Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 18.08.2021

Коронавирус: үчүнчү дозанын машакаты

Azattyk.org 

АКШ иммунитети начар адамдарга COVID-19га каршы Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналарынын үчүнчү дозасын алууга уруксат берди. Түркияда болсо жети миллионго жакын киши вакцинанын үчүнчү дозасын алды. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вакцина жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын эскертүүдө. Кабарларга караганда, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын саюу тууралуу билдирүү жасайт. Вакцинанын эки дозасын алгандарга сегиз ай өткөн соң үчүнчү доза сайылышы мүмкүн. Читать дальше...

Алмамбет Салиевдин тергөө абактагы мөөнөтү 16-октябрга чейин узарды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 18-августтагы чечими менен президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы 16-октябрга чейин узартылды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун катчылыгы кабарлады. УКМК Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Салиев күнөөсүн моюнуна алган эмес. Атайын кызмат ал Сооронбай Жээнбеков президент... Читать дальше...

"Ракты велосипед менен жеңгим келет"

Azattyk.org 

Британиянын 27 жаштагы атуулу Люк Гренфелл-Шоу 4-стадиядагы онкологиялык диагнозуна карабай "Бристолдон-Бээжинге" деген вело жүрүштү баштаганына бир жылдан ашты. Ал өз жолунда үч дөңгөлөктүү велосипед менен 30 өлкөнү, 30 миң чакырымды басып өтүп, 300 миң фунт стерлинг чогултууну көздөп турат. Чогулган каражат онкологиялык дартка чалдыккандарга жардам катары берилет.

Жогорку соттун судьялыгына сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун үч судьясынын ордуна сынак жарыялады. Ага ылайык, сынакка катышуучулардын арыз жана башка документтерин он күн ичинде кабыл алынат. Быйыл 5-майда кол коюлган Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн президент Садыр Жапаров сот системасына беш жаңы мыйзам сунуштаган. Бул мыйзамдар сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганы айтылган. Мыйзам долбоору июль айында Жогорку Кеңеште 1-окуудан өткөн. Жаңы мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деп өзгөртүлөт... Читать дальше...

Тажикстандагы ооган элчиси легитимдүү президент катары Салехти атады

Azattyk.org 

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар өз өлкөсүнүн легитимдүү президенти катары биринчи-вице-президент  Амрулла Салехти тааный турганын жарыялады. Бул тууралуу элчи 18-августта Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин «Азаттыктын» тажик кызматы жазып чыкты. Маалымат жыйынында Агбар Ооганстандын Баш мыйзамы боюнча президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен соң утурумдук ыйгарым укуктар биринчи вице-президент Амрулла Салехке өтөрүн айтты. Элчи Ганинин өлкөдөн чыгып кетишин «элге жана мамлекетке чыккынчылык» деп атап... Читать дальше...

Опурталдуу, бирок көптү кызыктырган альпинизм

Azattyk.org 

Акыркы бир нече жуманын ичинде Кыргызстандагы бийик чокуларга чыккан эки альпинист каза болуп, экөө дайынсыз болууда. Кабары чыкпай жаткандардын арасында британиялык коомдук ишмер, укук коргоочу Мехри Жафари да бар. Июль, август айларында өлкөгө альпинизимге кызыккан чет өлкөлүктөр көп келет.

Орусияда полиция Навальныйдын тарапкерлерин суракка алды

Azattyk.org 

Орусияда абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасы ишке ашырган долбоорлорго тиешеси бар адамдардын үйлөрүнө милиция кызматкерлери келип, суракка алышты. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо порталы билдирди. Андагы маалыматка ылайык, 17-августтун кечинде Навальныйды колдогон 20 чакты адамга полиция кызматкерлери келип, суракка алышкан. Милиция кызматкерлери суракка алган адамдардын баарынын аты-жөнү, дарегин камтыган маалыматтар базасы апрелде интернетке тарап кеткен эле. Анда... Читать дальше...



Элмирбек актер да болгон...

Azattyk.org 

Белгилүү публицист, жазуучу жана журналист Мелис Арып-Бектин Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебинин бет ачары 11-августа Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болду. Китеп эки акын –Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун жана тирүү энциклопедиядай түркүн маалыматтарды өзүнө сиңирген Элмирбектин эң жакын досу Сүйүнбай Бөлөкбаевдин жаркын элестерине арналган экен. Башкы барагында... Читать дальше...

Өзбекстан: Гани, Дустум баштаган оогандар биздин аймакта эмес

Azattyk.org 

Өзбек бийлиги Ооганстанда “Талибан” кыймылы баш калаа Кабулду ээлеген соң өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани жана башка чиновниктер өз аймагында жок экенин билдирди. Бул тууралуу Өзбек Тышкы иштер министрлигине караштуу “Дүние” маалымат агенттиги жазды. Анда Ашраф Гани, Абдул Рашид Дустум, Атто Мухаммад Нур Өзбекстандын аймагында деген кабарлар чындыкка жатпай турганы жазылган. 16-августта америкалык New York Times басылмасы Ашраф Гани аялы жана эки жардамчысы менен бирге Өзбекстандын аймагына барганын жазып чыккан. Читать дальше...

COVID-19: Жаңы Зеландияда кайрадан чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Жаңы Зеландияда жети кишиден коронавирус аныкталды. Буга чейин бир нече ай өлкөдө СOVID-19 вирусун жуктургандар аныкталган эмес. 17-августта вирус бир адамга жуккан соң бийлик өлкө аймагында үч күн, ал эми Окленд жана Коромандел аймактарында жети күндүк карантин киргизген. Премьер-министр Жасинда Ардер өлкөдө вирус жуктургандар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Анткени коронавирус аныкталган адамдар буга чейин чиркөө, мектеп сыяктуу коомдук жайларга барышкан. Премьер-министр коронавирусту жайылтпоонун... Читать дальше...

Токиодогу паралимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин Арыстанбек Базаркулов көтөрөт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 18-августта Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды. Өкмөт башчысы спортчуларга ийгилик каалап, жаңы жеңиштерге жетишине тилектештигин айтты. "Спорттогу натыйжалар менен сиздер бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө болорун далилдедиңиздер. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүткүл кыргыз эли сиздерди колдойт". Улукбек Марипов команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго өлкөнүн желегин тапшырды. XVI Паралимпиадалык... Читать дальше...

Баткен: Чек ара отрядынын жоокери курал текшерип жатып жаракат алды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын Айдаркендеги "Бел" отрядында кызмат кылган жоокер кол гранатын текшерип жатып, колунан жеңил жаракат алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. "Айдаркен чек ара отрядынын "Бел" бекетинде кызмат өтөп жаткан ефрейтор А. уулу А. кол гранатын текшерип жатып, оң жак колунан жеңил жаракат алды. Алаканы сыйрылып кеткен жоокерге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ефрейтор кызматын улантып жатат", деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Медицина кызматкерлеринин 57% эмдөөдөн өттү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин 57,5% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 41 300 (57,5%), экинчи дозасын 31 622 (44%) медицина кызматкери алган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеген кызматкерлердин 2978и (77,6%) коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Мекемеде жалпы 3095 штаттык бирдик бар, анын 117 оруну бош. 18-август, саат 14:30гө карата Кыргызстан боюнча жалпы 910 миң адам эмдөөдөн өттү. Читать дальше...

Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңеши калаа башчылыкка Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Боршайком Мамбетовдон башка эч кимден  арыз түшпөгөнүн билдирди. Алмаз Мамбетов ушул айдын башында Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен барганын айткан. 45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп... Читать дальше...

АКШ Ооганстандын Борбордук банкынын активдерин убактылуу жапты

Azattyk.org 

АКШ Ооганстандын Борбордук банкындагы эсептерин убактылуу жапты. Муну менен талибдер миллиарддаган долларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. “Ооганстандын Борбордук банкынын АКШдагы бардык активдерин “Талибан” колдоно албайт”, - деп билдирди 18-августта Кошмо Штаттардын администрациясынын өкүлү. АКШнын бийлиги мындай чечимди “Талибан” өткөн аптада Ооганстандын борбору Кабулду басып алган соң кабыл алууда. Учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагы “Талибандын” көзөмөлүндө турат. Эл аралык Валюта... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 19-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган облустарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым аймактарда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 28…33; Баткен... Читать дальше...

Депутат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине көрсөтүлдү

Azattyk.org 

26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлери шайланат. Бүгүн, 18-август шаар мэрлигине талапкерлигин коюунун акыркы күнү. Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Айбек Жунушалиевдин, Токмок шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлигин көрсөттү. Ош шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтүлө элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Жунушалиев менен Самаев Бишкек жана Токмок шаарынын мэрлигине жалгыз талапкерлер. Читать дальше...

Балдарга мекендин ар бир бурчун көрсөтөлү

Azattyk.org 

Быйылкы жайкы эс алууну көпчүлүк абдан күткөндөй таасир калтырды. Себеби бир жарым жылдан бери уланып жаткан коронавирус пандемиясынан улам, ден соолуктун, дегеле тирүүлүктүн баркын баарыбыз эле сезип билгендей болдук. Айрыкча коронавирус менен ооругандар табият менен таза абанын кадырын даана сезишти. Кечээ эле катарда турган адамдын бүгүн эле кырдан “кылт” дей түшкөнү – тирүүлүктүн ар бир күнүн барктап жашоого үйрөтүп жатат. Көп адамдардын жашоого болгон көз карашы, баалуулуктары өзгөрүп жатканын көрүп жатабыз. Читать дальше...

Фарид Ниязов: Инандыга жарандык берүү мыйзамдуу болгон

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурда тергөө абагында жаткан Фарид Ниязов теги түркиялык, "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирип, кайрылуу жасады. Кайрылуунун мазмунун адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" тааныштырды. Инандыга жарандык берүү боюнча өзүнө тагылып жаткан айыпты негизсиз жана укуктук жактан сабатсыз деп белгилеген Ниязов муну саясий куугунтуктун уландысы деп эсептейт. "Президенттин... Читать дальше...

Салык кызматы унаа, турак жай, жер салыгын төлөөгө чакырды

Azattyk.org 

Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү эки жумадан кийин бүтөрүн эскертти. Андыктан 1-2-сентябрга чейин менчик ээлерин салык төлөөгө чакырат. "Салык төлөө үчүн дагы эки жума бар. Салык кызматы жарандардын убактыларын банктардын кассаларында кезек күтүүдөн коротпостон, алдын-ала, тынч жана ашыкча кыжалат болбостон убагында төлөөгө чакырат", - деди Салык кызматы. Салыкты бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот. Читать дальше...

Умбеталы Кыдыралиевдин мандаты алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Умбеталы Кыдыралиевдин депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда алынганын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыдыралиевдин мандаты ал мамлекеттик кызматка дайындалганына байланыштуу алынды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мандатын тапшырган депутаттын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер депутат болуп келет. Умбеталы Кыдыралиев өткөн аптада "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын башкармалыгына башчы болуп дайындалган. Читать дальше...

Сыны кетпеген “Сынган кылыч”

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун быйыл 90 жылдык маарекеси. Белгилүү жазуучунун жакындары анын эстелигин өз каражатына жасатып жатышканын айтышууда. Кылымдын китеби Жазуучунун "Сынган кылыч" романы эң көп окулган чыгармалардын бири. Аталган чыгарманын аудио китеби дагы популярдуу. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы 2019-жылы “Шам” басма үйү тарабынан 1000 нускада жарыкка чыгып, бир жарым ай аралыгында сатылып бүткөн. Бул ишти колго алгандардын... Читать дальше...

Ооганстандан кыргыз жарандары келе баштады

Azattyk.org 

-"Талибан" кыймылы бардык оогандыктар үчүн жалпы мунапыс жарыялады. Кабул аэропортунда талибдерден качкан ооган жарандарын жана чет өлкөлүк дипломаттарды эвакуациялоо аракети кайра жанданды - Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасын тыштан башкарууну узартуу сунушу берилди. Кенди Кыргызстан өзү иштетип жатканына 3 ай болду. - Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жетектеп келген Орхан Инандынын Түркияга алынып кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Сотко чейинки териштирүү “шалаакылык”... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *