Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 05.05.2020

Британ эксперттери Орусия менен Иранды хакердик чабуулга айыптоодо

Azattyk.org 

Британия өкмөтүнүн киберкоопсуздук тармагындагы эксперттери «кас маанайдагы өлкөлөрдүн» хакерлери жаңы коронавирустун вакцинасы тууралуу маалыматты уурдашы ыктымалдыгын эскертишкен. Бул тууралуу "The Guardian" жазды. Гезиттин маалыматына караганда Улуттук киберкоопсуздук борбору хакердик чабуулдар күчөгөндөн кийин ушундай бүтүмгө келишкен. Алардын баамында мындай аракеттердин артында Кытай, Иран жана болжолу Кытайдын өкмөтү турат. Ушул тапта COVID-19 илдетине каршы вакцина иштеп чыгууга ондогон... Читать дальше...

Кыргызстан Орусиядагы 519 жаранын Казакстан аркылуу алып келе жатат

Azattyk.org 

Орусиянын Казакстан менен чек арасында топтолуп турган кыргызстандык мигранттар маселеси негизинен чечилди. Бул тууралуу 5-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова кабарлады. Элчиликтин маалыматына караганда, 5-майда Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагынан казак тарапка тогуз автобус менен жалпысынан 519 кыргыз жараны өттү. Алардын 155и бул облустун Бузулук шаарында, калгандары ушул Соль-Илецк шаарынын четинде топтолуп тургандар. Автобустардын жетөөнүн жол акысын кыргыз өкмөтү төлөдү... Читать дальше...

ДССУ АКШ бийлигин чайкоочулукка айыптады

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккандыгы тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүн сынга алды. "Биз АКШ өкмөтүнөн вирустун пайда болгон болжолу тууралуу эч кандай айкын маалыматтарды алган жокпуз. Андыктан биз үчүн бул билдирүү чайкоочулук бойдон калууда", - деди уюмдун саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан 4-майдагы жыйында.   Мындан улам уюм өз колундагы далилдерге көңүл буруп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Кашмирдеги кагылышта Индия жоокерлеринен айрылды

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө талаштуу Кашмир аймагындагы козголоңчулар менен кагылышта Индия үч жоокеринен айрылды. Андан бир күн мурдагы атышууда беш аскери мерт болгон. Коронавирус пандемиясына карабастан акыркы айларда Индия Кашмирдеги жоочуларга каршы аскердик операцияларын күчөткөн. Өткөн айда каршы тараптан 22 кишини жок кылганы кабарланган. Экөө тең ядролук куралга ээ деп эсептелген Пакистан менен Индия Гималай тоолорунда жайгашкан Кашмир аймагы үчүн узактан бери тирешип келет. 2019-жылдын августунан бери чыңалуу күчөгөн. Читать дальше...

Ысык-Көл облусунда коронавирус жуккандардын баары айыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда COVID-19 жуккан бейтаптардын баары сакайды. Бул тууралуу 5-майда Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, облуста бардыгы болуп коронавирус жуктуруп алган 10 адам катталган жана бүгүнкүгө чейин алардын тогузу айыгып чыккан. Ал эми 5-майда онунчу бейтап, Балыкчы шаарынын Орусиядан келген тургуну сакайып, үйүнө чыгарылды. Анын экинчи жолку ПЦР анализи таза чыкты: «Азыркы тапта Ысык-Көл облусунда COVID-19 менен ооруган бейтап жок, бардыгы сакайып, үйүнө чыгарылды. Читать дальше...

6-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-майда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Читать дальше...

Милиция кошумча төлөмдөн баш тартпайт

Azattyk.org 

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөө талаштуу маселеге айланды. Буга чейин премьер-министрдин «милиционерлер өздөрү кошумча төлөмдөн баш тартып жатышат» деген сөзү сынга кабылган.



Коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселеси чечилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине мамлекеттен компенсация төлөө маселеси чечилди. Бул тууралуу 5-майда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү буйрук бүгүн чыкты: "Бүгүн өкмөттүн буйругу чыкты. Ал жерде оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом деп так көрсөтүлдү. Эртеңден тартып төлөнө баштайт". Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды... Читать дальше...

Мырзакеде кыз-келинге мамиле өзгөрдү

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун атайын долбоорунун алкагында аймактардагы бир катар активисттер аялдардын укугун коргоого, үй-бүлөлүк зомбулукка, эрте никеге, ала качууга байланышкан атайын окуудан өтүштү.

ЮНИСЕФ: Үй-жайынан бозгон балдардын саны 19 миллионго жетти

Azattyk.org 

Жаңжал жана зомбулуктун айынан өз өлкөсүнүн ичинде жер которууга аргасыз болгондордун саны өткөн жылы 46 миллионго жеткен. Алардын 19 миллиону балдар, бул эң жогорку көрсөткүч экенин Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирди. 5-майда жарыяланган “Үйсүз калгандар” аттуу баяндамасында ЮНИСЕФ турак жайын таштай качкандар он жыл ичинде 25 миллиондон 46 миллионго өскөнүн эсептеген. Коронавирус пандемиясы маалында мына ушул катмар өтө аянычтуу абалда экени белгиленет. “Дүйнөнүн чар тарабында... Читать дальше...

COVID-19: Ысык-Көл аймагына кирүүчүлөрдөн медициналык маалымкат талап кылуу чечими кайра каралат

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун аймагына киргендерден коронавируска анализдин жыйынтыгын талап кылуу чечими кайра каралып чыгышы керек. Бул тууралуу 5-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди: “Жалпы киргизилген алгоритмге туура келбей жатат. Бул маселе Ысык-Көл облусунун штабында каралат”. Облус аймагына кирген учурда адамдар экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөтүүгө тийиш экени 3-майда айтылган. Коронавируска каршы облустук... Читать дальше...

Өзбекстан: сырттан акча которуу 35% азаят

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Өзбекстандын Ички дүң жыйымынын өсүшү 2020-жылы 1,5-2,5% чейин жайлашы ыктымал. Өлкөнүн Борбордук банкы өсүш туризм, эл аралык транспорт, оюн-зоок, спорт жана башка тейлөө тармактарында жай болот деп билдирет. Ошондой эле Өзбекстан жарандарынын сырттан акча которуусу экинчи кварталдан баштап даана сезилет. Борбордук банк өткөн жылга салыштырмалуу 30-35% чейин кыскарарын белгилөөдө. Расмий маалыматка караганда 2,5 миллион өзбекстандык чет өлкөлөрдө. Анын 2 миллионго чукулу Орусияда эмгектенүүдө.

“Талибан” тынчтык келишимин сактаган жок

Azattyk.org 

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясындагы аскердик борбордо жардыруу болуп, кеминде беш киши каза тапты. Байкоочулардын айтымында, мындай чабуулдар февраль айында Кошмо Штаттар менен талибдер ортосундагы келишилген тынчтык макулдашуусуна кедергисин тийгизип жатат.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүктөргө "жашыл коридордун" мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү республика аймагындагы чет өлкөлүктөргө берилген “жашыл коридордун” мөөнөтүн узартты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чечимдин кабыл алынышына мекеменин сунушу негиз болду: “Кыргызстандын аймагында виза же визасыз тартипте жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор өлкө аймагынан чыгууга виза толтурбастан жана катталганын тастыктабастан 1-июнга чейинки мөөнөт аралыгында чыгып кете алат”. Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алгач 30-апрелге чейин деп... Читать дальше...

Тажикстанда окуу каникулу 16-августка чейин узартылды

Azattyk.org 

Жаңы коронавирустун тарап жатышына байланыштуу Тажикстанда окуу каникулу 16-августка чейин узартылды. COVID-19 инфекциясына каршы түзүлгөн Республикалык штаб сабак 17-августта башталарын билдирди. «Мектепке чейинки мекемелердеги каникул өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин уланат», - деп маалымдады коңшу өлкөнүн Билим берүү министрлиги.  Буга чейин балдар 27-апрелде эки апталык каникулга таратылган.  5-майда Тажикстанда коронавируска чалдыккандар 230га жеткени расмий кабарланды. Читать дальше...

Президент Конституцияда камтылган баалуулуктарды бекем сактоого чакырды

Azattyk.org 

5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда Баш мыйзам Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болгонун белгиледи: “Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда. Читать дальше...

Коронавирус дагы 13 адамдан табылды, бир бейтап кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 13  адам жаңы катталды. Бул тууралуу 5-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Үсөнбаевдин айтымында, 4-майда коронавирус жуккан 69 жаштагы бир адам каза болду. Анын эски оорулары күчөп, абалы оорлогон. Соңку бир суткада 25 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын ичинен 11 бейтап кайтыш болду, 8 бейтап оор абалда, алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, 600 бейтап айыгып чыкты. Читать дальше...

Сулайманов: парламентти олигархтардын бизнес клубуна айланттык

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов акыркы эки чакырылыштагы парламенттин курамын сындап, ага жалаң партия лидеринин тандоосунан өткөндөр депутат болуп келгенин айтты. Сулайманов бул маселени чечүү үчүн алдыдагы шайлоодо жарандарга партиянын ичинен талапкерди тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. “Парламентти элдин колдоосу жок, акчасына таянган, олигархтардын бизнес клубуна айланттык. Менин сунушум эл лидерлер бекиткен тизмеге эмес... Читать дальше...

АКШда Жогорку соттун отуруму алгачкы жолу түз эфирде өттү

Azattyk.org 

АКШнын Жогорку соту тарыхта биринчи жолу телефон конференция аркылуу жараян өткөрүп,  соттук угуу алгачкы жолу радио эфирге түз берилди. Каралып жаткан иштердин арасында президент Дональд Трамптын салык декларациясын жарыялоодон баш тартканы боюнча да иш бар.   АКШ мыйзамдары президентти мындай маалыматтарды жарыялоого милдеттендирбейт. Бирок, президенттер салык боюнча жазылбаган мыйзамды сактап келишет. Жогорку сот жаңы технологияларды колдоно бербейт. Мисалы, тараптардын аргументтери азыркы мезгилге чейин видеого тартылбайт. Читать дальше...

Оксфорд университетинин демилгеси менен Апрель ыңкылабынын 10 жылдыгы талкууланды

Azattyk.org 

Британиядагы Оксфорд жана Эксетер университетинин демилгеси менен Кыргызстандагы Апрель ыңкылабынын 10 жылдыгына карата онлайн-талкуу өттү. Талкууга Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев, АКШдагы Стетсон университетинин профессору Юджин Хаски, Британиядагы Нью-Кастл, Эксетер, Рохэмптон университеттеринин окумуштуулары Апрель ыңкылабынын мааниси, анын жыйынтыктары тууралуу талкуулашты. Читать дальше...

Киевде сот Януковичти эки айга камоо боюнча чечим чыгарды

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти эки айга камоо чечими (сыртынан) чыгарылды. 4-майда Киевдеги Печерск райондук соту прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, тийиштүү токтом кабыл алды. Януковичтин жактоочусу Виталий Сердюк токтомго каршы даттана турганын билдирди. Камакка алуу чечими бийликти узурпация кылуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кабыл алынды. Прокурор Янукович жазадан качуу үчүн Орусияда жашырынып жүрөт деп билдирди. Печерск сотунда дагы башка иш боюнча Януковичтин бөгөт чарасы каралып жатат. Читать дальше...

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу жанданды

Azattyk.org 

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолунун Нарын аймагынан өтө турган бөлүгүнүн иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымдады. Анын айтымында, 1-майдан баштап ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын ичинде жол курулушчулары да бар. “Нарын аймагынан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу өтөт. 2-майдан тарта иш башталды. Жумушчуларынын анализдерин алдык”, - деди Алымкулов. Мындан тышкары Нарында кен тармагы, көмүр казуу иштерин дагы жанданды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *