кетирилген экинчи өкмөт болду.

Өкмөт кызматтан кетти (Видео)

Azattyk.org 

Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле кескин начарлаганы айтылып жаткан учурга туш келди. Бул мындай жол менен эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ишеним көрсөтпөө жолу аркылуу кетирилген экинчи өкмөт болду.

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карайт

Azattyk.org 

Парламенттин бүгүнкү жыйынында “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартбине киргизүүнү сунуш кылды. Бул демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да колдоду. - Конституциянын талаптарына ылайык жалпы депутаттардын санынын үчтөн бири кол койгондо бул күн тартибине чыгыш керек. Тийиштуү колдор топтолгон, процедура сакталды. Ошондуктан бул маселени бүгүн чечсек. Мамлекет, саясат, саясий стабилдүүлук үчүн бул маанилүү маселе. Читать дальше...

БУУ эксперттери Дума шаарына кирүүгө уруксат алуу маселесин талкуулоодо

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму Сириянын Дума шаарында химиялык курал колдонулганы тууралуу маалыматты текшерүү үчүн бул аймакка өз эксперттерин жөнөтүүгө уруксат алуу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу БУУнун расмий өкүлдөрү билдирүүдө. Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Дума шаарына курамында хлор жана зарин газдары бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен. АКШ, Британия жана Франция химиялык чабуул болду деген жерге кирүүгө тоскоолдук... Читать дальше...

Ысык-Көл фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Azattyk.org 

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта фондду башкаруу дирекциясынын 2016-жылдагы иши боюнча аудит жүргүзүлгөнү, акчаны өздөштүрүүдө ачыктык камсыздалбай, жергиликтүү тургундардын пикири эске алынбаганы айтылат. 13 миллиондун ичинен 900 миң сом айлык иретинде мыйзамсыз төлөнүп берилгени, 12 миллиону курулуш иштеринин баасын көбөйтүп көрсөтүүгө кеткени аныкталды. Читать дальше...

Зомбулукту аныктоо ыкмалары кеңейтилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда гендердик зомбулук жана адам сатуу боюнча маалыматтарды чогултуунун жаңы системасы иштей баштады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Маңзат жүгүртүүгө жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы Бишкекте өткөргөн жыйында айтылды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргенине караганда, Улуттук статистика комитети, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Жогорку сот жана кризистик борборлордогу статистикалык формалар кайра каралып чыгып, жаңыртылды. Мындан ары зомбулуктун денени жабыркаткан гана түрү эмес... Читать дальше...

Президент менен премьердин жүрүштөрү

Azattyk.org 

Президенттин сынынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарлыгынан кеткен Болот Сүйүмбаевди өкмөт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка жетекчи кылып дайындады.

Кочкордо мектеп мугалимсиз калуу коркунучуна кептелди

Azattyk.org 

“Кочкордун Семиз-Бел айылдык орто мектеби мугалимсиз калуу коркунучуна кептелди” деп айтып чыгышты кечээ аталган мектептин өкүлдөрү Бишкекте пресс-конференция өткөрүп. Алардын айтымында, былтыртан бери айлык маселеси чечилбей жатканына байланыштуу улам бир мугалим арызын жазып, башка жактарга кетүүдө. Директордун орун басары Атыркүл Осмонованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, 2016-жылы райондук билим берүү башкармалыгы бул айылдын мугалимдеринин айлыкка кошулуучу акчасына тыюу салып койгон... Читать дальше...

Кочкордо мектеп мугалимсиз калышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кочкордун Семиз-Бел айылдык орто мектебинин өкүлдөрү Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, мектеп мугалимсиз калмай болгонун айтып чыгышты. Алардын айтымында, былтыртан бери айлык маселеси чечилбей жатканына байланыштуу улам бир мугалим арызын жазып, башка жактарга кетип жатат.  Директордун орун басары Атыркүл Осмонованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 2016-жылы райондук билим берүү башкармалыгы бул айылдын мугалимдеринин айлыкка кошулуучу акчасына тыюу салып койгон: - Жалпы жамаат арыз жазып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *