Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 13.08.2021

Кытайдын уйгурларга каршы узарган укуругу

Azattyk.org 

Кытай экономикалык таасири аркылуу Пакистанды уйгурларга каршы трансулуттук өнөктүгүнө көмөктөшүүгө көндүрдү. “Борбор Азия боюнча Оксус коому” жана “Уйгурлардын укугун коргоо долбоору” мындай баяндамасын 11-августта жарыялады. Ага ылайык, Бээжин бул моделди башка өлкөлөргө жайылтууну көздөп турат.  Пакистан уйгурларды көзөмөлдөө жана аларды Кытайга экстрадициялоо маселесинде Бээжин менен биринчилерден болуп жигердүү кызматташкан мамлекет. Исламабад 1997-жылдан бери террорчулукка айыпталган 14 уйгурду депортациялаган. Читать дальше...

Ош: арматура заводунун айланасындагы нааразылык

Azattyk.org 

Ош шаарынын Жапалак айылынын четинде жайгашкан арматура заводунун ишмердигине каршы болгон 100дөй киши 11-августта митингге чыгышты. Алар өндүрүш ишканадан чыккан зыяндуу заттар ага жакын жашаган тургундардын ден-соолугуна зыянын тийгизип жатканын айтышты.

АКШ Ооганстанга кошумча аскер жиберди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары чукул кырдаалдан улам Кабулдагы АКШ элчилигинин кызматкерлерин коопсуз көчүрүү үчүн Ооганстанга үч миңге чукул аскер жиберди. Бул жагдай Ооганстанда Талибан кыймылы бир катар ири шаарларды басып алган учурга туура келди. АКШ мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс Кабулдагы элчилик иштей берерин, бирок андагы персоналдын саны кескин кыскарарын билдирди. Ал эми андагы кызматкерлердин бардыгы өлкөдөн чыгарылары айтылды. Айрым маалыматтар боюнча АКШга жибериле турган элчиликтин кызматкерлеринин саны миңге чукул. Читать дальше...

Күрөш федерациясы: Балбандарга жетиштүү көңүл бурулбай жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Күрөш боюнча федерациясы Токиодо өткөн Олимп оюндарынан кийин атайын билдирүү таратты. Федерация мамлекет тарабынан балбандарга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирген. "Кыргызстан балбандардан алтын күттү. Бирок бул үчүн эмне жасады?", - деп суроо салган федерация. Билдирүүдө кыргызстандык балбандардын спорт комплекси, машыгуучу жайы жок экени, курама команда жеке залдарды ижарага алып машыгып жатканы айтылат. Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында спорт интернаты салынган эмес. Читать дальше...

14-августтун аба ырайы

Azattyk.org 

14-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт,  бийик тоолордо жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.  Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге... Читать дальше...

"Центерра" Кыргызстандын Кумтөр боюнча келишимдерди денонсациялоо аракетине жооп берди

Azattyk.org 

Канаданын Торонто шаарында катталган "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөргө байланыштуу милдеттенмелеринен бир тараптуу баш тарта албай турганын билдирди. Компаниянын өкүлү 13-августта "Азаттыкка" жазуу түрүндө жолдогон комментарийинде "Центерра" менен кыргыз тараптын талашы Эл аралык арбитражда чечиле турганын эскертти.   "Кыргыз Республикасынын "Центерра" менен келишимдери, соңку 20 жылдан бери кыргыз өкмөттөрү жана соттору тынымсыз тастыктап келген келишимдер өкмөткө өзү каалаган... Читать дальше...

Акимдерге жолтандабас сатып алынбай калды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. "Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды", - деди Эрбол Султанбаев. Президенттин иш башкармалыгынын 60 миллион... Читать дальше...

Садыр Жапаров “Манастын уулу Семетей” тасмасы тууралуу үн катты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров жакын арада тартыла баштаган “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы тууралуу үн катты. Ал аталган тасмага байланыштуу өзүнүн аты аралашып жатканын, тасманын продюсери менен буга чейин жолукканын Фейсбук баракчасында төмөнкүдөй билдирген: “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жатканы боюнча билдирүү берип коеюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат. Кинорежиссёр Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Читать дальше...



Президент коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 13-августта Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасын алды. Биринчи дозаны ал 23-июлда алган. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор тууралуу көрсөткүч 12-августка карата 32% жетти. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 816 миңден ашты. Алардын 240 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 2 миллион 236 миң чамалуу запасы бар. Читать дальше...

Адвокат: Атамбаевдин ден соолугу боюнча экспертиза создугуп жатат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот иштери анын ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертизанын айынан төрт айдан бери токтоп турат. Бул тууралуу 13-августта “Азаттык” радиосуна адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча, экспертиза бир ай ичинде жыйынтыкталышы керек болчу: "Менимче, Саламаттык сактоо министрлиги жана анын эксперттери өзүнө жоопкерчилик алып, “ооруп жатат” деп же “ооруган жок” деп айта албай жатат. Эки жума мурда ошол эксперттер... Читать дальше...

Оюн-зоок борборунда кызматкер кызды чапкан адам камалды

Azattyk.org 

Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан Али Алимбаев аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот. ... Читать дальше...

"Телефон террорчусу" деп шектелген келин камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкекте “телефон террорчусу” деп шектелген келин камакка алынды. Бул тууралуу 13-августта “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал 10 күн борбор калаанын №1 тергөө абагында кармалмай болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 9-августта Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектүү катары Сокулук районунун тургунун кармаганын билдирген. 27 жаштагы келин аталган... Читать дальше...

Прокуратура “Головной” суу бөлүштүрүү жайын оңдоодо акча уурдалганын билдирди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталганын билдирди. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендерде жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1,6 млн. сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объектиде оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес. Ошондой эле, Баткен... Читать дальше...

Тажикстан Лейлекте казган аңды көөмп, курулушту токтотту

Azattyk.org 

Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 12-августта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан... Читать дальше...

Президент ишкерлерди милицияга текшертүүгө каршы экенин билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүгө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Аймактык милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн аймакта кылмыштын алдын алуу боюнча иштерди аткарууга милдеттүү. Президент азыркы учурда өлкөдө... Читать дальше...

Окуу чейректеринин жана каникулдардын мөөнөтү өзгөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы окуу жылы быйыл 15-сентябрда кадимки тартипте башталат, ошого байланыштуу каникулдардын жана “Акыркы коңгуроо” күнүнүн да мөөнөтү өзгөрдү. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 13-августта билдиргендей, мектептер мурдагыдай тартипте иштөөсүн улантат. Биринчи чейрек 5-ноябрда аяктап, 8-14-ноябрь каникул болот. Экинчи чейрек 31-декабрда аяктап, андан кийин балдар 10 күн эс алат. Үчүнчү чейрек 18-мартта жыйынтыкталып, 21-27-март каникул болот. Ал эми төртүнчү чейрек 8-июнда аяктап... Читать дальше...

Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүндү

Azattyk.org 

Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүнөт. Бул тууралуу 12-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда билдирди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чектөө алынса кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирип-чыгуусу, машиналардын каттоосу жеңилдейт эле. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу казак тарап 2020-жылдын жаз айларында жапкан чек араларын ача элек. Бул өлкөнүн... Читать дальше...

Ооганстандагы абал, Бишкектин даярдыгы

Azattyk.org 

Кыргызстандын учурдагы негизги тышкы коркунучу Ооганстандагы абалдын курчушунан улам эл аралык терроризм, диний экстремизм болот, ал эми ички корунуч катары азык-түлүк коопсуздугу, экономикалык оор кырдаал жана социалдык-саясий абал аталууда. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы “Кыргызстандын коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары” аттуу тегерек үстөлдө айтылды. Сентябрга чейин АКШ баштаган эл аралык коалиция аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткени турат. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов... Читать дальше...

Президент мектепке ата-энеден акча чогултууга каршылыгын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров окуучунун ата-энесинен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Өз билдирүүсүндө Султанбаев Билим берүү жана илим министрлигинин ата-энеден акча чогултуу демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келерин белгиледи: “Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Читать дальше...

Акимдерге жолтандабас алынбай турган болду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу 13-августта мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. "Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды", - деди Эрбол Султанбаев. Президенттин иш башкармалыгынын 60 миллион... Читать дальше...

Бийлик акимдерге жолтандабас алып берет

Azattyk.org 

Президенттин иш башкармалыгынын 60 миллион сомго 40 машине сатып алууга жарыялаган тендери коомчулуктун сынына кабылды. Мамлекеттик сатып алуулар порталында президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт" бирикмеси 60 миллион сомго жарыялаган тендердин талабына ылайык, 40 жол тандабас автоунаа алынышы керек. Техникалык талапка жараша машинелер заводдон 2021-жылы чыгарылып, айдалбаган жана ак түстө болушу зарыл. 60 миллион сомго кандай машине келет? 60 миллион сомду 40 машинеге бөлгөндө ар бири 1 млн. Читать дальше...

Токтогул суу сактагычында 11,922 млрд. куб метр суу бар

Azattyk.org 

12-августка карата "Токтогул" суу сактагычында чогулган суунун көлөмү 11,922 млрд. куб метрге жетти. "Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда агып кирген суунун көлөмү секундасына 482 куб метрди түзсө, секундасына кайра 436 куб метр суу агып чыгууда. Былтыр 12-августта суу сактагычта 14,4 млрд. куб метр суу болгон. Март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат. 2007-2008-жылдары... Читать дальше...

1-октябрдан тарта пенсияны көбөйтүү каралууда

Azattyk.org 

Министрлер кабинети сунуштап жаткан токтом долбоорунда суммасы 4785 сомго жетпеген пенсияга 200 сом, ал эми 4785 сомдон көп пенсияга 500 сом өлчөмүндө кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 6248 сом, ал эми орточо айлык акы 18 940 сом. Жашоо минимумунун өлчөмү былтыр 4785 сом деп эсептелген. Социалдык фонддун эсебине ылайык, Кыргызстандагы пенсионерлердин 48% же 343 миң 800 пенсионердин ай сайын алган акчасы жашоо минимумунан төмөн. Читать дальше...

Шойгу: Талибан Борбор Азияга кол салбоого убада берген

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарын басып алган Талибан кыймылы Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөргө кол салбоого убада берген. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жаштардын Бүткүл орусиялык билим берүү форумунда билдирди. Шойгунун айтымында, талибдер кошуна жайгашкан мамлекеттердин чек арасын бузуп кирип, бул өлкөлөргө кол салууга барбайт. Буга чейин Талибандын өкүлдөрү Москвага келип, тиешелүү жогорку кызмат адамдары менен жолугуп кеткен. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *