Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 01.10.2021

Саакашвили Грузияда камалды

Azattyk.org 

Михаил Саакашвили Грузияга келгенин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин камалды. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили 1-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. Ал мурдагы президент кантип жана каяктан кармалганын айткан жок. Михаил Саакашвили Грузиянын Батуми шаарында экенин ушул эле күнү Фейсбук аркылуу жарыялаган. Бийлик анда Саакашвили чек арадан өтпөгөнүн билдирген. Учурда Украинада жашаган 53 жаштагы Саакашвили ушул жуманын башында шайлоо күнү «мекенин сактап калууга... Читать дальше...

Мурдагы депутат киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. Ички иштер министрлиги ал 1-октябрда кечке жуук Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады. Министрлик тараткан маалыматта Касеновдун Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганы жазылган. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси иликтенип жатат. Бүгүн, 1-октябрда саат 10:00 чамасында Касеновду беткапчан... Читать дальше...

Сүйүнчү! Паратриатлончу Нурбек Тойчубаев Дүйнө кубогунан алтын утту

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Триатлон боюнча эл аралык союздун сайтында жазылгандай, Тойчубаев жеңишке жеткен мелдеш бүгүн, 1-октябрда, болгон. Кыргызстандык спортчунун жыйынтыгы — 1 саат 6 мүнөт жана 19 секунд.

Активисттердин аккаунттары чабуулга кабылды

Azattyk.org 

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, мүчөсү Рита Карасартова, юрист Сания Токтогазиева жеке сүйлөшүүлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып, Башкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрылуу жолдошту. Буга Сооронкулованын Рита Карасартова менен Телеграм-каналы аркылуу сүйлөшкөнү социалдык тармактарга жайылып кеткени, Сания Токтогазиеванын Телеграм-аккаунтуна чабуул жасалганы себеп болгон. Сооронкулова мунун артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) турат деп шек саноодо. Читать дальше...

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Azattyk.org 

"Ак илбирс"  улуттук кино сыйлыгы 2019-2020-жылы тартылган тасмалар үчүн ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында өттү. Пандемиядан улам былтыр сыйлык тапшырылган эмес. "Жөө күлүк" тасмасы "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкты оператор", "Мыкты сүрөтчү", "Мыкты композитор", Мыкты монтаж", "Мыкты эркек ролу" номинациялары боюнча байгеге татыды.  Калган номинациялар боюнча сыйлыкка татыгандар: "Мыкты үн режиссеру" Марс Тугелов "Мыкты аял ролу" Жамиля Сыдыкбаева... Читать дальше...



Бийикке умтулган кытайлык кыргыз жаштары

Azattyk.org 

Кыргызстандагы кытайлык кыргыз жаштар эмне менен алек? Билим алып, өнөр үйрөнгөн жаштар өлкөгө кандай салым кошууда? Аларды эмне түйшөлтөт? Эмне кубандырат? "Азаттык+" бул ирет Кыргызстанда жашап, иштеп, билим алып, ийгилик жаратып жаткан кытайлык кыргыз жаштары менен тааныштырат.

Жаңылыктар: Ошто 15теги кыздын көз жарышы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Мыйзамсыз тыңшоого кабылганын айткан жарандык активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Грузиянын мурдагы президенти, Украинада жашап жүргөн Михаил Саакашвили мекенине кайтканын жарыялады, расмий органдар тастыктоосун бере элек. Ошто 15 жашында көз жарган өспүрүм кыздын окуясы териштирилип жатат.

Жашоосун ишсиз элестете албаган байбиче

Azattyk.org 

1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. 89 жаштагы Александра Ким пенсияга чыккандан бери Бишкектеги жайма базарга чыгат. Өмүр бою медицина тармагында иштегени үчүн 7800 сом пенсия алат. Ушундан улам акчасын үнөмдөп, талыкпай иштегенге көнгөн экен. Александра Ким 1-октябрды жыл сайын майрамга берилчү 1500 сом үчүн күтөрүн айтат.

Коомдогу агрессияны ашкерелеген чыр

Azattyk.org 

Бишкекте коляскасы менен турган эне-баланы кичи автобуска салбай койгон окуя коомчулукта аялдарга жана балдарга карата дискриминация бар экенин, аларга шарт түзүлбөгөнүн ачык көрсөткөн көрүнүш катары бааланып жатат. Кичи автобуска түшө албаган балалуу келин Борбор калаада коляскасы менен 203-маршруттук таксиге отурууга аракет кылган эне-баланы айдоочу жулкулдатып түртүп, салбай койгон окуяны коомчулук талкуулап жатат.   1-октябрда ошол маршрутканын айдоочусуна "Бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык 11,5 миң... Читать дальше...

Кумтөр: Сүйлөшүүнүн биринчи раунду жыйынтыкталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын расмий делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин Женева шаарындагы сүйлөшүүсүнүн биринчи этабы аяктады. Анын жыйынтыктары ийгиликтүү болгону маалымдалды. Бирок тараптар кандай келишимдерге жетишкени белгисиз. "Центерра" иштеткен Кумтөр кенин коррупцияга барган жана экологияга зыян келтирген деген негизде кыргыз өкмөтү быйыл майда өзүнө алган. Канадалык компания мындан кийин сотко кайрылган. Сүйлөшүүлөрдүн учкай мазмуну Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан... Читать дальше...

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштады

Azattyk.org 

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын алмай болду. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында билдирди. "Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, "электр энергия керек болсо берели" деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар", - деди Бекмурзаев. Читать дальше...

Башкы прокуратура Сооронкулованын кайрылуусуна чара көрөт

Azattyk.org 

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулованын жарандык активист Рита Карасартова менен сүйлөшүүсү ачыкка чыгып кеткени жана Телеграмдагы аккаунттарына чабуул жасалганы тууралуу кайрылуусу боюнча Башкы прокуратура чара көрөт. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова "Азаттыкка" билдирди. "Укук коргоочу Клара Сооронкулованын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу башкы прокурор Курманкул Зулушевге ачык кайрылуусу 1-октябрда катталды. Читать дальше...

"Ынтымак" паркындагы караоке

Azattyk.org 

Бишкектеги “Ынтымак” паркында кечкисин LED экран коюлуп, эс алуучулар ачык асман алдында караоке ырдашат. Ал жерде көрүүчүлөр да аз эмес. Шаардыктардын жана шаарга келген коноктордун ачык асман алдында ырдап эс алган бир кечине “Азаттык” саякат жасады.

Кыргызстан Орусиядан электр энергиясын сатып алат (видео)

Azattyk.org 

Бишкек Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 1-октябрда билдирди. Анын айтымында Токтогулда суу төрт жылдан бери кескин азайып кеткен. "Орусиядан Казакстан аркылуу 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алууну сүйлөшүп жатабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Түркмөнстандан 2 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү болгон. Учурда алгачкы партиясы Өзбекстан аркылуу келе баштады", - деди Аалиев. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *