Балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду. Ал 6-октябрда 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бул Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач жарым чейрек финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы 10:0, чейрек финалда... Читать дальше...