Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 03.12.2018

Аскер прокуратурасы колония кызматкеринин өлүмүн иликтөөгө киришти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Чүйдөгү колонияда өзүн атканы айтылган кызматкердин өлүмүн иликтөөгө киришти. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү окуя болгон №16 түзөтүү колониясына барып келгенин жана иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. 21 жаштагы прапорщик 30-ноябрда курал сактоочу кампада өзүнүн табелдик куралы менен атынып өлгөнүн Жаза аткаруу кызматы ырастаган. Маалыматка караганда, маркум өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган. Чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген. Читать дальше...

Аскер прокуратурасы колония кызматкеринин өлүмүн иликтей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Чүйдөгү колонияда өзүн атканы айтылган кызматкердин өлүмүн иликтөөгө киришти. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү окуя болгон №16 түзөтүү колониясына барып келгенин жана иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. 21 жаштагы прапорщик 30-ноябрда курал сактоочу кампада табелдик куралы менен өзүн атып өлгөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ырастаган. Маалыматка караганда, маркум өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган жана чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген. Читать дальше...

Студенттер арасында "Айтматов-фиеста" республикалык фестивалы болот

Azattyk.org 

Иш-чара бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтмөкчү. Окуу жайдын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Аны өткөрүү демилгеси Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Конфуций институтуна таандык. Фестивалга жогорку окуу жайлардын студенттери жана магистранттары катышат. Анда орус, кыргыз, түрк, англис, кытай тилдеринде Айтматовдун чыгармаларынын алкагында таймаш болот. Жеңүүчүлөрдү тогуз адамдан турган калыстар тобу аныктайт. Читать дальше...

"Жунда" заводунун ишин иликтеген жумушчу топ түзүү сунушталууда

Azattyk.org 

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бүгүн, 3-декабрда «Жунда» боюнча жумушчу топ түзүү маселесин талкуулайт. Заводдун ишин иликтөөнү депутаттар Айтмамат Назаров менен Алмазбек Акматов сунуштаган. Алар “Жунда” ишканасы үчүн химиялык заттарды өлкөгө киргизүүдө жана пайдаланууда мыйзамдардын сакталышы жеринен иликтениши керектигин айтып жатышат. Кара-Балта шаарында жайгашкан «Жунда» мунай заводу ноябрдын башында ишин токтотуп, өткөн аптада кайра иштей баштаган. Читать дальше...

«Жунда» заводунун ишин иликтеген жумушчу топ түзүү сунушталууда

Azattyk.org 

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бүгүн, 3-декабрда «Жунда» боюнча жумушчу топ түзүү маселесин талкуулайт. Заводдун ишин иликтөөнү депутаттар Айтмамат Назаров менен Алмазбек Акматов сунуштаган. Алар “Жунда” ишканасы үчүн химиялык заттарды өлкөгө киргизүүдө жана пайдаланууда мыйзамдардын сакталышы жеринен иликтениши керектигин айтып жатышат. Кара-Балта шаарында жайгашкан «Жунда» мунай заводу ноябрдын башында ишин токтотуп, өткөн аптада кайра иштей баштаган. Читать дальше...

Футбол аянтында каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча сот уланат

Azattyk.org 

Он бир жаштагы Алан Айсаевдин өлүмү боюнча иш Бишкектин Ленин райондук сотунда, судья Сыргак Жумадыловдун төрагалыгы алдында каралууда. Өспүрүмдүн энеси Нестан Исабекованын билдиришинче, 28-ноябрда сот жараянды бүгүнкүгө жылдырган. Исабекова футбол аянтында балдардын каза болгон учурлары буга чейин деле кезиккенин, бирок анын баары кокустук катары каралып,сотко биринчи жолу жеткенин айтып жатат. Ал мындай көрүнүшкө жол бербөөгө, күнөөлүүлөрдүн жазаланышына кайдыгер карабоого, өзүн колдоого коомчулукту чакырууда. Читать дальше...

Кыргызстанда майып балдардын жөлөкпулу көбөйдү

Azattyk.org 

Өткөн аптада майыптар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп, анын жыйынтыгы 30-ноябрда чыгарылды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, мелдешке 100дөн ашык киши катышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык интеграциялоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул 33 пайызга көбөйдү. Мурда аларга 3000 сом жөлөкпул берилсе... Читать дальше...

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалы талкууланат

Azattyk.org 

«Jannat Regency» мейманканасында бүгүн, 3-декабрда премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Майыптардын эл аралык күнүнө карата иш-чара болот. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Майыптардын эл аралык күнү жыл сайын 3-декабрда белгиленет. Кыргызстанда бул күндү утурлай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында жер-жерлерде иш-чаралар өткөрүлөт. Ушу тапта майыптар коомчулугу БУУнун Майыптар конвенциясын ратифицикиялоого президент Сооронбай Жээнбековду чакырууда. Читать дальше...

Кытайдагы жакындарын издегендер көбөйүүдө

Azattyk.org 

Шинжаңда тууган-туушкандарынын дайыны чыкпаганын айткан бир нече жаран "Азаттыкка" кайрылды. Буга чейин кытайлык кайрылмандар президенттен жардам сурашкан. Тышкы иштер министрлиги Кытайда кыргыз тектүү жарандар жапырт кармалып жатканы тууралуу маалыматтар такталып жатканын билдирди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *