Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 19.06.2020

Президент Жээнбеков өкмөттүк аппараттын жамааттык сүрөтүн катуу сынга алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн топтошуп түшкөн сүрөтүн сынга алып, тиешелүү жетекчилерди буга жол бергени үчүн жоопко тартууну талап кылды. Президент бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Ал “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, коронавирус жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи: «Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Читать дальше...

Орус элчиси Хангошвилинин өлүмү боюнча айыптоону четке какты

Azattyk.org 

Орусиянын Германиядагы элчиси Сергей Нечаев чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө байланыштуу немис прокурорлорунун айыптоосун четке какты. Анын элчиликтин сайтына жайгаштырылган билдирүүсүндө "Хангошвили орусиялык мамлекеттик түзүмдөрдүн буйругу менен өлтүрүлгөн деген бүтүм эч кандай фактылар жана далилдер менен ырасталган эмес" деп жазылган. Элчи эгер немис бийлиги Москвага каршы чараларды көрсө, "орус тарап дагы жөн карап турбайт" деп эскерткен. 18-июнда Германиянын прокурорлору... Читать дальше...

"Достук" бекетинде чырылдаган энелер

Azattyk.org 

Коронавирус илдетинин айынан Ош шаарына чукул жердеги кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети жабык турат. Ушул тапта ал жерде 150дөй адам топтолуп калды. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар. Алардын көбү "Достуктун" жанындагы иштебеген базарды пааналап жатышат. "Азаттыктын" өзбек кызматынын видеосу.

Камактагы Кимсановдун сабалышы боюнча сотко чейинки тергөө башталды

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышына байланыштуу Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеден билдиришкендей, иш Кимсановдун арызынын негизинде козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.  Мурдагы бажы... Читать дальше...

БУУ: Адамзаттын бир пайызы качкынга айланды

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө былтыр 80 миллиондой киши же адамзаттын бир пайызы согуштан, куугунтуктан качууга, там-ташын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Бириккен Улуттар Уюму 20-июнда белгиленип келген Качкындардын эл аралык күнүн утурлай ушундай статистиканы чыгарды. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты пандемия качкын, бозгундардын агымын бир аз жайлатканы менен алардын саны 2018-жылга караганда 9 миллион кишиге көбөйгөнүн белгиледи. Ал эми 2010-жылы 41 миллион качкын катталган. Жер которгондордун... Читать дальше...

АКШда кулчулуктун аякташынын 155 жылдыгы белгиленет

Azattyk.org 

Бүгүн АКШда кулчулуктун аякташынын 155 жылдыгы белгилегени турат. Быйыл бул бейрасмий майрам афро-америкалыктардын полициянын колунан каза табышынан улам өлкөдө талкуу жүрүп жаткан учурга туш келди. Айрым шаарларда коронавирус пандемиясына байланыштуу бул күнгө байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулса, кайсы бир аймактарда виртуалдык конференциялар же чакан жыйындар уюштурулганы жатат. 1865-жылы 19-июнда АКШдагы жарандык согуш маалында түзүлгөн биримдик армиясынын генералы Техас штатында кулчулукта... Читать дальше...

Төкмө акын Ысак Барпиев 86 жашында каза болду

Azattyk.org 

Эмгек сиңирген артист, төкмө акын Ысак Барпиев 86 жашында көз жумду. Бул бул тууралуу маалыматты маданий ишмердин иниси, сүрөтчү Асан Турсункулов билдирди. Анын белгилешинче, төкмө акын бир айдан бери көзү ооруп, ошо менен алышып жүргөн. Андан өзүнө келе албай, 18-июнда үзүлүп кеткен. Маркумдун сөөгү 20-июнь күнү өзү туулуп-өскөн айылында жерге берилет. Төкмө акын Ысак Барпиев 1934-жылы Аксы райондагы Авлетим айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, 1957-жылы Афлатун маданият үйүнүн башчысы болгон. Читать дальше...

Бишкекке Индиядан 10 кыргызстандык жеткирилди

Azattyk.org 

Алар Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында алып келинди. Маалыматка караганда, бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык алгоритмдин негизинде обсервацияга жайгаштырылат. Республикалык ыкчам штабдын маалыматында айтылгандай, учурда Индия тараптын өтүнүчүнө ылайык, Кыргызстандагы индиялыктарды мекенине алып кетүү аракеттери жүрүп жатат. Алар 16-июндан 28-июнга чейин «Air India» жана «Сapa Jet» авиакомпаниясынын чартердик каттамдары менен кетишери пландалган. Читать дальше...



Маккензи: АКШ Ооганстандагы аскерлерин азайтты

Azattyk.org 

АКШ Ооганстандагы аскерлерин февралда "Талибан" кыймылы менен жетишилген макулдашууда каралган санга чейин азайтты. Бул тууралуу 18-июнда АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи Аспен изилдөө институту уюштурган иш-чарада билдирди. Генерал 135 күндүн ичинде аскерлердин санын 8,5 миңге чейин кыскартуу тууралуу макулдашуу болгонун, ал максат ишке ашканын айтты. Сөз болгон келишимде талибдер менен Кабул өкмөтүнүн өз ара диалогуна жол ачуу үчүн Вашингтон аскерлерин чыгарып кетери каралган. Читать дальше...

Жээнбеков: Коомдук автоунаалар кооптуу жайга айланды

Azattyk.org 

Коомдук авирунаа илдетти жуктурууда кооптуу жайга айланганын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты: «Талаптарды аткарбай жаткан транспорт ишканаларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок алар коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү». Мамлекет башчысы жарандар илдеттин алдын-алууга жана дарыгерлердин айтканын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалап, коомдук жайларда беткап кийип, оорунун белгилери... Читать дальше...

COVID-19: Казакстанда бир суткада сегиз киши вирустан көз жумду

Azattyk.org 

Казакстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сегиз адам кайтыш болду. Өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны дагы 1252 кишиге көбөйдү. Бул - өлкөдө март айында эпидемия башталгандан берки эң чоң көрсөткүч. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, вирус жаңыдан табылган адамдардын 778инде оорунун белгилери жок. Казак бийлиги вирусту жугузуп алгандардын санын 16 351 деп көрсөтүүдө. Бирок бул тизмеге илдеттин белгилери жок адамдар кирген эмес. Алардын баарын кошкондо... Читать дальше...

Ошто Аравандын акиминен COVID-19 аныкталды

Azattyk.org 

Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Азаттык” радиосуна кабарлады: “Тилекке каршы, 18-июнда лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөттү. Учурда изоляцияда. Абалы жакшы. Аравандын акими карантиндик кырдаалда абдан мыкты иштеди. 2019- жылдын жыйынтыгы менен Ош облусунда "жылдын эң мыкты акими" деп табылган”. Кадырбекованын маалыматына караганда... Читать дальше...

Эл үнү: Жаштардын суранычы жана таарынычы

Azattyk.org 

“Эл үнү” программасында мекенге кайтууга зар болгон студент менен мигранттардын, түшүмү кирпич заводунун түтүнө ышталган дыйкандын, мамлекет келечегине бушайман болгон уландын, коронавирус жараткан көйгөйдөн ылаажы издеген энелердин пикирине орун берилди.

Батукаевдин иши боюнча сотто жарыш сөз уланууда

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланган териштирүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев жарыш сөзү сүйлөдү. Ал түшкү тыныгуудан кийин дагы сүйлөйт. Андан кийин Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Сергей Слесарев жарыш сөзгө чыгат. Жарыш сөз бүткөндөн кийин талкуу болот. Аягында айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгат. Жеринде жүргөн «Азаттыктын» кабарчысы өкүм бүгүн чыгышы күмөн экенин кабарлады. Читать дальше...

Ибраим Нуракун уулу: Вируска ишенбегендер жаңылышат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда стационарда дарыланып жаткан Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна маек куруп, коомчулукту коронавируска көңүлкош мамиле кылбоого чакырды.

Интернетти көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүп жатат. Анын жүрүшүн бир катар басылмалар түз алып көрсөтүүдө. Талкууга катышып жаткандардын «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров мыйзам долбоору орусиялык мыйзамдардан көчүрүлүп алынганын айтып, документти кескин сынга алды. Асылбаева менен Осмонова анын жана башка катышуучулардын суроолоруна жооп берүүдө. Жогорку... Читать дальше...

Чыңгыз Жумагулов эки берене боюнча акталып, бир берене менен беш жылга камалды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов боюнча 19-июнда өкүм чыгарды. Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, беш жылга түрмөгө кести. Ушул эле иш боюнча шек саналган Марсбек Тентиев жана Илияз Айдекеев Жазык кодексинин... Читать дальше...

Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн адамдын иши сотко өттү

Azattyk.org 

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы аялга кордук көрсөтүү боюнча чуулгандуу фактыны иликтөө ишин аяктап, материалдарды сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. 12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуя 8-июнда Сузак районундагы айылдардын биринде катталганын тактаган.... Читать дальше...

АКШ: Болтондун чыга элек китеби талаш жаратты

Azattyk.org 

АКШнын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун эскерүүлөрүн чыгарбоо үчүн федералдык сотко кайрылды. Вашингтон администрациясы китепте мамлекеттик купуя маалыматтар камтылганын айтып келатат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңештин президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жаткан жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланууда. Жыйынга бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып жатат. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчыга вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Читать дальше...

Жалал-Абаддын мэри коронавирус жугузуп алды

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда тараган "Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алыптыр" деген маалыматты шаардык мэриянын басма сөз борбору ырастады. Мэрден COVID-19 вирусу 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат. Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот. 18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес. Читать дальше...

Үсөнбаев: Вируска кайдыгер мамиле кылбайлы

Azattyk.org 

Коронавирус жуктургандардын 66сы оорулуу адамдар менен байланышта болгон. Чет жактан келген жети жарандан илдет аныкталган. 59 адам вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдет Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталды. Чүй облусундагы Сокулук районунда 23 адамдан вирус аныкталган. Үсөнбаев жарандарды вируска кайдыгер мамиле кылбоого үндөдү. Коомдук автоунааларда, эл көп... Читать дальше...

Бишкекте барымтага алынган аял ооруканада көз жумду

Azattyk.org 

Бишкекте өз таанышы барымтага алган аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза болду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматта айтылгандай, жабырлануучу оор жарааттарынан улам көп кан жоготкон. Келери менен жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырылган. Дарыгерлердин аны сактап калуу аракетине карабай, эсине келе алган эмес. Анын сөөгү моргго өткөрүлүп берилди. 17-июнда Бишкектин Ден Сяопин көчөсүндө белгисиз... Читать дальше...

COVID-19: Вирус 132 адамдан табылды, бул эң жогорку көрсөткүч

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 132 адамдан жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте: Бишкек шаарында – 48 Ош шаарында - 13 Ош облусунда - 12 Талас облусунда - 4 Жалал-Абад облусунда - 11 Чүй облусунда – 38 Нарын облусунда - 6 Ушуну менен Кыргызстанда... Читать дальше...

Момбеков: Депутаттык комиссия көп нерсени жашырып койгон

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 18-июнда Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун укту. Комиссиянын корутундусу добушка коюлганда депутат Рыскелди Момбеков гана каршы добуш берди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *