Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 29.05.2020

АКШдагы башаламандык, Москвадагы кармоо

Azattyk.org 

АКШда ындыкара адамдын өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары дүйшөмбүдөн бери уланууда. Москвада полиция тарабынан сабалган кыргызстандык Нурсултан Ысманалиевдин арызы боюнча бейшембиде тергөөгө чейинки териштирүү башталды.

Президент Жээнбеков: Биздин армия — өлкөбүздүн ишенимдүү тиреги

Azattyk.org 

Кыргызстанда 29-май - Куралдуу күчтөрдүн күнү. Буга байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлерин куттуктады. Президент өз куттуктоосунда: «Биздин армиябыз - өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоодо жана жарандарыбызды коргоодо мамлекеттин ишенимдүү тиреги» деп белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникасы жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырып жатканын айтып кеткен. ... Читать дальше...

Гутерриш айрым өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүүгө чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш коронавирус пандемиясынын айынан өнүгүп келаткан өлкөлөр жапырт ачарчылыкка кабылып, жумушсуздук күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал 28-майда пандемиянын экономикалык кесепетин талкуулаган БУУнун жыйынында билдирди. Баш катчы буга байланыштуу глобалдык деңгээлдеги орток аракеттерге чакырды. Ал айткан сунуштардын арасында жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын жеңилдетүү да бар. «Глобалдык экономикалык төмөндөөнүн айынан көптөгөн өнүгүп келаткан өлкөлөр... Читать дальше...

Мамакеев эң узак иштеген хирург катары Гиннес китебине кирди

Azattyk.org 

Гиннестин рекорддор китебинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис деп табылды. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.  Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.   "Азаттыктын" архиви. Өмүрүн хирургияга арнаган Мамакеев. 1-октябрь, 2016-ж. Читать дальше...

Өкмөт Абылгазиевдин билими тууралуу сынга жооп берди

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев коомчулукта талкууланып жаткан билдирүүгө жооп берди. Ал активист Айбек Хакимов менен катар эле өкмөт башчы 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаганы ырас экенин айтты: «Экөө чынында бир жылда бүткөн. Бирок Абылгазиев магистратурада, Хакимов бакалавриатта окуган. Алар эки башка имаратта жана эки бөлөк убакытта билим алышкан». Буга чейин активист Айбек Хакимов «Фейсбуктагы» баракчасына премьер-министрдин... Читать дальше...

Ырчы карантинде гүл өстүрө баштады

Azattyk.org 

Тойдо ырчы жана музыкант катары кызмат кылган Адилет Жумабаев карантинде ишсиз калган. Ошондон улам Бишкектин “Жашылдандыруу” чарбасында иштеп жатат. Адилет карантинде көпчүлүк өнөр адамдар ишин алмаштырууга аргасыз болгонун айтат. Ушу тапта шаарды көрктөндүрүү менен алек болгон Адилет убактысы болгондо ыр жаздырып, сүйгөн ишин таштабаганга аракет кылууда.

Өзбекстанда мугалимди жумшаган аткаминер айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Ташкенттин Бука районунун акиминин орун басары Анвар Хонтураев мугалимдердин укугун басмырлаганы жана коомдук жумуштарга мажбурлаганы үчүн 22,3 млн. сум (163 миң сом) айыпка жыгылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка караганда аткаминер апрелдин аягындагы мектеп директорлору менен жолугууда аларга айлана-чөйрөнү тазалап, оңдоого буйрук берген. Андан соң майдын башында мугалимдерди сугатка айдаган. Ошондой эле Хонтураев 12-мектептин директорун эл көзүнчө келекелеп... Читать дальше...



Бишкекке Филиппинден жана Түштүк Кореядан Кыргызстандын 58 жараны жеткирилди

Azattyk.org 

«Манас» эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-майында Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча «T-Way» авиакомпаниясынын чартердик учагын тосуп алышты.  Жалпысынан Филиппинден жана Түштүк Кореядан мекенине 58 кыргызстандык кайтып келди.  Бардык учуп келгендер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык текшерүүдөн өтүш үчүн обсервацияга жаткырылды.  Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу аракети өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана кызматташтыгы менен жүрүп жатат.

«Boeing» «737 MAX» учагын өндүрүүнү жандантты

Azattyk.org 

«Боинг» компаниясы жүргүнчү ташуучу «737 MAX» учактарын жасоону кайра жандантты. «737 MAX» топтомундагы учактын 2016-жылы чыгарылган үлгүсү 2018-жылы октябрда Индонезияда, 2019-жылы мартта Эфиопияда кулап, 346 киши каза болгон. Ошондон кийин убактылуу өндүрүштөн алынган эле. Апрелде компания кардарларына «737 MAX» учактарын жеткирүүнү үчүнчү кварталда, көзөмөл органдарынан уруксат алгандан кийин баштай турганын билдирген. Буга чейин «Reuters» агенттиги бул үлгүдөгү учактардын учушуна августтан кийин гана уруксат берилерин кабарлаган. Читать дальше...

ЕККУ: Тажикстандагы шайлоо демократияга шайкеш болгон жок

Azattyk.org 

ЕККУнун Адам укуктары жана демократия институттары боюнча бюросунун миссиясы үч айдан кийин Тажикстандагы парламенттик шайлоо тууралуу баяндамасын жарыялады. Шайлоо 1-мартта өткөн. «Парламенттик шайлоо катуу көзөмөл алдында болду, эркиндик менен саясий укуктун башкы эрежелери бузулду. Саясий талкууга орун берилген жок, оппозиция саясий ландшафтан четтетилди», деп айтылат баяндамада. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, тажик шайлоочуларына тандоо мүмкүнчүлүгү берилген жок. Андагы шайлоодо президент... Читать дальше...

«Ата Мекен» кесиптик билим берүү тармагын реформалоону талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы 29-майдагы жыйынында  кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулады.   Жыйында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова баяндама жасады. Анын айтымында,  бул тармакка бюджеттен жылына бир миллиард 250 миллион сом бөлүнөт. Иликтөөлөр бүтүрүүчүлөрдүн 96 пайызы иш менен камсыз болорун көрсөтүп жатканын кошумчалады.  Талкууда депутат Бахадыр Сулейманов өкмөттү кесиптик билим... Читать дальше...

Ошто индиялык студент сууга агып каза болду

Azattyk.org 

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 19 жаштагы индиялык жаран Ак-Буура суусуна агып, каза болгон. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, 112 ыкчам номерине 29-майга оогон түндө, саат 4:00 чамасында маалымат түшкөн. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери жүргүзүшкөн. 29-май күнү, болжол менен саат 9:30 чамасында студенттин сөөгү табылган. Читать дальше...

Чек арачы катышкан чыр боюнча кызматтык иликтөө башталды

Azattyk.org 

Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору менен Мамлекеттик чек ара кызматынын аскери катышкан чатак боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы «Азаттыкка» кабарлады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуя 26-май күнү саат 22:00 чамасында Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунда, «Таш-Коро» санитардык-карантин постунда болгон. Ага ылайык, жол тартибин көзөмөлдөөчү инспектор БМВ үлгүсүндөгү автоунааны... Читать дальше...

Исаев: Өкмөт эркин экономикалык аймакты көзөмөлдөбөй жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Канатбек Исаев өкмөттү «Бишкек» эркин экономикалык аймагын көзөмөлдөй албай жатат деп сындады. Ал мамлекетке акча түшпөй жатканын, штаттык орундар ыксыз көбөйтүлүп жана аймакта тендерсиз курулуштар жүргүзүлгөнүн, мыйзамсыз иштер орун алып жатканын айтты. «Жетекчилери өздөрүнө жогорку айлык коюп алган, жумушка туугандарын орноштурган. 300 гектар жери бар аймак жыл ичинде тапкан кирешесинен салык катары казынага 6 млн. сом да төлөгөн эмес», - деди депутат. Читать дальше...

УКМК кызматкери жана вице-мэр катышты деген мушташ боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери менен Бишкектин вице-мэри катышты деген окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди. Буга чейин вице-мэр Алмаз Бакетаев чыр боюнча маалымат берген. Анда Бакетаев маалымат булактарында туура эмес кабар тарап, өз дарегине көлөкө түшкөнүн айткан. Шаршембиде баш калаанын Чыңгыз Молдокеев аттуу тургуну 26-майда үйүнө кире бериш жерде УКМКнын кызматкери деген Чыңгыз Айманбаев... Читать дальше...

Малдын тирүүлөй экспорту көбөйдү

Azattyk.org 

Быйылкы төрт айдын ичинде Кыргызстандан сыртка сатылган тирүүлөй малдын экспорту 78% көбөйдү. Бул тууралуу 29-майда айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эркинбек Чодуев маалымдады. Анын айтымында жыл башынан бери чет өлкөлөргө 8800 баш сатылды. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 2400 башка көп. Чодуевдин айтымында, быйыл кургатылган жер-жемиштин да экспорту арбыды. Жалпысынан 28 542 тонна кургатылган жемиштер Орусия жана башка чет өлкөлөргө сатылды. Анын ичинде жаңгак сыртка 3845 тонна экспорттолду. Читать дальше...

Оштогу төрөт үйүндөгүлөр башка обсервацияга которулду

Azattyk.org 

Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияга алынгандар толук шарты бар клиникаларга которулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады. Маалыматка ылайык, алардын баары 28-май күнү кечке жуук которулду. 28-майда Оштогу шаардык төрөт үйүндөгү 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркай, 14ү жаңы төрөгөн энелер, калганы медицина кызматкерлери.  28-май күнү төрөт үйүндөгү энелер шарттын жоктугуна нааразы болуп, үйүнө жиберүүнү талап кылышкан. Читать дальше...

Элеттик эне: Кыздар сөзсүз окушу керек, ансыз болбойт

Azattyk.org 

Бир үйдө кайненеси, келини жана неберелери менен жашаган Дамель Исмаилова - айыл активисти. Ал айылдаштарына үй-бүлөнү бекемдөө, кайнене менен келин ортосундагы мамилени чыңдоо жана түшүнүүгө үгүттөгөн иштерди алып барат. Дамель муну менен элдеги келинге карата калыптанып калган стереотиптерди жокко чыгаргысы келет. Ысык-Көлдүн Желе-Дөбө айылындагы активист аялдын жашоосу тууралуу видеодон толук көрө аласыз.

«Кытай бийлиги паспортубузду алып койду»

Azattyk.org 

Кытайлык казактар менен иштешкен Казакстандагы уюмдар саясий лагерлерге камалгандардын бир бөлүгү эркиндикке чыкканы менен эмгиче паспортун колуна ала албай жүргөнүн билдирет.

Үсөнбаев: Бишкек шаарында жана Нарын облусунда кырдаал курч

Azattyk.org 

Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, коронавирус очогу аталган аймактардагы медициналык мекемелерде да катталды.  «Бишкекте бир нече медициналык мекемелерде: онкологиялык жана жугуштуу оорулар ооруканасында, бир катар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда оору чыгып кетип, вирус жуккандар көбүрөөк болду. Нарында да облустук ооруканада оору көп катталды... Читать дальше...

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 68 адам жаңы катталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда 29-майда вирус аныкталган 68 кишинин көпчүлүгү Орусиядан келгендер. Алардын ичинен:  Ош шаарында - эки адам. Нарын облусунда - төрт;  Бишкекте - 9+26 (Орусиядан келген курсанттар);  Чүй облусунда - беш;  Баткенде - бир киши.  Мындан тышкары Орусиядан келгендерден акыркы бир суткада дагы 21 адамдан коронавирус табылды. Алардын арасында 11и кош бойлуу аялдар. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 22 бейтап айыгып чыкты. Читать дальше...

Бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган сайт иштелип чыкты

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштеп чыкты. Маалыматка караганда, аталган порталда ата-энеси баш тарткан балдардын саны, жынысы, жашы жана улуту тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Аны Кыргызстандын жарандары өлкөнүн бардык аймактарында онлайн көрсө болот. Андан тышкары бала асырап алууну каалаган адам ошол эле портал аркылуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Багып... Читать дальше...

Текебаевдин иши боюнча сот дээрлик бир айга жылдырылды

Azattyk.org 

28-майда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум 25-июнга чейин жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ишти карап жаткан райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.   Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Читать дальше...

Миннесота штатында афроамерикалыктын өлүмү нааразылык жаратты

Azattyk.org 

АКШнын Миннесота штатына караштуу Миннеаполис шаарында үч күндөн бери башаламандык өкүм сүрүүдө. Нааразылык акцияларына кара терилүү Жорж Флойд аттуу жарандын өлүмү себеп болду. 46 жаштагы Флойд 25-майда полиция кызматкерлери кармап кеткенден кийин ооруканада каза тапкан. Социалдык тармактарда тараган видеодо колуна кишен салынган Флойддун жерде жатканын, аны полиция кызматкери тизеси менен мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд бир нече жолу дем ала албай, думугуп баратканын айткан. Анын өлүмүнүн негизги себеби аныктала элек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *