Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 13.12.2018

Төрөбаев мамлекеттик кызматкерлерди электен өткөрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

13-декабрда парламент жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев коррупция менен күрөшүү боюнча кайрылуу жасап, өлкөдөгү саясий, коомдук абал боюнча пикирин билдирди. Ал өкмөткө, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, чечкиндүү кадамдарга барууну сунуш кылды:  - Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды, уячалардан миллиондогон акча чыкты. Улуттук банктын төрагасы өз насыясын жокко чыгарды. Сотторго иш козголуп, Баткенде прокурорго мамлекеттик кызматкер кол салды. Буларды эл көрүп турат. Читать дальше...

Зилалиевдин банк уячасын ким ачкан?

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео былтыр тартылганы белгилүү болду. Бул боюнча “Оптима Банк” билдирүү таратып, ал тасманы банктын кызматкерлери тартканын жарыялады.

Парламент Бабановдун маселесин талкуулабайт

Azattyk.org 

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуу колдоо таппай, күн тартибине кирген жок. “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров кечээ, 12-декабрда ушундай эле сунуш берип эл өкүлдөрү аны колдогон. Бирок маселени кароого убакыт жетпей калган. Сабиров Бабановдун ишин парламентте талкуулоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айтып жатат. Читать дальше...

Индияда чириген байлар куда болушту

Azattyk.org 

12-декабрда Индиядагы эки миллиардердин балдарынын үйлөнүү тою өттү. Тойго АКШнын мурдагы мамлекеттик катчылары Хиллари Клинтон, Жон Керри баштаган белдүү саясатчылар, таанымал ишкерлер катышты.



Бишкекте пандустардын сапаты талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте майыптардын маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чаранын демилгечиси, активист Аскар Турдугулов билдирди. Жыйындын темасы – “Коомдук жайларда инклюзивдикти камсыз кылуу”. Турдугуловдун айтымында, майып адамдар үчүн пандустар орнотула баштаганы менен алардын көбү ыңгайсыз болууда жана стандарттарга жооп бербейт. Бүгүнкү талкууну өткөрүүгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси жардам берүүдө. Ага шаар башкармалыгынын... Читать дальше...

“Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” жыйыны өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” долбоорунун үчүнчү жыйыны өтөт. Максат – адамдар арасында конфессия аралык макулдукту жана толеранттуулукту бекемдөө чараларын иштеп чыгуу. Долбоорду «International Alert» эл аралык уюму “Ыйман” фонду менен бирге ишке ашырууда. Алгачкы жыйын былтыр декабрда, ал эми экинчиси быйыл май айында өткөн. Бүгүнкү талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, диний конфессиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дин таануучулар катышат. Читать дальше...

Парламент экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин карай баштайт

Azattyk.org 

Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси бүгүн парламентте талкууланат. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор кирди. Анын демилгечилери – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Республика Ата-Журт” фракциясынан Курманкул Зулушев. Демилгечилердин айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет. Читать дальше...

2019-жылды "Бала жылы" деп жарыялоо сунушталат

Azattyk.org 

Келерки жыл Кыргызстанда Баланын жылы деп жарыяланышы керек. Өлкөдөгү элүүдөн ашуун бейөкмөт уюм президентке ушундай сунуш менен кайрылганы жатат. Бүгүн алар Бишкекте пресс-конференция өткөрүп, кененирээк маалымат беришет. Бир ай мурда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Балдардын укугун коргоо лигасынын» директору Назгүл Турдубекованы кабыл алып, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо маселесин талкуулаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Өзбекстанда айрым ишканалар газсыз калды

Azattyk.org 

Өзбекстанда ишкерлер социалдык жактан маанилүү деген мекемелердин тизмесине кирбеген ишканаларга газ берүү токтотулуп жатканын айтууда. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына жергиликтүү тургундар билдиргенине караганда, декабрь айынын башынан бери газдын жоктугунан айрым ишканалар токтоп калды. Бул маалыматты «Узтрансгаз» компаниясы да тастыктап, көгүлтүр отун менен социалдык маанилүү мекемелер гана камсыз болуп жатканын билдирди. Газдын жетишсиздиги Өзбекстанда кышкы мезгилде жыл сайын байкалат. Читать дальше...

Казакстан: Урал суусунда балык кырылууда

Azattyk.org 

Казакстандын Атырау облусунда Урал дарыясында бир тоннадай балыктын кырылган себебин издеп жатышат. Облустук акимиат алгач жүздөн ашуун балык өлгөнүн маалымдап, кийин бул сан бир тоннага жеткени расмий тастыкталды. Алдын ала жүргүзүлгөн экспертиза суу таза жана элге, жаныбарларга зыяны жок экенин көрсөткөн. Учурда бул окуядан улам Урал дарыясынын жээгиндеги ишканаларды текшерип, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат. Балык кырылып жатканы бир нече күн мурда интернетте видео тарагандан кийин белгилүү болгон. Читать дальше...

Тереза Мэй кызматында калмай болду

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Европа Биримдигинен Brexit келишиминин шарттарына макул болуусун талап кылууну уланта берерин айтты. Бул тууралуу ал 12-декабрда британ парламентинин төмөнкү палатасындагы Консервативдик партия ага ишеним көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алгандан кийин билдирди. Ошентип Мэй партиянын лидери бойдон калды жана ага ишеним көрсөтпөө маселеси бир жылга чейин көтөрүлбөшү керек. Ага чейин партия мүчөлөрүнүн көбү Британиянын Европа Биримдигинен чыгуусун шарттаган... Читать дальше...

АКШ Ирандын баллистикалык ракеталары боюнча билдирүү жасады

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Ирандын баллистикалык ракеталары боюнча чектөөлөрдү кайра орнотуу маселесине байланыштуу 15 адамдан турган топ менен иштөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ошондой эле ал Улуттар Уюмунун Тегеранга карата курал-жарак боюнча эмбаргосу 2020-жылы токтотулбашы керек деген пикирин айтты: - Бул өлкө БУУнун көптөгөн резолюцияларын, анын арасында “ал-Каида”, Ооганстан... Читать дальше...

"Коопсуз шаар": Адамды басканынан тааный турган программа иштейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында адамдарды бетинен жана басканынан тааный турган программа иштей баштайт. Бул долбоордун кийинки этабындагы план экенин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. “Парламент” радиосуна курган маегинде ал биринчи этапта Бишкекте 38 видео көзөмөл орнотуларын, бул иш келерки жылдын алгачкы айларына пландалып жатканын айтты: - Биринчи этапта негизги көчөлөрдүн кесилишинде, ылдам жүргөн трассаларда жол эрежесин бузгандарды аныктоого шарт түзүлөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *