Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 09.12.2018

Каракол базарындагы өрттүн чыгымдары эсептелүүдө

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында 7-декабрь кечинде чыккан өрттүн чыгымдары эсептелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаев билдирди. Анын айтымында, тилсиз жоодон базардагы беш соода контейнери күйүп кеткен. Анда сатыкка чыкчу кийим-кечектер болгон. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар эсептелип жатат. “Ак-Тилек” базарында быйыл күзүндө да өрт чыгып, бир нече контейнер күйүп кеткен.(AsM)

Нидерланддык саясатчы Еврокомиссиянын төрагалыгына талапкер болду

Azattyk.org 

Европалык социал-демократтар Нидерланддардын мурдагы тышкы иштер министри Франс Тиммермансты Европа комиссиясынын төрагалыгына башкы талапкер деп аныкташты. Мындай чечим 8-декабрда Лиссабондо өткөн Европалык социалисттик партиялар съездинде кабыл алынды. Учурда Еврокомиссиянын вице-президенттигин аркалаган Тиммерманс социалисттер арасынан жалгыз талапкер болду. Буга чейин анын ыктымал атаандашы деген словакиялык саясатчы Марош Шефчович добуш берүүгө чейин эле талапкерлигин алып салган. Мындай... Читать дальше...

Валентина Шевченко UFC'нин чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда төрөлүп өскөн Валентина Шевченко спорттун эрежесиз мушташ (UFC) түрү боюнча чемпион болду. Чемпиондук титул үчүн беттеш Канадада өтүп, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен беттешти. Мелдештин жүрүшүндө беш раундда Шевченко үстөмдүгүн көрсөтүп, жеңүүчү аталды. Бул мелдеш Шевченконун спорттук карьерасында абройлуу спорттун эрежесиз мушташ (UFC) түрү боюнча алгачкы чемпиондук титулу. Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын... Читать дальше...

Жээнбеков: коррупционерлер эл аралап баса албай калгандай болуш керек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрь - Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата атайын билдирүү жасады. Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Кыргызстанда коррупция менен күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп белгиленген. Жээнбеков акыркы бир жылда карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан бир топ иштер жасалганын айткан. Президент бир топ тармактарда адам фактору жоюлганын, бизнеске кийлигишүү... Читать дальше...

Бишкекте Борбор Азиядагы соттордун аймактык конференциясы өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте 17-19-декабрда “Борбор азиялык соттордун диалогу” деп аталган аймактык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дизердин Миландагы жолугушуусунда белгилүү болду. Анда Дизер дал ушул аймактык конференцияга катышуу үчүн Бишкекке келет. Конференцияга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн судьялар катышып, маалымат каражаттары, сөз эркиндиги, Интернеттеги маалымат эркиндиги жаатындагы иштерди кароонун жол-жобосун, тажрыйбаларды талкуулайт. Читать дальше...



Улуттук банк 35 миллион доллар интервенция жасады

Azattyk.org 

Улуттук банк 7-декабрда валюта базарына 35 миллион 150 миң доллар интервенция жасады. Бул жыл башынан бери долларды туруктуу кармоо үчүн эң көп суммадагы интервенция болуп калды. Буга чейин 27-ноябрда негизги валюталык регулятор валюта базарына 24.1 миллион доллар чыгарган эле. Учурда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сомго карата орточо курсу 69 сом 80 тыйынды түзүүдө. Улуттук банк доллардын курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу үчүн маал-маалы менен интервенцияларды кылып турат. Читать дальше...

Кытай Канаданы "Хуавейдин” финансы директорун экстрадиция кылбоого чакырды

Azattyk.org 

Кытай бийлиги Канадага бул өлкөдө кармалган “Хуавей” компаниясынын финансылык директору, кытай жараны Мэн Ванчжоу АКШга өткөрүлүп берилсе терс кесепети болорун эскертти. Ишембиде Канаданын Кытайдагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Ванчжоуго карата куугунтукту токтотуу боюнча нота тапшырылды. “Хуавей” компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы Мэн Ванчжоу 1-декабрда Ванкуверде кармалган. АКШ бийлиги аны "америкалык санкцияларга карабай Иран менен соода жүгүртүүгө аракет кылган" деп айыптап жатат. Читать дальше...

Франция: нааразылык акцияда 1400дөй адам кармалды

Azattyk.org 

Франциядагы ишембидеги “сары кемселчендердин” протесттик акциялары маалында өлкө боюнча 1400гө жакын, ал эми Парижде 970 адам кармалды. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанер билдирди. Анын айтымында, акция маалында 118 демонстрант жана 17 полициячы жараат алган. Министрдин маалыматы боюнча акцияга өлкө боюнча 125 миңден ашык адам катышкан. Ишембидеги акциялар маалында Парижде демонстранттар менен полициянын кагылышы катталган эле. Француз бийлиги өлкөдө жекшемби күнү... Читать дальше...

Орусиялык укук коргоочу Людмила Алексеева дүйнө салды

Azattyk.org 

Орусиялык укук коргоочу, Москвадагы Хелсинки тобунун башчысы Людмила Алексеева 8-декабрда кечинде дүйнө салды. Бул тууралуу Алексеева мүчө болгон Адам укугу боюнча президенттик кеңештин төрагасы Михаил Федотов кабарлады. 92 жаштагы Людмила Алексеева ооруканада дарыланып жаткан. Людмила Алексеева 1927-жылы Крым жарым аралындагы Евпатория деп аталган шаарчада төрөлгөн. Москва университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Советтик маалда эле укук коргоочулук ишмердик менен алектенип, Москвадагы Хелсинки тобунун түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Читать дальше...

Москвадагы "Кыргызстан" соода үйү 117 миллион рублга оңдолот

Azattyk.org 

Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан "Кыргызстан" соода үйү  2019-жылдын сентябрына чейин ишке кирет.   Борборду оңдоо иштерин өкмөттүк тендерден өткөн москвалык «Аграф» компаниясы жүргүзүүдө. Имараттын тышкы жасалгалоо иштерине 50 миллион сом сарпталган. Жалпы оңдоп-түзөө иштерине 117 миллион рубль жумшалат. Бул тууралуу "Кыргыздипсервис" мамлекеттик мекемесинин башчысы Мирлан Арстанбаев билдирди.   "Кыргызстан" соода үйү Тышкы иштер министрлигине караштуу "Кыргыздипсервис"... Читать дальше...

“Кызыл кыргыз тарыхынын” атылган автору

Azattyk.org 

Белек Солтонкелди уулу Солтоноев 40 жылдан ашуун кыргыз тарыхын изилдеп, анын байыркы замандан ХХ кылымдын башына чейинки учурун камтыган ири эмгек жараткан.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *