Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 21.05.2020

Чеченстанда орозо айтта жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Чеченстандын Ички иштер министрлиги төрт күнгө (23-26-май) созулган орозо айт майрамында коронавирус коркунучунан улам жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынарын эскертти. Мекеме бул күндөрү чукул кызматтар гана иштей турганын билдирди.  Орозо айт - мусулмандардын башкы майрамдарынын бири жана бул күнү жарандар тууган-уругунун, тели-теңтушунун үйүнө айттап барышат, конок чакырышат.  Ички иштер министри Руслан Алханов чеченстандыктар жалпысынан жагдайды туура түшүнүп жатканын, бирок эл арасында... Читать дальше...

Сингапурда сот өлүм жазасына тартууга «Zoom» аркылуу өкүм чыгарды

Azattyk.org 

Сингапурдун Жогорку соту Пунитан Гэнасан аттуу 37 жаштагы малайзиялык жаранды баңгизат аткезчилиги үчүн күнөөлүү деп тапты жана өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарды. Коронавируска байланыштуу жагдайдан улам соңку сот жараяны «Zoom» видео байланышы аркылуу өттү. Бул «Zoom» аркылуу өлүм жазасына кесүү тууралуу сот өкүмү чыккан дүйнөдөгү экинчи учур болуп калды. Эки жума мурун Нигерияда Олалекан Хамид аттуу жергиликтүү тургун өз энесин жана жумуш берүүчүcүн өлтүргөн деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Читать дальше...

Боронов: Нарын боюнча олуттуу чара көрүү зарыл

Azattyk.org 

Нарын шаарында коронавируска каршы олуттуу чара көрүү зарыл. Бул тууралуу 21-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди:  «Түзүлгөн абал шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чара көрүү зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу болуп саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруш керек. Читать дальше...

Башкы прокурордун отчётун дээрлик бардык депутаттар колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 21-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты.  Башкы прокурордун баяндамасын бекитүү жана ага канааттандырарлык деген баа берүү тууралуу токтомго жыйында каттоодон өткөн 115 депутаттын 113ү «макул» деген добуш берди. Экөө добуш берген жок.  Жамшитов сессияда айтылган сын-пикирлердин баары каралып, талдана турганын билдирди. Ал сессияга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде баяндама жасап, депутаттар аны бир добуштан колдоп беришкен. Читать дальше...

Халилзад Ооганстанда тирешкен тараптарды зомбулукту токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад бул өлкөдөгү тирешкен бардык тараптарды бейкүнөө адамдардын убалына калбай, зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Ал 20-майда Кабулда ооган бийлик башчылары менен, ал эми Катарда «Талибан» кыймылынын лидерлери менен жолукту.  Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы токтоп калган сүйлөшүүлөрдү жандантууга аракет кылып жатат.  Анын бул сапары Ооганстандын Парван жана Хост провинцияларында эки мечитке чабуул коюлган учурга туш келди. Читать дальше...

Бишкекте спортзалдар менен бассейндерге да уруксат берилмей болду

Azattyk.org 

Бишкекте 25-майдан тартып уруксат бериле турган ишкана-мекемелердин тизмесине спорттук, тренажердук залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер да киргизилди. Мындай чечим Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда кабыл алынды. Маалыматта «санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо милдеттүү шарт болуп саналат. Имаратты дезинфекциялоо, администрация жана тейлөөчүлөр үчүн беткап, мээлей кийүү тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзер, антисептик орнотуу жана санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде... Читать дальше...

Атамбаевге жолуккан олигархка айып коюлду

Azattyk.org 

Молдованын прокуратурасы олигарх, саясий ишмер Владимир Плахотнюкка каршы расмий айып койду. Учурда АКШда жашаган, Молдова Демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, арам акчаны адалдаштырган жана алдамчылыкка барган деп айыпталууда.

Башкы прокурор ишинин сапатын эмес, санын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2019-жыл үчүн отчетун жарым-жартылай сын менен жактырды. Айрым эл өкүлдөрү прокуратура коррупциялык иштерге жетиштүү көңүл бурбай, кылмыштарга тандалма мамиле кылып жатканын билдиришти.



Жыштык сатуудагы коррупция боюнча беш киши камалды (видео)

Azattyk.org 

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынды. Өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатат. Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев парламенттин 21-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.  «Тергөөнүн купуялуулугу үчүн мен бардык жагдайларды айта албайм. Келтирилген чыгым такталып жатат», - деди Нуркамал Набиев. Депутат Акаев бул иштин чуулгандуу экенин эске салып... Читать дальше...

Эмомали Рахмон биринчи жолу элине беткапчан чыкты

Azattyk.org 

Тажик президенти Эмомали Рахмон шаршембиде Дүйшөмбү шаарында дарыгерлер менен жолукту жана айрым медициналык жайларды кыдырды. Мамлекеттик «Ховар» маалымат агенттиги Рахмон менен анын уулу, Сенаттын спикери Рустам Эмомалинин жана премьер-министр Кохир Расулзоданын беткапкчан турган сүрөттөрүн жарыялады. Рахмон буга чейин маска тагынбай жаткан. «Ховар» агенттиги Рахмон бул жолугушууларда анда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырганын жазды. Ошондой эле «ооруканаларда иш үзгүлтүккө учурабайт... Читать дальше...

Парламентте Арпачиевге мунапыс берилгени тууралуу сөз болду

Azattyk.org 

Парламенттин 21-майдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев боюнча маселе көтөрдү. «Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берип койдуңар», - деди Алтыбаева. Жыйында былтыркы  аткарган иштер тууралуу отчёт берген башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кылычбек Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн билдирди: «Ал буга чейинки мунапыс. Читать дальше...

22-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

22-майда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29; Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 23…28; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Кичи автобустардын ээлерине жана айдоочуларына жаңы эрежелер эскертилди

Azattyk.org 

Бишкекте милиция карантинден кийин кайра жүргүнчү ташууга кирише турган автотранспорттук ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга милициянын Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек мээриясынын, Салык кызматынын өкүлдөрү жана жүргүнчү ташуучу 43 фирманын директорлору, айдоочулары катышты. Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, айдоочуларга жеке гигиенанын, санитардык эрежелерди так сактоонун, беткап жана мээлей кийип иштөөнүн, жүргүнчүлөр... Читать дальше...

Дүйнөдө COVID-19 вирусун жугузуп алгандар беш миллион адамдан ашты

Azattyk.org 

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандар 5 миллион 561 киши болду. Илдетке кабылгандардын саны жагынан биринчи орунда турган Кошмо Штаттарда бул ооруга 1,5 миллиондон ашык адам кабылды. Андан кийинки орундагы Орусияда жаңы вирусту жугузуп алгандар 308 миң кишиден ашты. Үчүнчү орунда турган Бразилияда илдет 291 миңге чукул жарандан табылды. COVID-19 дүйнөдө 328 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды. АКШда бул оорудан 93 миңден ашык, Британияда 35,5 миңдей... Читать дальше...

Орозо айт намазы быйыл аянт-мечиттерде окулбай турган болду

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт намазын аянттарда жана мечиттерде окуган болбойт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы кабарлады. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, мындай чечимдин кабыл алууга эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө чарасы себеп болду: “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө... Читать дальше...

Депутат: айлыгы аз прокурорлор кымбат машинеде жүрөт, хан сарайда жашайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 21-майдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратуранын ишин сындап чыкты. Анын айтымында, Башкы көзөмөл органы мыйзамсыз баюу фактылары боюнча жетиштүү иш жүргүзбөй жатат. «Президент коррупция боюнча катуу айтты. Бирок мыйзамсыз баюу боюнча иш жүргүзүлбөй жатат. Берене бир-эки кишиге эле иштеген. Башкаларга иштеген жок. Мисалы, канча чиновник жүрөт. Ошол эле прокуратурада отурушат. Кымбат машина айдап, хан сарайларда жашашат. Айлыктары өтө аз. Машинеси кымбат... Читать дальше...

Мамкаттоонун тейлөө борборлорунда эл көп топтолуп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматынын карантинден кийин жаңы ачылган тейлөө борборлорунда бүгүн эл өтө көп топтолду. Социалдык түйүндөргө чыккан видео, сүрөттөрдөн кээ бир борборлордун кире беришинде уруш чыкканын да көрүүгө болот. Ал эми ичинде, адамдар кезек менен киргизилип жаткандыктан, анча топтолгонор жок. Ушундай эле көрүнүш “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө да байкалууда. Бишкектеги №3 калкты тейлөө борборунун жетекчиси Самат Иманкулов "Азаттыкка" билдиргендей, эл мурдагыга салыштырганда бүгүн 4-5 эсе көп келип жатат.

Карамушкина башкы прокурордун отставкасын талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина башкы прокур Өткүрбек Жамшитовдун отставкасын талап кылды. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны колдогон КСДПнын мүчөлөрүнө карата "саясий буйрутма аткарып жатат" деп башкы прокурорду сынга алды. Депутаттарды ага ишеним көрсөтпөөгө чакырды. «2019-жыл Кыргызстандын тарыхында жарандардын эркиндигин чектеген кара так катары кирет. Азыр саясий оппоненттерди соттоп жатышат. Башкы прокуратуранын саясий буйрутманы аткарышынан ушундай болуп жатат»... Читать дальше...

Ветинспекция: Ысык-Көлдө жылкыларга коронавирус жукканы тууралуу маалымат жалган

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө жылкыларга коронавирус жукту деген маалымат жалган, бул илдет жылкыга жукпайт. Бул тууралуу 21-майда “Азаттыкка” Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтымында, Түп жана Тоң райондору боюнча жалпысынан төрт жылкынын анализи  лабораториялык текшерүүдөн өтүп, грипп жана ринопневмония деген ылаңдар табылды: “Кыргызстанда жылкынын 70-90% адатта адам ооругандай эле грипп менен ооруп, айыгып кетет. Жөткүрөт. Айыккандан кийин канында антителолор калат. Читать дальше...

Пандемия маалында музейлер үйгө келди

Azattyk.org 

Пандемия миллиондогон адамдарды үйгө камап, театрлар, музейлер, кинотеатрлар, концерттик залдар жабылды. Бирок ошол эле маалда карантин маданий жайларды жаңы багытта иш алып барууга жол көрсөттү.

Башкы прокурор Шадиев тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Парламенттин 21-майдагы сессиясында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун талкуулап жатышат. Жыйын суроо-жооп багытында уланууда. Талкуу учурунда "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Абдыбек Дүйшалиев  экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев боюнча Башкы прокуратуранын иш-аракетин сурады. "Шадиевге байланыштуу "мыйзамсыз баюу" боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сырттан каралып жатат. АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүп жатат. Читать дальше...

Балдар онкологиясы бөлүмүндө 14 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды

Azattyk.org 

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майда билдирди. Анын айтымында, илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды. Балдар жана энелер ошол эле жерде дарылануусун улантат, ал эми медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык ооруканага которулат. Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Читать дальше...

Жалал-Абадда филармониянын артисттери ооруканада концерт коюшту

Azattyk.org 

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты дарыгерлер үчүн концерт тартуулады. Артисттер 21-майда таңкы саат жетиден тартып облустук клиникалык оорукананын короосунда концерт коюп, жумушка келе жаткан дарыгерлерди ыр менен тосуп алышты. Аталган филармониянын жетекчиси Базарбай Мадоморов билдиргендей, таажы вирусу облусту аралагандан бери медицина кызматкерлери тынымсыз баш көтөрбөй, карантиндик шартта иштеп жатышат. «Таңкы маанай» аттуу атайын концерттик... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *