Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 26.05.2020

Масалиевдин ордуна Айдаров депутат болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн эрте токтотулуп, мандаты алынды. Ал эми анын ордуна партиялык тизме боюнча талапкер Нургазы Айдаров депутаттык мандатка ээ болду. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 26-майда өткөн отурумунда кабыл алынды. Нургазы Айдаровго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна... Читать дальше...

Чукоткада аскердик тик учак кырсыктаганда төрт адам ажал тапты

Azattyk.org 

Чукоткада «Ми-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыктап, андагы экипаждын төрт мүчөсү тең мерт болду. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттигине атын ачык атагысы келбеген аймактагы өкмөт өкүлү билдирди. Ага ылайык, тик учак техникалык кароодон өтүп жаткан маалда кырсыктаган жана жерге катуу конгондон кийин күйүп кеткен. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик тик учак кырсыктаганын ырастады жана бул окуя окутуу-машыгуу маалында болгонун билдирди.  Подмосковьеде 20-майда «Ми-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыктаган... Читать дальше...

Министрлик: Бала бакчалардын ишине уруксат берилер-берилбеси кырдаалга жараша болот

Azattyk.org 

Бала бакчалардын иштешине уруксат берүү маселесинин чечилиши коронавируска байланыштуу абалга жараша болот. Бул тууралуу 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн брифингде айтты. Жусупбекованын сөзүнө караганда, министрлик мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында тогуз миңдей ата-эне пандемия шартында баласын бала бакчага берүүгө макул экени белгилүү болду. «Эгер тиешелүү мамлекеттик органдар жана эпидемиологиялык абал бизге мүмкүнчүлүк берсе... Читать дальше...

Акматов: Сузактагы жер Өзбекстанга берилген эмес

Azattyk.org 

Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы Тешик-Таш участогунан Өзбекстанга жер берилген эмес. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов ​билдирди:  «Жергиликтүү тургундар Тешик-Таш участогунан сайдын жээгиндеги карта боюнча өзбек тарапка таандык жерди өз алдынча бир топ жылдардан бери пайдаланып келишкен. 2017-жылдагы эки тараптуу чек ара маселесиндеги сүйлөшүүлөрдө бул жерлер такталган. Быйыл жергиликтүү тургундар кайрадан... Читать дальше...

Жапыкеевдин чакырыктары боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги «Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин Интернеттеги билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады. Ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат. Маалыматка ылайык, анда активисттин билдирүүлөрү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевдин соцтармактардагы билдирүүлөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга... Читать дальше...

Агадилдин адвокаты абак кызматкерлери боюнча прокуратурага кайрылды

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаарында полициянын тергөө абагында каза болгон жарандык активист Дулат Агадилдин адвокаты прокуратурага кайрылды. Галым Нурпеисов «Азаттыктын» казак кызматына тергөө абагынын кызматкерлерине «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголушу керек экенин айтты. Дулат Агадил 24-февралда кармалган жана бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинде көк ала тактар байкалган. Читать дальше...

Ооган өкмөтү дагы 900 талибди абактан бошотот

Azattyk.org 

Ооган өкмөтү атышпоо тууралуу макулдашуунун акыркы күнүндө, тактап айтканда 26-майда «Талибан» кыймылынын дагы 900 жоочусун бошото турганын жарыялады. Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавид Фейсал эркиндикке чыга турган адамдардын саны юридикалык жол-жоболордон кийин өзгөрүшү ыктымал экенин айтты. Кабул 25-майда 100 талибди бошоткон. «Талибан» кыймылы Орозо айтка карата 24-майдан тартып үч күн атышпай турганын билдирген. Муну Ооганстандын президенти Ашраф Гани кубаттаган жана талиб туткундарын бошотуу жараянын тездете турганын айткан. Читать дальше...

Бизнес-омбудсмен Башкы прокуратурада ишкерлердин абалын талкуулады

Azattyk.org 

Башкы прокуратурада бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смиттин катышуусу менен жолугушуу болуп, ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды. Мекеменин маалыматына караганда, башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев ишкерлик тармагына негизсиз кийлигишүүнү текшерүү, ишкерлердин укуктарын коргоо аракеттери тууралуу маалымат берди. Ал ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатында Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачылганын билдирди. Дүйшөмбиевдин айтымында, былтыр бир жыл ичинде... Читать дальше...



Мыйзамдын бузулушу мамлекетти алсыратат

Azattyk.org 

Устаранын мизинде тургандай бүгүнкү оомал-төкмөл заманда, айрыкча мезгил агымы улам тездеп, чечкиндүү кадамдардын зарылдыгы курчугандан курчуп бараткан азыркы чакта өлкө тагдыры баарыбызды ойлонтушу керек.

Якутиялык бакшы Габышев боюнча Европа сотуна арыз жиберилди

Azattyk.org 

Якутиялык башкы Александр Габышевдин укугун коргоп жаткан юристтер Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышты. Бул тууралуу адвокат Ольга Тимофеева билдирди. Арызда Габышев Якутиядагы психоневрологиялык диспансерге күчтөп жаткырылганы, укуктары бузулганы айтылат.  Якутиялык бакшыны ушул айдын башында милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери үйүнөн кармап кеткен жана ал психиатриялык ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  52 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй былтыр март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Читать дальше...

Жонсондун кеңешчиси карантинди бузганы үчүн кечирим сураган жок

Azattyk.org 

Британ премьер-министри Борис Жонсондун кеңешчиси коронавирус пандемиясынын убагында карантин эрежесин бузганы тууралуу дооматтарга жооп берди. Доминик Каммингс 25-майда Лондондогу басма сөз жыйынында кечирим суроодон баш тартты жана кызматтан кетпей турганын айтты. Буга чейин Каммингс Британияда эч ким үйдөн чыкпаган катаал карантин убагында анын эрежелерин кеминде эки жолу бузганы белгилүү боллгон. Ал март айында Лондондон 450 чакырым жердеги Дарэм шаарына аялы менен уулун алып туугандарына барган... Читать дальше...

Масалиев: Спикерге ишенбестик көрсөтүү боюнча былтыр демилге көтөрүлгөн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Дастанбек Жумабековго спикер катары ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге былтыр эле көтөрүлгөн. Бул тууралуу демилгечи, жакында эле Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан баш тарткан Исхак Масалиев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында айтты. Масалиев былтыр февралда эле фракцияга ушундай сунуш киргизгенин, бирок эмгиче карала элек экенин билдирди: «Фракция карай элек. Жакында эле Дастанбек Жумабековго ишенбестик көрсөтүү боюнча «Ата Мекен» фракциясында да сунуштар айтылып... Читать дальше...

27-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

27-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 26…31; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

«Коронавирусту фабрикадан жугуздум»

Azattyk.org 

Түркияда вандык жети кыргыз коронавирустан дарыланууда. Алар Түркиянын баш калаасы Анкарада жашап, вирусту иштеген жеринен жугузуп алышкан.

COVID-19: Вирус жуккандар менен контакт болгондордун саны жети миң адамга чамалады

Azattyk.org 

Кыргызстанда дээрлик жети миңге жакын адам коронавирус жуккандар менен контактта болгону үчүн медицина мекемелеринин байкоосунда турат. Бул тууралуу 26-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, алардын так саны - 6875 адам. Бул сан эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша өзгөрүп турат. Ал эми обсервацияда 2333 адам жатат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-майга карата бир суткада коронавирус жаңы аныкталган... Читать дальше...

Азия өнүктүрүү банкынан алынуучу каражаттын жарымы грант түрүндө болот

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстанда COVID-19 вирусунун тийгизген кесепеттери менен күрөшүү максатында Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн. доллар берет. Анын ичинен 25 млн. доллар грант түрүндө, калганы насыя түрүндө болот. Бул маалыматты 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Финансы министрлигинин өкүлү билдирди. Анын айтуусунда, насыя 24 жылдык мөөнөт менен берилди. Анын ичинен 8 жылы жеңилдетилген түрдө... Читать дальше...

Нарында катуу шамалдан кийинки чыгым эсептелүүдө

Azattyk.org 

Нарын облусунда катуу шамалдын кесепетинин материалдык чыгымы эсептелүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, Ак-Талаа районунда 25-майдын кечинде ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал Баетов айылындагы эки дүкөндүн жана бир ашкананын чатырын учуруп кетти. Ат-Башы районунда ушул эле күнү ылдамдыгы секундасына дээрлик 25-27 метрге жеткен шамал катталды. Шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатыры жана бир короодогу сарайдын 72 чарчы метр чатыры учуп кетти. Читать дальше...

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны жеткирилди

Azattyk.org 

Кыргызстандыктарды «Air India» авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча атайын уюштурулган чартердик учагы жеткирди. Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Индияда дарылануу жана башка иштер менен жүрүп, мекенине келе албай калышкан. Келгендердин баары медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, чет мамлекеттерде калган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери мындан ары да уланат. Читать дальше...

Бир суткада коронавирус 35 адамдан табылды, көбү ооруп жаткандар менен байланышкан (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 35 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 26-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын 25и - мурда ооругандар менен контакт болуп, жуктуруп алгандар, жетөө сырттан келгендер. Калган үчөө каерден жуктуруп алганы такталып жатат. Ал эми аймак боюнча алганда, 35 бейтаптын 12си Бишкекте, сегизи Нарын облусунда. Чүй жана Ош облустарында төрттөн адам. Төртөө Орусиянын аскердик окуу жайларында окуган курсанттар... Читать дальше...

Чаткал районунун акими алмашты

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов аким берген арызына ылайык кызматынан алынганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Чаткал райондук администрация башчысы болуп Жуманалы Накетаев дайындалды. Накетаев буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштечү. Жаңы дайындалган акимди өкмөттүн өкүлү бүгүн, 26-майда жамаатка тааныштырат. Канжарбек... Читать дальше...

Бишкек карантин чараларын жумшартты

Azattyk.org 

Бишкекте 25-майдан тартып коомдук транспорт каттап, кафелер менен дүкөндөр ачыла баштады. Бул өкмөттүн карантин чараларын жумшарткан экинчи кадамы.

Иран жөнөткөн күйүүчү май Венесуэлага жетти

Azattyk.org 

Ирандын алгачкы мунай танкери Венесуэланын портуна жетти. Бир кездери Латын Америкасындагы ири мунай өндүрүүчү болгон Венесуэла экономикалык кризиске батканы, күйүүчү майдын тартыштыгына алып келген. Бул эки өлкө тең Вашингтондун санкцияларына туш болгон.

Байлыгын байбичелерине байлаган депутаттар

Azattyk.org 

Издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштырган деп шек саналууда. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергей турган болду.

ИИМ: Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды

Azattyk.org 

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта “Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин “Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу”, “Алдамчылык” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *