Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 18.06.2020

COVID-19: Өзбекстанда өкмөттүн имараты карантинге алынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын өкмөтүндөгү департаменттердин биринин жетекчиси коронавирус жуктуруп алганы үчүн министрлер кабинетинин имараты толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Дарье" басылмасы өкмөттөгү өз булактарына таянып билдирди. Бирок өкмөттө ким вирусту жугузуп алганы, карантин канчага чейин созулары так белгиленген жок. Президент Шавкат Мирзиёев 16-июндагы видеоселектордук жыйында акыркы эки жуманын ичинде Ташкентте 482 киши вирус жуктуруп алганын, алардын 57си кайдан жуктурганы белгисиз болуп жатканын билдирген. Читать дальше...

94 жаштагы Алтын апа Мессинин күйөрманы

Azattyk.org 

Алтын Качканакова быйыл 94кө чыкты. Кочкор районунда жашайт. Футболдун өзгөчө күйөрманы. Белгилүү футболчу Пеленин доорунан баштап, азыркы дүйнө жылдыздарына чейин жатка билчү. Акыркы эки жылдан бери карылыктын айынан унутчаак боло баштаган экен. Ошого карабай Месси менен Роналдуну жазбай тааныйт.

Парламент Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун угуп жатат (видео)

Azattyk.org 

Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия иликтөөсүн жыйынтыктады. Учурда анын корутундусун комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов парламенттин сессиясында тааныштырууда. Ал окуган бир сааттык бүтүмдө Саймаитинин туулган жылы, жери, Кыргызстандын документин мыйзамсыз алышы, ага байланыштуу козголгон кылмыш иши, өлүмү, акча которууларга байланыштуу документтер, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка маселелер баяндалып жатат. Читать дальше...

АКШнын министрлиги Болтондун китеби боюнча сотко кайрылды

Azattyk.org 

АКШнын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун эскерүүлөрүн чыгарбоо үчүн федералдык сотко кайрылды. Вашингтон китепте мамлекеттик купуя маалыматтар камтылганын, ал жарыяланса улуттук коопсуздукка доо кетерин айтып келатат.  23-июнда жарык көрөрү пландалып жаткан китептин үзүндүлөрү америкалык үч ири гезитке жарыяланды. Болтон кеңешчи болуп турган 17 айдагы окуяларды баяндаган бөлүктөрүндө чуулгандуу жерлери бар. Мисалы, Болтон Трамп... Читать дальше...

Түркия Ирактагы 500дөй позицияны жок кылганын билдирди

Azattyk.org 

Түркиянын Коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндөгү аскердик операциянын алкагында күрд жоочуларынын 500дөн ашуун позициялары жок кылынганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, 14-июнда жана 16-июнда Түркия Ирактагы Күрд жумушчулар партиясына таандык деген жайларга эки ирет аба чабуулдары уюштурулду. Анда F-16 аскердик учактары, дрондор жана артиллериялык курал-жарактар колдонулду. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар операция "жакшы жүрүп жатканын", "мындай олуттуулук жана бекемдик менен улана турган болсо... Читать дальше...

Бишкекте “Тез жардам” автоунаасы кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Бишкекте “Тез жардам” автоунаасы менен КамАЗ кагышып, төрт адамдын абалы оор экени кабарланды. Жол кырсыгы башкалаанын Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Андан “Тез жардам” машинесиндеги төрт медицина кызматкери жараат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Жол кырсыгынан дагы бир жеңил автоунаа жабыркаганы айтылып жатат. Жол кыймылынын эрежелерине ылайык атайын автоунаалар... Читать дальше...

Тосмо арызды алып салуу мыйзам долбоору биринчи окууга талаш менен жөнөтүлдү

Azattyk.org 

“Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттин 18-июндагы жыйынында кызуу талкууланды. Документ жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылышын камсыздоону максат кылат. Депутат Зиядин Жамалдинов, Камчыбек Жолдошбаев, Махабат Мавлянов демилгени колдобой, чатакташкан тараптардын бири-бирине кечирүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин айтышты. Башка эл өкүлдөрү Дастан Бекешев... Читать дальше...



Сулайман-Тоодо бак-дарактар эмнеге кыйылды?

Azattyk.org 

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплексинин аймагындагы 55 түп бак-дарактын кыйылышы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тоону көзөмөлдөгөн Сулайман-Тоо музей комплекси дарактарды «жашартуу үчүн кыйдык» деп жүйө келтирүүдө. Шаар тургундары бак-даракты кыюуга жол берген жетекчилик жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып чыгышты.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти кызматтан кетти

Azattyk.org 

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттигинин жаңы жетекчиси Майкл Пактын чечими менен кызматтан алынганын билдирди. Ал мындай мазмундагы катын 18-июнда радионун кызматкерлерине жолдоду. 2019-жылдын август айында ишке киришкен Жейми Флай бул уюм менен узагыраак убакытка чогуу иштешүүгө үмүт артканын, радионун вице-президенти Дейзи Синделар жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын маалымдады. "Associated Press" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай... Читать дальше...

Бишкекте бүтүрүүчүлөр "Алтын тамга" сынагын тапшырууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарында бүтүрүүчүлөр артыкчылык аттестат алуу үчүн тест тапшырууда. Бүтүрүүчүлөр тестирлөөгө экиге бөлүнүп катышууда. Биринчи топто жалпы 154 талапкер катышканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов “Азаттыкка” билдирди. “Жыйынтыктар дароо чыгарылып, окуучулардын колуна берилип жатат. Эч кандай талаш-тартыш жок, ачык-айкын”. Маалыматка караганда, “Алтын тамга” сынагы 12-июнда Баткен, Талас облустарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өткөн. Читать дальше...

Дашков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат

Azattyk.org 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорду бир айдан кийин баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Василий Дашков билдиргенин мекеменин сайты жазып чыкты. Анда Дашков тараптар бардык келишимдерге жетишкенин, долбоорго жалпы 4,5 миллиард доллар кетерин айткан. Маалыматка караганда,  долбоорду каржылоого Орусия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөт. 17-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Читать дальше...

Парламент сессиясы түштөн кийинки ишин ондон ашык депутат менен баштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 18-июнда түшкү тыныгуудан кийинки сессиясын адаттагыдай саат 14:00дө улантты. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков таблону карап, 68 депутат каттоодон өткөнүн, кворум бар экенин айтып, жыйынды баштады. «Азаттыктын» парламентте жүргөн кабарчылары жыйында ондон ашык депутат отурганын, алар жыйында жок эл өкүлдөрүнүн электрондук катталуу топчусун басып жатканын билдиришти. Жогорку Кеңеш бүгүн, 18-июнда отуздай мыйзам долбоорун карап жатат. Алардын катарында коомчулуктун кызуу талкуусундагы... Читать дальше...

АКШда Брукстун өлүмү боюнча полиция кызматкерине айып коюлду

Azattyk.org 

АКШнын Атланта шаарында полиция кармап жатканда жарадар болуп, ооруканада каза болгон афроамерикалык Рейшард Брукстун өлүмүнө байланыштуу бир полиция кызматкерине айып тагылды. Полициянын 27 жаштагы офицери Гаррет Рольфко "киши өлтүрүү" сыяктуу ондой айып тагылганын Фултон округунун прокурору Пол Ховард 17-июнда жарыялады. Окуя болгондон көп өтпөй кызматтан алынган бул полициячы күнөөлүү деп табылса, ондогон жылдарга абакка кесилип, балким өлүм жазасына да өкүм кылынышы мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза 14-июнда билдиргендей... Читать дальше...

175 бирикме өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды колдобоого чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы 175 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү парламент депутаттарына кайрылуу жолдоп, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Кайрылууда документ коммерциялык эмес уюмдардын төрт түрүнө – коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге, юридикалык бирикмелерге жана менчик мекемелерге дискриминациялык жана убара кылуучу кошумча талаптарды жаратаары белгиленген. Читать дальше...

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 450 миңге чукулдады

Azattyk.org 

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 18-июнга карата дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен өлгөндөрдүн саны 449 047 адамга жетти. Вирусту жугузуп алгандар 8 миллион 350 миңден ашты. Илдеттен көз жумгандардын төрттөн биринен көбү Кошмо Штаттарга туура келет. Соңку күндөрү АКШнын Оклахома, Техас, Калифорния, Флорида жана Аризона штаттарында коронавирусту жугузуп алгандар көбөйгөнү байкалууда. Өткөн аптада Кытайдын баш калаасы Бээжинде коронавирустун жаңы очогу пайда... Читать дальше...

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга чакырган пикет өттү

Azattyk.org 

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга чакырган пикет 18-июнда Бишкектеги Ак үйдүн жанында өттү. Бир нече жарандык активист Сузакта моюнуна дөңгөлөк илинип, сабалган аялга тилектештик билдирди. Алар моюндарына чынжырга илинген дөңгөлөк илип турушту. Пикетке байкоо салган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда пикетте эреже бузуу болгон жок. “Пикетке чыккан активисттер да аралыкты сактап турушту. Милиция кызматкерлери да алыстан көз салып, журналисттерге аралыкты сактоону эскертип жатышты. Читать дальше...

Казакстандын экс-президенти Назарбаевге коронавирус жукту

Azattyk.org 

Казакстанды отуз жылдай башкарып, былтыр мартта президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады. “Азыркы учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонду. Тилекке каршы, анын соңку тестинен коронавирус аныкталды. Чочулоого негиз жок. Нурсултан Назарбаев аралыктан иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта. Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри... Читать дальше...

ИИМ журналистке милиция жардам бербеди деген маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Kaktus.media басылмасынын кабарчысы Марат Уралиевге белгисиз бирөө кол салган учурда көчөдөн өтүп бара жаткан кайгуул кызматы көңүл бурбай кетип калганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул маалыматтарга байланыштуу ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзгөнүн, маалымат каражаты жазган автоунаа Октябрь райондук милиция бөлүмүнө караштуу экени аныкталганын кабарлады. ИИМдин билдирүүсүндө “Кайгуул-күзөт кызматынын автоунаасындагы видеокаттоодо... Читать дальше...

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору 4-августка чейин камакта калды

Azattyk.org 

Соттун чечими менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Канатбек Абдыкеримов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 4-августка чейин камакта калды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Абдыкеримов 15-июнда коррупциялык аракеттерге шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматтын материалдары боюнча аталган ишкананын бир катар... Читать дальше...

Финчалгын кызматы: террордук ишти каржылоого шектүү 16 миллион доллар камакка коюлду

Azattyk.org 

Финансылык чалгындоо кызматы 2019-жылы террорчулук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектүү катары 16 миллион АКШ долларды камакка койду. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турусбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анарбаев бул каражаттардын 80% боюнча фактылар соттук кароодон өтүп, тиешелүү адамдар жазасын алып жатканын айтты. Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси мындан сырткары былтыр... Читать дальше...

Үсөнбаев: Үйдөн дарылануунун кесепети кейиштүү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды оорунун белгилери билинери менен дароо дарыгерлерге кайрылууга чакырды. Анын 18-июндагы брифингде айтканына караганда, убагында медицина кызматкерлерине кайрылбай, үйдө өзүм билемдик менен дарылануунун кесепети көп болууда: “Өз алдынча дарыланган шарттар каттала баштады. Көп учурда үйүндө жатып алып, ар кимдин сөзү менен эле дарыланып жүрүп, орточо абалын оор абалга өткөрүп жибергендер көбөйдү. Анын арты минтип кейиштүү аяктап жатат”. Читать дальше...

Кримтөбөл Батукаев боюнча соттук териштирүүдө жарыш сөз уланууда

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулуусуна байланыштуу соттук териштирүү 18-июнда түштөн кийин уланат. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирди: “Мурдагы сот отурумунан бери жарыш сөз жүрүп жатат. Бүгүн Атамбаевдин жактоочулары сүйлөйт. Андан кийин талкуу (реплика) болот. Аягында айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, анан гана эгер убакыт жетсе, өкүм чыгат”, -деди адвокат. Маалыматка караганда эртең менен башталган сот отурумуна... Читать дальше...

Депутат Никитенко: Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору - саясий буйрутма (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун «саясий буйрутманын негизинде кабыл алынып жаткан документ» деп атады. Бул тууралуу пикирин ал аталган мыйзам долбоорун караган парламенттин 18-июндагы жыйынында билдирди. «Мен бул өзгөртүүгө биринчи окууда да каршы чыккам. Азыр өз позициямды тактап койгум келет. Бүгүнкү күндө... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *