Акыркы суткада 192 адамдан коронавирус табылды, бул эң жогорку көрсөткүч (видео)
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-июнда берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 192 адамдан жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада: Бишкек шаарында – 94 Ош шаарында - 16 Ош облусунда - 14 Талас облусунда - 2 Нарын облусунда - 2 Чүй облусунда – 62 Ушуну менен жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2981 адамга жетти. Читать дальше...