Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 08.06.2020

Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хьюстондо өтөт

Azattyk.org 

АКШнын Миннеаполис шаарында полицияга кармалгандан кийин көз жумган Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү төрөлүп өскөн Хьюстон шаарында 8-июнда өтөт. Ал эми сөөгү 9-июнда жерге берилет. Мурдагы вице-президент, президенттикке ат салышууну көздөп жаткан Жо Байден Хьюстонго барып, Флойддун үй-бүлөсүнө көңүл айтууну көздөп жатканы маалым болду. 25-майда жасалма акча колдонгон деген шек менен кармалган Флойдду полиция жерге жаткырып, тизеси менен муунткан. «Демим кыстыгып жатат» деп Флойд... Читать дальше...

9-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

9-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.​ Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25; Ош, Баткен... Читать дальше...

Сыдымановдун соту экспертизанын жыйынтыгынан кийин уланмай болду

Azattyk.org 

Блогер Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү экспертиза аяктаганча убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Али Магеев билдирди. Жактоочунун айтымында, 8-июндагы отурумда судья блогердин айткандары боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланат деген чечим чыгарды: “Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, экспертиза аныктагандан кийин уланат. Ага чейин сот убактылуу токтотулду”. Читать дальше...

Айдоочулар бажы бекетинен «Абу-Сахийдин» автоунаалары гана өтүп жатканына нааразы

Azattyk.org 

8-июнда Кытайдан жүк ташыган айдоочулар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына нааразылык билдирип чыгышты. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда, 50дөй киши бажы бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүдө бирдей мамиле кылууну талап кылып турушат. Алар «Эркечтам» бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын айтышууда. Буга чейин бир нече жолу жергиликтүү бийликке кайрылышканын, бирок маселе чечилбегенин да айтышты. Нааразы тарапты облустук бийликтин өкүлдөрү кабыл алып... Читать дальше...

Берлин АКШнын аскерлерин чыгарып кетүү ниетине тынчсызданууда

Azattyk.org 

Берлин АКШнын Германия аймагынан өзүнүн миңдеген аскерлерин чыгарып кетүү ниетине тынчсызданууда. Буга чейин "Wall Street Journal" жана "Der Spiegel" басылмалары АКШ президенти Дональд Трамп Германиядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөп жатканын жазышкан. Маалыматтарга караганда кеп 9 500 аскер жөнүндө болуп жатат. Ал эми "Der Spiegel" басылмасы 5 миңден 15 миңге чейин аскерин чыгарып кетиши мүмкүн экенин жазды. Учурда Германияда 34 миңдей америкалык аскерлер бар. Расмий Берлиндин өкүлү Петер... Читать дальше...

Нью-Йоркто карантин чаралары жумшартыла баштады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардагы коронавирустун очогуна айланган Нью-Йорк шаарында 8-июндан тартып айрым ишканалар ачыла баштады. Эки ай мурда бул шаарда коронавирустан бир күндө жүздөгөн адамдар көз жумган учурлар болгон. Азыркы статистикага ылайык, бир күндө жуктуруп алгандардын саны 500дүн тегерегинде болуп жатат. Жергиликтүү бийлик сандар турукташып калганына байланыштуу айрым ишканалардын, анын ичинде курулуштун, өндүрүштүн, соода компаниялардын жанданышына уруксат берди. 400 миңдей адам жумуш орундарына кайтары күтүлүп жатат. Читать дальше...

Коронавирус: Нарындын №2 мектеп-гимназиясынын директору Айчүрөк Самакова кайтыш болду

Azattyk.org 

Нарында коронавирустан каза болгон Айчүрөк Самакова шаардагы №2 мектеп-гимназияны 1997-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Билим берүү жана илим министрлиги “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы деген наамдарга татыган Самакова бул мекемеде жалпысынан 34 жыл иштеди. 67 жаштагы Самакова 7-июнда каза болду. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ал коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки тараптуу пневмонияга чалдыкканын айтты: “Бул киши да үйдө жатып алган экен. Читать дальше...

Билл Гейтс: микрочиптерге тиешем жок

Azattyk.org 

Америкалык миллиардер жана "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс учурда социалдык тармактарда кеңири жайылып жаткан имиштерди четке какты. Пандемия башталганы "коронавирустан вакцина жасоо менен адамдарга микрочип киргизилет экен, мунун артында Гейтс турат" деген имиштер таркап кеткен. "Мен эч качан эч бир микрочиптерге тиешем болгон эмес. Муну четке кагыш да кыйын, анткени мындай нерсе акылга сыйбайт",-деди ал өткөн жумада журналисттер менен телефон аркылуу өткөргөн басма сөз жыйынында. Читать дальше...



Кой-Таш окуялары боюнча сот 15-июнга калды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараян 15-июнда уланат. Мындай чечимди сот бүгүн кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.  Анын айтымында, айыпталуучулардын адвокаттарынын бири териштирүүгө келбей калгандыктан, сот отуруму кийинкиге жылган.  Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишинин соту болууда. Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Читать дальше...

ӨКМ: Жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын бешөө 12 жашка чыга элек балдар. Былтыр, 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. Ал эми 2018-жылы Кыргызстанда 150 адамдын өмүрү кырсыктын ушул түрүнө байланыштуу кыйылган (108и жайкы сезондо), алардын 35и 12 жашка чыга элек балдар. Читать дальше...

«Саясий репрессияга каршылык комитети»: ОБОН чагымчылар жоопко тартылышы керек

Azattyk.org 

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм Кыргызстанда жарандык жүрүштөргө жана митингдерге каршы атайын топторду колдонуу жаман адатка айланып баратат деп эсептейт. 8-июнда уюм кайрылуу таратып, эл арасында ОБОН деген атка конгон бул топтор бийликтин позициясына макул болбогондорду жаманатты кылуу, алар уюштурган иш-чараларда ызы-чуу чыгаруу менен алектенери айтылды. Уюмдун өкүлү Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей: “Кыргызстандын жаңы тарыхындагы кейиштүү кесепеттерге... Читать дальше...

Бишкекте Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жарандар митингге чыгышты. Чогулгандар «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!», "Карызды төлөсүн!", "Уурулар камалсын!" деп кыйкырып турушат. Катышуучулардын айрымдары "Алмазбек Атамбаев бийликте турганда көп алешемдиктерге жол берилген, Кыргызстан карызга белчеден батканы үчүн жооп бериши керек" деп билдиришти. Ушул эле топ 1-июндагы сот учурунда да митинг өткөрүшкөн. Соттун жанында Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары да турушат. Читать дальше...

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки аялдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июнда кабарлагандай, кырсык 7-июнда таңга жуук Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) болгон. “Хонда Степ” машинасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Натыйжада 39 жана 48 жаштагы эки аял каза болуп, үч жүргүнчү жараат алды. Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн машинадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал... Читать дальше...

Балдарды коркутпай окутса болобу?

Azattyk.org 

Кыргыз мектептери азыркы замандын талаптарына жооп берген билим берип жатабы? Канткенде жеткинчектер коркпой окуп, эркин ой жүгүртө алышат? Ушул маселелерди Кыргызстан, Германия, Жапония, Түркияда жашаган адистер менен талкууладык.

Коронавирус: Нарында кайтыш болгон бейтап тууралуу маалымат берилди

Azattyk.org 

7-июнда Нарында каза болгон бейтап коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки тараптуу пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу 8-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, 67 жаштагы аял COVID-19 илдетинен кийин абалы оорлоп, ооруканага 5-июнда жаткырылган: “Бул киши да үйдө жатып алган экен. Клиникалык белгилер чыга баштаганда тийиштүү кызматтарга кайрылып, мобилдик бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылыптыр. 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын инфекциялык госпиталына которулган. Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада бир бейтап кайтыш болду, оору жуккан 25 адам жаңы катталды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 8-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Оору жуккандардын көбү Бишкекте катталды - 18 адам. Мындан тышкары Чүй облусунда жети адам. Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган бир адам - Нарын облустук ооруканасында жаткан 67 жаштагы аял бейтап көз жумду. Бир суткада 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды... Читать дальше...

Студенттерди заманбап ыкма менен окутуу усулдары үйрөтүлөт

Azattyk.org 

“Онлайн университет” платформасы 8-июнда мектеп окуучуларын жана жогорку окуу жайлардын студенттерин окутууда долбоорго таянып иштөө ыкмасын үйрөткөн вебинар уюштурат. “Долбоордун негизинде окутуу усулу: колдонуу боюнча практикалык сунуштар” деген темада өтө турган иш-чаранын максаты – мындай ыкманын артыкчылыгын жана өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берүү, кадимки сабактан айырмасын жана аны болочок инженерлерди даярдоо боюнча окуу пландарына интеграциялоо маселесин талкуулоо.  Бул багытта топтолгон тажрыйбасы... Читать дальше...

Бишкекте гүл көргөзмөсү өтүп жатат

Azattyk.org 

Борбор калаанын Жеңиш аянтында үйдө жана бакчада өстүрүүчү гүлдөрдүн көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат. Анда гүлдүн түрлөрүнөн тышкары гүл өстүрүүчү карапалар, жомок каармандарынын бакчага коюлуучу сөлөкөттөрү жана багбанчылыкка керектүү товарлар да сатылууда. Көргөзмөдө гүл өстүрүүнү сүйгөндөр адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлгөн. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, гүл көргөзмөсү 15-июнга чейин болот. (ZKo)

Ош мэри: Санитардык талаптарды бузган мечиттер кайра жабылат

Azattyk.org 

Ош шаарындагы 72 мечиттин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүлүп, андагы санитардык талаптардын сакталышына көзөмөл кылынат. Талапка жооп бербеген же аны сактабаган мечиттер жабылат. Бул маалыматты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев брифингде билдирди: “Биз Ош шаардык казыят менен сүйлөштүк. Ага ылайык, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, беткаптар менен камсыз болууга тийиш. Намазга келгендер социалдык аралыкты сактап, мечитке беткапсыз киргизилбейт. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса... Читать дальше...

Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт

Azattyk.org 

Шаардык мэриянын маалыматына караганда №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок. Учурда анда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө. Калган бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна текшерилип, имараттары дезинфекцияланды. Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт. Кечээ бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус табылган. Читать дальше...

Бристолдо демонстранттар кул сатуучунун эстелигин кулатып салышты

Azattyk.org 

Британиянын түштүк-батышындагы Бристол аймагында расизмге каршы демонстрацияга чыккандар Эдвард Колстондун эстелигин кулатып, Эйвон суусуна ыргытып жиберишти. Сууга чейин эстеликти көчө менен сүйрөп барышканын британиялык "Гардиан" басылмасы жазды. Мурдараак эстеликтин алынышы тууралуу петицияга 11 миң жаран кол койгон. Петицияда: "Биз албетте тарыхты унутпашыбыз керек. Бирок адам сатуу менен акча тапкан адамдар эстелик кылып эскерүүгө татыксыз. Мындай сый-урматка дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүү... Читать дальше...

Вашингтондон Улуттук гвардиянын 5 миң аскери чыгарылат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын Вашингтондон Улуттук гвардиянын 5 миң аскерин чыгаруу тууралуу буйругу 7-июнда чыкты. Бул аскерлер АКШ борбор калаасына нааразылык акцияларын басуу үчүн өткөн жумада киргизилген. Президент Трамп бул чечимин "өлкөнүн борбор калаасы кылдат көзөмөлдөө" деп билдиргенин "Америка үнү" радиосу жазды. Улуттук гвардиянын аскерлерин чыгаруу буйругуна карабай, АКШнын мурдагы аскер жетекчилери Трамптын Вашингтонго он миң жоокер киргизүү тууралуу билдирүүсүнө нааразылыгын улантышууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *