Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 17.12.2018

ИИМ кытай жарандары милиция кызматкерин сабаган окуяга түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Кытайдын жарандары милиция кызматкерин сабап салды" деген тасма боюнча түшүндүрмө берип, бул окуя 2014-жылы болгонун билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тактагандай, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык"), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү")​ жана 174-беренеси ("Башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу") менен кылмыш иши козголгон. Бардык тергөө амалдары жүргүзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп берилген. ИИМ... Читать дальше...

Кыргыз жана өзбек өкмөт башчылары Ошто чек араны талкуулашат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарындагы облус жетекчилеринин кезектеги кеңеши 18-декабрда Ош шаарында болот. Ага эки мамлекеттин премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов катышарын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.  Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 85 пайызы такталганы айтылып жүрөт. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун доорунда дээрлик токтоп калган сүйлөшүүлөр 2016-жылы мамлекет башчылыкка Шавкат Мирзиеёв келгенден кийин жанданган. Читать дальше...

Грузия: аял президенттин убадасы

Azattyk.org 

Грузияда 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 59,52% алуу менен жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ант берип кызматына киришти.

Экс-президент Отунбаева Бээжинде Айтматов кечесине катышты

Azattyk.org 

Бээжин шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече өттү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду кабарлады. Аземге Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Рашид Алимов, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУнун курамындагы өлкөлөрдүн элчилери, дипмиссиялардын өкүлдөрү, Кытайдын бийлик өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышты. Алимов "кыргыз жана совет жазуучусу Айтматов кылымда бир жаралчу талант... Читать дальше...

Түркияда кыргыз радиосун түптөгөн Асанбаев

Azattyk.org 

Алмазбек Асанбаев – Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчилерден болуп чет өлкөгө билим алууга жөнөтүлгөн мекендештердин бири. Ал 1992-жылы Түркияга окууга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күндө Анкарадагы ТRТ телеканалынын "Түркия үнү" радиосунун кыргыз кызматын башкарууда. Радионун түптөлүшүнө чоң салым кошуп, ошол жерде 20 жылдан бери эмгектенип келаткан мекендешибиздин максаттары жана үй-бүлөсү жөнүндө айтып беребиз.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчылары Ошто чегара маселесин талкуулашат

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 17-декабрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 18-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчылары — Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Ариповдун Ош шаарында экинчи жолугушуусу өткөрүлөт.



Кытайдагы тууган-туушканын издегендер ТИМге чогулушат

Azattyk.org 

Кытайда жашаган жакындарын издеген жарандар бүгүн, 17-декабрда Тышкы иштер министрлигине барып кат тапшырышат. Бул тууралуу "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети билдирди. Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык... Читать дальше...

"Кыргыз чоролору" Кытай элчилигинин алдына акцияга чыгат

Azattyk.org 

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси 20-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык акция өткөргөнү жатат. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Замирбек Көчөрбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маалыматка караганда, акция учурунда Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, тарбиялоочу лагерлердеги кыргыз улутундагы ар бир жарандын камакка алынуу себебин, алардын мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтуу талап кылынат. Көчөрбаев "Кыргызстанда мыйзамсыз жашаган чет элдик жарандар 30 күн ичинде өлкөдөн чыгарылсын... Читать дальше...

Хание Иранга Палестинага колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди

Ca-irnews.com (kg) 

Палестинанын исламдык коргонуу саясий кыймылынын (Хамас) жетекчиси Исмаил Хание Американын элчилиги Кудска көчүрүлсө дагы бул шаар  мурдагыдай эле араб-исламдык болуп кала берээрин билдирди.

Брюсселде БУУнун мигранттар тууралуу келишимине каршы акция өттү

Azattyk.org 

Белгиянын баш калаасы Брюсселде жекшембиде БУУнун миграциялык пактына каршы акцияга беш миңдей адам катышты. Оңчул кыймылдар уюштурган акция Евробиримдиктин уюмдарынын штаб-квартирасы жайгашкан кварталда өттү. Бийлик алгач акцияга тыюу салып, бирок сот демонстранттарга тынч митинг өткөрүү шарты менен уруксат берди.  Буга карабай акциянын катышуучулары полиция менен кагылышты. Полиция жаш агызуучу газ менен суу колдонду. Брюсселдин бургомистри Филипп Клозе "Belga" агенттигине билдиргендей, 69 киши... Читать дальше...

Беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жекшембиде кечке жуук катталган авариянын себеби териштириле баштады. 16-декабрда саат 16.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда, Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышып, анын бири өрттөнүп кеткен. «Тойота Ипсум» машинесинде жети киши, ал эми... Читать дальше...

Укук коргоочулардын отчетун "экстремисттик" деп тапкан чечим кайра каралат

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 17-декабрда укук коргоо уюмдарынын отчетторун "экстремисттик" деп тапкан чечимди кароого киришет. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы билдирди. Маалыматка караганда, быйыл 22-октябрда Жогорку сот аталган уюм менен "Мемориал" дискриминацияга каршы борборунун мигранттар тууралуу биргелешкен отчетун "экстремисттик" деп тапкан Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 5-январдагы чечимин жокко чыгарган. Ал ишти кайра караш үчүн райондук сотко жиберген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *