Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 09.10.2021

Акыркы күчү калганча кармашты! Жоламандын финалдагы беттешинин толук видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту. Ал 60 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөштү. Эсеп 9:3 менен аяктады.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды

Azattyk.org 

Норвегияда өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алды. Ал 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, 3:9 эсебинде жеңилди. 1-айлампада Шаршенбеков үч упай менен алдыга чыккан. 2-айлампада тогуз упай молдовалык балбандын эсебине жазылды. Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңген. Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда... Читать дальше...

Нобел-2021: Климат, качкындар жана сөз эркиндиги

Azattyk.org 

Бул жумада абройлуу Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.  Нобел сыйлыгы жыл сайын физика, химия, медицина, адабият жана экономика тармагындагы ачылыштар, табылгаларга тапшырылып келет. Андан тышкары, “Тынчтык” номинациясы дагы бар. Нобелдин быйылкы лауреаттары 2021-жылдын 4-октябрынан 11-октябрына чейин белгилүү болот. Сыйлык ээлерине алтын медал жана 1 млн. доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат. Нобел жумалыгы медицина тармагындагы ачылыш үчүн сыйлык тапшыруудан башталды. 4-октябрда... Читать дальше...

Опера ырчысы Ирина Деркембаева дүйнө салды

Azattyk.org 

Көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаева 9-октябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын эмгек жамааты билдирди. Деркембаева Кыргыз ССРинин эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, Данакер орденинин кавалери. Бир катар операларда ырдап, көптөгөн образдарды жараткан.   Ирина Деркембаева 1927-жылы 25 -декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. Читать дальше...

Партиялардын курултайы, оппозициянын айбаты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке 28-ноябрда белгиленген шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык 9-октябрга карата төрт саясий партия курултай өткөрдү. 9-октябрда “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Күчтүү регион” партиялары курултай өткөрдү. Алгачкылардан болуп тизмесин бекиткен "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары бийликти сындап, азыркы саясат менен макул эместигин билдиришүүдө. Текебаев... Читать дальше...

Саясий партиялар курултайын өткөрө баштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке 28-ноябрда белгиленген шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитип жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык 9-октябрга карата беш саясий партия курултай өткөрдү.

Баянгали Алимжанов: "Манас" казак эли үчүн да бийик

Azattyk.org 

Казакстандагы жалгыз манасчы, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген кайраткери Баянгали Алимжанов Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстанга келди. Ушул тапта Бишкек шаарында Алимжановдун казак тилине которгон «Манас, Семетей, Сейтек» эпосу китебинин бет ачары өтүүдө. Жогорудагы китеби үчүн Кыргыз Республикасынын «Достук» ордени менен сыйланган манасчы «Азаттыкка» сыябан-маек курду.



Оморканов: жер маселеси чечилсе хоккей аренасы курулат

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов эгер өлкө башчынын колдоосу менен жер маселеси чечилсе, Кыргызстанда эл аралык стандартка жооп берген хоккей аренасы куруларын айтты.

Орусия бир катар журналистти "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди

Azattyk.org 

Орусиянын Юстиция министрлиги "Свобода" радиосу жана "Север. Реалии" сайты менен кызматташкан үч журналистти "чет элдик жалпыга маалымдоо агенттери" реестрине киргизди. Алар - Татьяна Вольтская, Екатерина Клепиковская жана Елена Соловьева. Тизмеде Bellingcat иликтөө долбоору да бар. Мындан сырткары, буга чейин "чет элдик тыңчы" деп таанылган "Дождь" телеканалынын журналисти Даниил Сотников, Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы Андрей Захаров, "Настоящее время" телеканалынын журналисттери Елизавета Сурначева менен Роман Перл... Читать дальше...

Индияда бычак жеген Мыскалдын аянычтуу өлүмү

Azattyk.org 

Индияда киши колдуу болгон келиндин жакындары президентке кайрылды. 27 жаштагы кыргызстандык Мыскал Жумабаеванын жана анын бир жаштагы уулунун сөөгү ушул жылдын 21-сентябрында Индиянын Нью-Дели шаарындагы Калькаджи районунда табылган. Текшерүү учурунда эне-бала бычакталганы аныкталган. Тергөө иштерин Индия полициясы жүргүзүүдө.

Маңзат уурдаган жаштык: клей жыттаган өспүрүмдөр

Azattyk.org 

Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий сандар боюнча маңзатка берилгендер 25 миңден ашуун экени эсептелген. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө. "Дарбыз ташыйм деп баңги болдум..." 45 жаштагы психиатр-дарыгер Геогрий Кавтарадазе "Наркологияга альтернатива" аттуу коомдук фонддун юрист-кеңешчиси. Ал 13 жашында баңгизат колдоно баштаган. Отуздан оогончо 15 жылдай маңзаттын бардык түрүн колдонуп көргөн. Читать дальше...

Бул киши жок дүйнөдө бир да бильярд чемпионаты өтпөйт. Уста Жакыпбековдун маеги

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык Ишенбек Жакыпбеков жасаган столдордо бир канча дүйнө чемпионаттары өткөн. Тапкычтыгы менен дүйнөгө таанылган инсан аталган спортко киргизген жаңычылдыгы, жетишкендиктери, алдыдагы пландары тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

Реванш: Жоламан бүгүн Олимпиадада утулган атаандашы менен алтын үчүн күрөшөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Дүйнө чемпионатынын финалдык кармашы бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Жоламан 60 килограмм салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча катышууда.

Оренбургда алкоголго ууланган 26 киши каза тапты

Azattyk.org 

Орусиянын Оренбург облусунда сапатсыз алкоголго ууланган ондогон адамдын 26сы көз жумду. Дагы 28 киши ооруканада жатат. Жалпысынан 54 киши ууланганын 9-октябрда ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып билдирди. Буга чейин 17 киши өлгөнү кабарланган. Тергөө комитети жума күнү коркунучтуу продукцияны өндүрүү жана сатуу менен алектенген үч киши кармалганын жарыялады. Жалпысынан беш кылмыш иши козголгон. Орусияда жасалма ичимдикке ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск... Читать дальше...

Саясат: Жаштар күтүү режиминде

Azattyk.org 

Мындан бир жыл мурун, 4-октябрда, парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы эл көтөрүлүп, натыйжада Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ал күндөрү “Жаштар келсин!”, “Люстрация!” деген чакырыктар жасалганы эсибизде. Андан бери бир жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болду? Андагы талаптар канчалык аткарылды? "Азаттык плюс" жаштар менен ушул суроолорго жооп издеди.

Кыргызстан чемпион кыздарын тосуп алды

Azattyk.org 

Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.

Кыргызстандын чемпион кыздары

Azattyk.org 

Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.

Текебаев шайлоого "Ата Мекенди" жетектеп барат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында өтүп жаткан "Ата Мекен" партиясынын 14-съезди жыйынтыкталды. Партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин бекитүү 11-октябрга калтырылды. "Ата Мекен" партиясын бул жолу шайлоого партия лидери Өмүрбек Текебаев өзү баштап барат. Съезд учурунда тизменин алгачкы бештиги белгилүү болду. Алар: Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Али Токтакунов, Наталья Никитенко. Буга чейин "Ата Мекен" менен... Читать дальше...

"Бүтүн Кыргызстан" парламенттик шайлоого тизмесин бекитти

Azattyk.org 

Бишкек шаарында өтүп жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын съезди жыйынтыкталды. Партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмесин бекитти. Бир мандаттуу округдардан жалгыз №2 Баткен шайлоо округунан талапкер көргөздү. "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоого партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Партиянын тизмесинде "Кыргызстан коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев, Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Azattyk.org 

10-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерине кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10, Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8... Читать дальше...

Шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп жатышат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп жатышат. 9-октябрда алты партиянын жыйыны болду. Арасында "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" өңдүү таанымал партиялар бар. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Читать дальше...

Дональд Лу: кыргыз жаранынын Пенсильваниядагы өлүмү кылдат иликтенет

Azattyk.org 

АКШнын Пенсильвания штатында полициянын огу тийген кыргыз жаранынын өлүмү кылдат жана адилеттүү иликтенет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу билдирди. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Лу менен байланышып, окуяны талкуулаганы расмий кабарланды. Элчи трагедияны адилеттүү иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Дональд Лу жакын арада өлүм тууралуу расмий баяндама берилерин белгиледи. 5-октябрда Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу... Читать дальше...

Борбордо көмүр тартыш жана кымбат

Azattyk.org 

Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады. Учурда бир тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда.

Казакстанда аткаминерлер кардын видеосун чыгарган пенсионерди кечирим суратышты

Azattyk.org 

Казакстанда чиновниктер кар жааганы тууралуу видео чыгарган пенсионерди эл алдында кечирим суратышты. Окуя өлкөнүн түндүгүндө, Павлодар облусунун Эгиндибулак айылында болгон. Октябрдын башында Казакстандын бир топ аймагына калың кар жааган. Егиндибулактык пенсионер аял "мен октябрда мындай кар күрткүсүн көргөн эмесмин" деп короосун жана көчөсүн кар басып калганын видеого тарткан. "Мен эч кимге даттанган жокмун, Кудай сактасын. Мен андай адам эмесмин. Видеону туугандарыма жөнөттүм. Алар башкаларга жайылтыптыр",- дейт аял. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *