Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 02.06.2020

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы  2-июнга караган түнү Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын жана анда курал колдонулганын билдирди. Маалыматка караганда, Баткен районунун Эски-Таш аймагында түнкү саат 01.20 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан Ош-Исфана автожолунда бара жаткан кыргызстандык  жаранга бир нече жолу ок атышкан. Кыргызстандык айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылдык ооруканасына жеткирилген. Мекеме окуя болгондон кийин... Читать дальше...

COVID-19: Кыргызстанда дагы бир бейтап кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы бир бейтап ооруканада кайтыш болду. Бул тууралуу 2-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Үсөнбаевдин айтымында, 1-июнда Нарын шаарында 79 жаштагы аял бейтап каза тапты. Анын эски оорулары өтүшүп кеткени аныкталды:  «Нарын облустук ооруканасында 13-майдан бери дарыланып жаткан. Диагноздору өтө көп болчу. 29-майда реанимацияга келип кеткен. 30-майда пневмония табылып, күмөн пайда болгондуктан инфекциялык госпиталга которулган. Читать дальше...

Комитет чек ара маселесин жабык карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2-июндагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды талкуулоого киришти. Жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун маселени жабык кароо тууралуу сунушу колдоо тапты.  Комитет жыйынына премьер-министрдин министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов чакырылып, Баткенде сапарда болгондуктан келген эмес. 31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркаган. Читать дальше...

Коронавирус дагы 28 адамдан жаңы табылды, бир бейтап кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 2-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын көбү Ош шаарында - 16 адам. Мындан тышкары Бишкек шаарында 11, Нарын облусунда бир адам. 1-июнда Нарын шаарында коронавирус жуккан 79 жаштагы аял бейтап каза тапты. Анын эски оорулары өтүшүп кеткени аныкталды. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 18-марттан 2-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1845 адамдан табылды... Читать дальше...

Ош-Новосибирск жана Бишкек-Москва багытында учак каттайт

Azattyk.org 

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жакында боло турган каттам тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 7-июнда саат 17:45те Ош-Новосибирск багытында учак каттамы уюштурулган. Учакка Новосибирск, Томск, Кемеровск, Омск, Иркутск облустарына, Алтай крайына, Алтай республикасына, Красноярскиге, Тыва жана Хакасияга кетүүчү адамдар отургузулат. Элчиликтин маалыматына караганда, учакка билеттер мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу катталган жарандарга гана сатылат. Ошондой эле 7-июндагы... Читать дальше...

Канттагы база боюнча макулдашууну өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште каралат

Azattyk.org 

Орусиянын Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына талкууга чыгарылганы жатат. Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору 4-июнда биринчи окууда каралат. Демилгечиси – кыргыз өкмөтү. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, азыркы учурда «Кант» аэродромунун учуп-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн толук... Читать дальше...

Өзбекстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, «Озодлик» сайты жазды. Маалыматка караганда расмий Ташкент Хуршид Мирзахидовду Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындады жана жаңы элчи Бишкекке 30-майда келди. Хуршид Мирзахидов 49 жашта. Мурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясын жетектеген. Маалыматтык технологиялар жана байланыш министри болгон. Мурдагы элчи Камил Рашидовдун дипломатиялык миссиясы 2019-жылы августта аяктаган.  Ал Кыргызстанда 2012-жылдан баштап иштеген. Читать дальше...

АКШда алтынчы түн катары менен нааразылык акциялары уланды

Azattyk.org 

АКШда ынды кара Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин расалык теңсиздикке каршы толкундоолор алтынчы түнү да уланды. Өлкөнүн 40тан ашуун шаарларына коменданттык саат киргизилгенине карабай, нааразылык акциялары түндө да уланды. Нью-Йорк, Чикаго, Филаделфия, Лос-Анджелес шаарларында демонстранттар менен полиция кагылышканы кабарланды. Чогулгандарды кууп таркатыш үчүн полиция жаш агызчу газ жана желим окторду пайдаланууда. Айрым шаарларда дүкөндөр тонолуп, полициянын автоунаалары өрттөлдү. 1-июнда АКШнын... Читать дальше...

«Netflix», «Nike» жана «Adidas» расалык теңсиздикке каршы чыккандарды колдоду

Azattyk.org 

Технология, банк, мода жана шоу-бизнес тармагында иштеген америкалык белдүү компаниялар расалык теңсиздикке каршы чыккандарды колдошууда. «Америка үнү» маалымдагандай, «Netflix» компаниясы «Твиттердеги» баракчасына «унчукпай коюу - кошулууга барабар» деп жазып, компанияда иштеген афроамерикалыктар үчүн расалык теңсиздикке каршы чыккандарды колдоону өзүнүн милдети катары билдирди. «Google» башкы бетине расалык теңсиздикти колдоону билдирүүсүн жарыялады. «Twitter» өзүнүн расмий аккаунтуна #BlackLivesMatter ... Читать дальше...

Дональд Трамп демонстранттардан тазаланган Лафайет аянтында сейилдеди

Azattyk.org 

Президент Трамп юстиция министри Уильям Барр, Пентагондун башчысы Марк Эспер, кызы Иванка, күйөө баласы, администрация кызматкерлери жана журналисттер менен кошо резиденциядан чыгып, ээн аянтка барды. Ал бир күн мурда өрттөлгөн Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барып, Библияны кармап туруп, «Америка - дүйнөдөгү эң улуу өлкө!» деп айтты. Андан кийин мамлекеттин коопсуздугун сактоого убада берди. Андан мурдараак америкалыктарга кайрылуусунда президент Трамп башаламандыкты токтотуш үчүн жарандык жана аскердик... Читать дальше...

Вашингтондун мэри демонстранттарга каршы күч колдонулганын сынга алды

Azattyk.org 

Вашингтондун мэри Мүриэл Баузер демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын сынга алды. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Коменданттык саатты саат 19дан тартып киргизгенбиз. Коменданттык саатка 25 мүнөт калганда федералдык полиция Ак үйдүн алдындагы тынч демонстранттарга күч колдоно баштады. Бул Вашингтон полициясынын ишин ансайын кыйындатты. Бул осол иш!», деп жазды. Мэр вашингтондуктарды үй-жайына тароого жана «коопсуз жерде калууга» чакырды. 1-июнда президент Трамп Ак үйдөгү... Читать дальше...

Боронов: Чечме булак жайгашкан чек араны комиссия чечет

Azattyk.org 

Бул туурасында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 1-июнда Чечме айылынын тургундарына билдирди. Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуудан кийин жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аларга сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди: «Булактын айланасындагы чек араны биз чечкен жокпуз. Аны эки өлкөнүн чек араларды аныктап, тактоочу комиссиялары чогуу отуруп, иштеп чечет. Чек аранын башка жагындагы 85% чечкен комиссия бул жерди да карайт. Аларга... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *