COVID-19: дагы беш бейтап каза болуп, 248 кишиден аныкталды
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-августтагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча оорудан беш киши каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2478 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 248 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган жалпы саны 173 676 адамга жетти. Азыркы тапта коронавирус менен 3 918 адам ооруп жатат. 539 кишинин абалы оор. Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 12 медициналык кызматкер катталды. Читать дальше...