Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 01.12.2018

Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү 5-январга чейин узартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.  Исаковдун камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү берген. Муну Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эместиги менен негиздешкен.  Буга чейин Исаковдун мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган. Бишкек ЖЭБин... Читать дальше...

"ВИЧтин айынан Орусияга киргизбей коюшту"

Azattyk.org 

40 жаштагы Гүлбара ВИЧ илдетине чалдыкканын беш жыл мурда билген. Дартынын айынан Орусиядан Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болгон келин жашоосу тууралуу айтып берди.

"ВИЧтин айынан Орусиядан куулдум..."

Azattyk.org 

40 жаштагы Гүлбара ВИЧ илдетине чалдыкканын беш жыл мурда билген. Дартынын айынан Орусиядан Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болгон келин жашоосу тууралуу айтып берди.

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү сунушталды

Azattyk.org 

Кыргыз күрөшү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кириши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 30-ноябрда Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевди кабыл алган учурда айтты. Парламенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө тараптар бул демилгени ишке ашыруу үчүн бүт аракеттерди жумшары айтылат. Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып эл аралык федерация макамына ээ болгон. 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү... Читать дальше...

1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү

Azattyk.org 

Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ-илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Адистер бул сан расмий эмес эсепте эки эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кирет. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган. Читать дальше...

Samara.kg сайты боюнча УКМК иликтөө жүргүзгөн эмес

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чуулгандуу samara.kg сайтына байланыштуу иликтөө жүргүзгөн эмес. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Мамлекеттик каттоо кызматы бул жаатта өзү иликтөө жүргүзүүгө киришкендиктен, УКМК алардын ишин кайталаган жок" , - деп маалымдады.  Ал тапта kloop.kg сайты УКМК samara.kg сайтынын президенттик шайлоодо тымызын колдонулганы боюнча иликтөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы журналисттерге сунушталарын дээрлик бир жылдан бери айтып келгенин жазды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *