Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна даярдана баштайт
Өлкөнүн башкы командасы Азия кубогу-2023 мелдешине даярдыктын алкагында өз үйүндө жолдоштук беттештерди өткөрөт.
Өлкөнүн башкы командасы Азия кубогу-2023 мелдешине даярдыктын алкагында өз үйүндө жолдоштук беттештерди өткөрөт.
Токиодо жекшембиде XXXII жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталып, жабылуу салтанаты стадиондо көрөрманы жок өттү. Олимпиада эстафетасы Парижге берилди (2024-жыл). Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылган. Мелдешерде 206 өлкөдөн келген 11 миңден ашуун спортчу күч сынашты. Медалдар топтомунда 39 алтын, 41 күмүш, 33 коло байгеси меенен АКШ биринчи орунду ээледи. Кытай АКШдан бир гана медал аз алып, жалпы эсепте экинчи орунга жазылды. Үчүнчү орунга Жапония өлкөсү жайгашты. Ал эми Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш... Читать дальше...
Иран тектүү британиялык альпинист Мехри Жафари Кыргызстандагы Жеңиш чокусунун аймагында изделип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ак-Сай Тревел" туристтик компаниясынын кызматкери билдирди. "Жафаринин тирүү же каза болгону азырынча белгисиз. Аны менен кошо жоголгон Саид Мирзаи аттуу дагы бир альпинист алты миң метрден ашык бийиктиктен Кытайдын аймагына кулап түшкөнү божомолдонууда. Чокуга жакын аймакта тик учак менен издөө иштери уланууда". Иранда жарыяланган Tehran Times гезити 8-августта Жафари каза болгонун жазып... Читать дальше...
“Сапат” билим берүү мекемелеринин окуучулары соңку 1,5 ай аралыгында дүйнөлүк олимпиадаларда бир нече байгелүү орундарды ээледи. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов Жапония уюштурган химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль жеңип алды. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Бактынур Ажыбаев биология боюнча эл аралык билим таймашында коло медаль алды. Португалия уюштурган... Читать дальше...
Коронавирус эң көп катталгандар боюнча 9-августта Бишкектен кийнки орунга Ысык-Көл облусу чыкты. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, бүгүн жалпысынан 483 учур катталды: Бишкекте 281, Ысык-Көлдө 71, Жалал-Абадда 57, Чүйдө 31, Нарында 19, ал эми Баткен, Ош, Талас облустарында онго жетпеген бейтап. Эпидемия башталгандан бери Бишкек вирус эң көп катталган аймак болууда. Соңку 2-3 аптадан бери борбор калаадан кийинки орунда көбүнчө Чүй, кээде Жалал-Абад облустары болуп келген. Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы сегиз адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2407 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 483 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (281) жана Ысык-Көл облусунда (71). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 169 500 адамга жетти. Бир күндө 1360 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2850 адам жатат, дагы 4564 бейтап үйдөн дарыланууда. Читать дальше...
Жапония 76 жыл мурун АКШнын Куралдуу күчтөрү Нагасаки шаарына таштаган атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдө. Бир мүнөттүк жымжырттык жергиликтүү убакыт менен саат 11:02де (Бишкекте 8:02) жарыяланды. Так ушул саатта, 1945-жылы, 9-августта америкалык аскер учагы таштаган атом бомбасы жарылган. Жымжырттыктан соң Токионун мэри Томихис Тауэ менен жапон өкмөтүнүн башчысы Ёсихидэ Суга кайрылуу жасашты. Коронавирус пандемиясынан улам атом бомбасынын курмандыктарын эскерүү чаралары эки жылдан бери мурдакыдай белгиленбей жатат. Читать дальше...
Ооганстан менен чектеш жайгашкан Хатлон облусуна караштуу Муминабад районунун мугалимдери быйыл жайкы эмгек өргүү үчүн акча алышкан жок. Өкмөт аларга 1,5 млн сомони карыз. Жергиликтүү акимчилик Каржы министрлигине кайрылганын, бирок жооп ала электигин билдирди. "Мен эки жолу Каржы министрлигине кайрылдым. Кат жеткирдим. Бирок биз азыркы финансылык оор абалды эске алышыбыз керек", - деди райондун башчысы Лутфия Шарифзода. Муминабад району республикалык жана облустук бюджеттен каржыланат. Ушул... Читать дальше...
Кыргызстанда пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам бизнеси жабыркаган 13 ишкерге 10 миң долларга чейин гранттык негизде каражат берилди. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын алкагында JIA Бизнес-ассоциациясы жарыялаган сынактын негизинде ишке ашып жатат. Ишкерлер биримдигинин маалыматына ылайык, берилген гранттар ишкерлерге керектүү жабдууларды сатып алып, иш орундарды көбөйтүүгө жана өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы өлкөдө карантиндик чектөөлөр киргизилип... Читать дальше...
Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округу маалымдаганын "Интерфакс" жазды. Орусиялык аскерлер Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Термез полигонунда жергиликтүү жоокерлер менен кошо машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу 2-6-август күндөрү өтүп, ага 1,5 миңден ашуун аскер кызматкери катышты. Мындан тышкары Орусиянын Ту-22М3 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактары да катышкан. 9-10-август күндөрү Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын аскерлеринин катышуусунда машыгуунун финалдык этабы тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан Хатлон полигонунда өтөт. Читать дальше...
Жер көчкү жана күтүлүп жаткан "Лулит" тайфунуна байланыштуу кеминде 291 миң адам коопсуз жакка көчүрүлөт. Эн-эйч-кей каналы дүйшөмбүдө маалымдагандай, тайфун Хиросима, Симанэ прэфектураларында жана борбордук Айти тарапта болушу мүмкүн. Ошол эле убакта жапон бийлиги өлкөнүн түштүк батыш аймагындагы ыктымал эвакуацияны токтотту. Тайфун жүрүп жаткан аймактардагы шамалдын ылдамдыгын секундуна 35 метрге чейин жетүүдө. Ушул тапта "Лулит" Жапониянын батышынан түндүк-чыгыш тарабына көчө баштаганы кабарланды. Читать дальше...
"Түндүк электр" жана "Ош электр" ишканаларынын маалымдашынча, 9-августта Бишкек шаарынын, Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясын берүү чектелет. Борбор калаанын түштүк-чыгыш аймактарында түшкө чейин, борбордук жана түштүк-батыш райондорунда түштөн кийин электр энергиясы өчүрүлөт. Ал эми Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында, Оштун Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун айрым айылдарында күндүз саат 9:00-17:00 аралыгында электр энергиясын берүү чектелет. Маалыматка ылайык... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө анын тарапкерлери Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына арналган иш-чара өткөрүштү. Ага саясатчылар, КСДП партиясынын мүчөлөрү, Кой-Таш окуясынын катышуучулары барды. Адвокат Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди. Эки жыл мурунку видео тасмалар, репортаждар, эскерүүлөр көрсөтүлүп, сый тамак берилди. 2019-жылы 7-8-августта бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясына эки жыл толду. Аны утурлай абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап... Читать дальше...