Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 20.05.2020

Орусиядан кайтууга камынган өзбек мигранттары көбөйдү

Azattyk.org 

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканына байланыштуу карантин чараларын жумшартуу жылдырылды. Тажикстан COVID-19 илдетинен өлгөндөрдүн саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин сап башына чыкты.

Нарында коронавирус 47 медицина кызматкерине жукту, алардын тогузу жаңы катталды

Azattyk.org 

20-майга карата Кыргызстанда дагы тогуз медицина кызматкеринен коронавирус табылды, алардын баары Нарын облусунда. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Жыйынтыгында жалпысынан учурда Нарын облусу боюнча 47 медицина кызматкери COVID-19 илдетине чалдыкты. Штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө анализинен вирус табылган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 266 адамга жетти, алардын 221и айыгып чыкты (алтоо соңку суткада).  Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун... Читать дальше...

Коронавирус 27 адамдан жаңы аныкталды, көбү Нарын облусунда (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 27 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын көбү Нарын облусунда - 19 адам. Бишкекте төртөө, Ош облусунда экөө, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден адам. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыгып кетти. Коронавирус... Читать дальше...

Өкмөттүк эмес уюмдарды жана Интернетте пикир билдирүүнү чектеген демилгелер сынга кабылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөө жана жарандардын Интернет аркылуу пикирин билдирүүсү боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу дагы бир каршы пикир жарыяланды. «Жалпы иш» коомдук фонду 20-майда билдирүү таратып, эки мыйзам тең кабыл алынбашы керек деген пикирин билдирди. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору тууралуу фонд: «Эгер кабыл алынса... Читать дальше...

Илимий макаласын эл аралык журналга жарыялоону каалагандар үчүн вебинар өтөт

Azattyk.org 

«Онлайн университет» платформасы Кыргызстандын илим тармагындагы актуалдуу маселе боюнча кезектеги вебинарын өткөрүүдө. Бул жолу «Илимий журналдарды баалоо: «жырткыч» журналдардан сактануу» деген тема тандалып алынды. Уюштуруучулардын айтымында, вебинар заман талабына ылайык абройлуу журналдарды кантип тапса, сапатын кантип текшерсе болору тууралуу маалымат берет. Вебинардын спикери,  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбековдун айтымында... Читать дальше...

ЕЭК: Кыргыз текстил тармагы 90% кемийт

Azattyk.org 

Евразия экономикалык комиссиясы пандемиядан улам быйыл Кыргызстандын текстил өндүрүшү 90% төмөндөшү мүмкүн экенин эскертти. Буга чек аралардын жабыктыгы жана карантиндик шарт себеп болот.

АКШнын башкы прокурору «Apple» компаниясын Кытай жана Орусия менен кызматташканы үчүн сындады

Azattyk.org 

АКШ башкы прокурору Уильям Барр «Apple» компаниясын «Кытай жана Орусия мамлекеттери менен кызматташат» деп сындады. Баррдын айтымында, компания бул мамлекеттердин авторитардык режиминдеги бардык талаптарды аткарууга даяр болуп, цензурага кол кабыш кылып жатат.   Барр АКШнын Флорида аскер базасында ок аткан сауд арабиялык курсанттын телефонун «Apple» бөгөттөн чыгаруудан баш тартып койгонун айтып берди. Анда курсанттын огунан үч киши каза болгон. Башкы прокурор АКШ президенти Дональд Трамп компаниядан... Читать дальше...

Бюджети кертилчү Спорт агенттигинин былтыркы чыгашасы ачыкталды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Быйыл өкмөт мамагенттиктин бюджетин тийиштүү берене менен 72 пайызга азайтат. Бул беренеде спортчуларды мелдешке даярдап, алып баруу жана дары-дармектер менен камсыздоо кирет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *