Кара кыргыз - «черный кыргыз» эмес
Падышалык Орусия биздин Курманжанды «Кара-киргизская царица» деп атаган.
Падышалык Орусия биздин Курманжанды «Кара-киргизская царица» деп атаган.
Ооганстан өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын Орозо айтты майрамдоо учурунда ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүсүн АКШ кубаттады. Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад: "Биз "Талибан" кыймылынын Айт майрамы учурунда атышууну токтотуу тууралуу чечимин жана ооган өкмөтүнүн ага үндөш билдирүүсүн кубаттайбыз", - деп билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына "бул чечимдерге удаа эле АКШ менен талиптердин келишиминдеги кийинки кадамдар аткарылышы: камактагылар бошотулушу керек", деп жазды. Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) "Айтел" ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылуусуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта айтылгандай, "Айтел" ишканасынын лицензиясы мыйзамсыз узартылуусу боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилерине Кылмыш кодексинин 320.2-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал шартында Орозо айт намазы салт болуп калгандай аянттарда жана мечиттерде окулган жок. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды Орозо айт күнү үйдөн чыкпай, үй-бүлө менен майрамдоого чакырды. Муфтий бул тууралуу 24-майда Орозо айт күнү кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирген: “Бул жылы Рамазан айында дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында COVID-19 инфекциясы жайылып, баарыбызды бушайманга салды. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча республикалык штаб менен чогуу эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал шартында эл ташуунун жоболорун иштеп чыккан. Коомдук транспорттун менчик түрүнөн көз карандысыз ар бир айдоочу да, жүргүнчү да анда жүрүү жобосун жеке коопсуздугу үчүн бекем сактоого тийиш. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-майда брифингде билдирди. Ал 25-майдан тартып Бишкекте коомдук транспорттун жүрүшүнө уруксат берилгенин белгилеп... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр саясий ишмердүүлүгүн жаңы түзүлгөн «Кыргызстан социал-демократтары» партиясы менен жүргүзүп жатат. Аталган партия күзүндө боло турган шайлоого катыша турганы айтылууда.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Алардын ичинен 25 адам Нарын облусунда. Бишкекте беш, Ош облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир Баткенде бир адам коронавирус жуктуруп алган. Андан тышкары Соль-Илецк шаарынан келгендерден үч адамдан жана Санкт-Петербург шаарынан келген бир курсанттан вирус аныкталды. Ушуну менен 24-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1403 адамга жетти. Бул тууралуу 24-майда саламаттык сактоо министринин... Читать дальше...
Батыш Казакстан облусунда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жаткандыктан, карантин бери дегенде 15-июнга чейин узартылат. Бул тууралуу облус бийлиги билдирди. Бул аймакта COVID-19га чалдыккандар өткөн суткада 2,8% көбөйгөнүн облустагы санитардык дарыгердин орун басары Нурлыбек Мустафин билдирип, ошол себептен карантин дагы үч аптага узартылганын айтты. Мустафин облус бийлигинин чечимин «соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4,1% чейин жетип турду. Карантин бул көрсөткүч 2% төмөн болгондо гана алынат» деп түшүндүрдү. Читать дальше...
Орусиянын бийлиги Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун ушул тапта кайда жана абалы кандай экени тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин массалык маалымат каражаттары Кадыров коронавирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөнүн кабарлашкан. Кадыровго COVID-19 жукканы расмий бышыкталса, Орусияда жаңы вируска чалдыккан жогорку кызматтагы жооптуу адамдардын катарын толуктайт. Буга чейин премьер-министр Михаил Мишустин жана Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго оору жуккан. «Интерфакс» жана... Читать дальше...