Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 29.10.2021

Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкө

Azattyk.org 

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.  "Кыргызстанда мобилдик байланыштын эркин рыногу" Борбор Азиядагы аналитикалык бюро (CABAR) 25-октябрдагы көлөмдүү материалында аймактагы мобилдик байланыштын жана интернеттин жайылышын, калктын жарымы алыскы айылдарда жашаган өлкөлөрдөгү калың элдин андай кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талдап чыккан. Алматылык журналист Алтынай Каримова ошондой эле телекоммуникациялык тармактын өнүгүүсүнө жолтоо болгон факторлорго токтолгон. Дигиталдык теңсиздик өзгөчө... Читать дальше...

БШК Шайырбек Ташиевге эскертүү берди

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу Жалал-Абад округунан шайлоого аттанган Шайырбек Ташиевге эскертүү берди. Грузиянын бийлиги экс-президент Михаил Саакашвилини түрмөдөн ооруканага которуудан баш тартты.

Америкага жетелеген грин-карта

Azattyk.org 

Бул жылы АКШнын визасын алуу үчүн грин-карта лотореясына катталуу 9-ноябрда аяктайт. Иммиграциялык лотореяга катышып, Америкага кеткиси келгендер бул жылы да көп.

Шайлоо: миңден ашуун талапкер жарышка түштү

Azattyk.org 

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун эң активдүү бөлүгү - үгүт иштери башталды. Саясий иш-чарага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катышып жатат. Үгүт эрежеси 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоонун шааниси биринчи интернетте байкалып, 29-октябрга оогон түнү социалдык тармактарда шайлоого бараткан партиялардын, талапкерлердин сүрөттөрү жайнап чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21 партияны – "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак"... Читать дальше...

Алматыда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин окуучулар акция уюштурду

Azattyk.org 

Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 8-класстын окуучусу өз жанын кыйгандан кийин, башка окуучулар "Кийимдин эркек-ургаачысы жок" деген аталыштагы нааразылык акциясын уюштурду. Физика-математикалык багыттагы мектепте окуган окуучулар 29-октябрда юбка кийип келип, окуу жайдын алдында сүрөткө түшүштү. Муну менен алар мектептин кураторуна жана психологунун аракеттерине каршылык билдиришти. 28-октябрда бир катар маалымат каражаттары жазгандай, мектептеги маданий иш-чарага юбкачан келген... Читать дальше...

БШК менен спикердин сотко жеткен талашы

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына катышып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытовдун талапкерлигин калыбына келтирди. Борбордук шайлоо комиссиясы сот чечимине каршы болуп, эми шаардык сотко кайрыла турганын билдирүүдө. "Депутат - спикер болсо да депутат" 28-октябрдын кечинде, расмий үгүт өнөктүгү башталарына бир нече саат калганда Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына... Читать дальше...

Байден менен Рим папасы Франциск жолукту

Azattyk.org 

29-октябрда АКШнын президенти Жо Байден беш күндүк сапар менен Европага келди. Ал ушул эле күнү Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, экөөнүн жолугушуусу узакка созулуп, 1 саат 15 мүнөттү түздү. Буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен Рим папасынын 2017-жылдагы сүйлөшүүсү жарым саат гана болгон, ал эми дагы бир экс-президент Барак Обама 2014-жылы понтифик менен 50 мүнөттөй сүйлөшкөн. АКШ президенти менен Рим папасы пандемия, климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жакырчылык тууралуу сүйлөшмөк. Читать дальше...

Грузиянын өкмөт башчысы Саакашвилинин "өз жанын кыюуга укугу бар" экенин билдирди

Azattyk.org 

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили камакта бир айдан ашуун ачкачылык кармап жаткан Михаил Саакашвилинин "өз жанын кыюуга укугу бар" деп билдирди. Оппозиция өкүлдөрү, дарыгерлер жана адвокаттар Саакашвилинин саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, бийликти аны түрмөдөн ооруканага которууга чакырып жатышат. "Мыйзамга ылайык, адамдын өз жанын кыюуга укугу бар. Эгер адам өмүрдөн кечкиси келсе, анын эрки. Мамлекет буга жоопкерчилик ала албайт", - деди ал 28-октябрдын кечинде телеканалдардын бирине берген интервьюсунда. Читать дальше...



Эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев Бишкекте 86 жаш курагында каза болгонун "Азаттык" радиосуна маркумдун жакындары кабарлады. “Манас” орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын балалыгы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында өткөн. Мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргн. Москвадагы... Читать дальше...

Бир мандаттуу округдан кимдер талапкер болду? Тизме

Azattyk.org 

29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды. Баткен облусу №1 Лейлек округу 1. Баймурат Бекмуратов – Лейлек районунун мурдагы акими; 2. Мирбек Сегизбаев – "Бригада" ишканасынын айдоочусу; 3. Асылбек Мукарамов – "Керемет Азия ЛТД" ишканасынын директору; 4. Читать дальше...

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды. Байжиев бүгүн, 29-октябрда Бишкекте 86 жаш курагында каза болгонун "Азаттык" радиосуна маркумдун жакындары кабарлашты. «Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган. Ал орус жана кыргыз тилдеринде жазган сынчы, котормочу катары да таанылган. Байжиев «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде»... Читать дальше...

Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Azattyk.org 

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында 29-октябрда академиянын президенти, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, адабиятчылар катышып, Тургуналиевдин эмгек жолу тууралуу баяндамаларды жасашты. Коомдук ишмердин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уланып, концерттик программа менен коштолду. Читать дальше...

Монголиянын Кыргызстандагы алгачкы элчиси ишке киришти

Azattyk.org 

Монголия Кыргызстандагы Башкы консулдугун элчилик кылып кайра түзгөндөн бери алгачкы элчисин Бишкекке жөнөттү. 28-октябрда бул өлкөнүн элчи кызматындагы дипломат өкүлү Ганхуяг Содном тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарын тапшырды. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Министр Казакбаев Монголия өкмөтүнө Кыргызстанда элчилик ачуу тууралуу чечимине ыраазычылык билдирип, жакынкы арада Кыргызстан да Монголияда... Читать дальше...

Акыйкатчы кеңсеси Равшан Жээнбеков боюнча сотко өтүнүч келтирди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Равшан Жээнбековдун ишин карап жаткан судьясына Акыйкатчы кеңсеси өтүнүч менен кайрылганын аталган мекемеден кабарлашты. Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү 28-октябрда Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камактагы Равшан Жээнбековго жолугуп чыккан. Равшан Жээнбеков ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн, медициналык текшерүүдөн өтүү жана дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүү жагдайларын кароо боюнча кайрылгандыктан, Акыйкатчы аппараты сотко өтүнүч кат жөнөткөн. Читать дальше...

Ошто онунчу кабаттан секирүүгө аракет кылган келин куткарылды

Azattyk.org 

Ош шаарында 29-октябрда Джим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынан секирүүгө аракеттенип жаткан жаран боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрилигине маалымат түшкөн. Чакыруу болгон дарекке Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ӨКМдин кызматкерлери келип, аялды куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аял 1986-жылы туулган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, ал күйөөсү менен ажырашкан. Сот кенже баласын атасына калтыруу боюнча чечим чыгарган. Читать дальше...

Мамкатчы Касмамбетов демократияны сындап, коммунизмдин жетишкендиктерин айтты

Azattyk.org 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Кыргыз Туусу» өкмөттүк гезитине маек куруп, ээлеген кызматынын милдеттери жана функциялары тууралуу айтып берди. Өз сөзүндө Касмамбетов демократия идеясын “Ал элибиздин жашоо-турмушунда табигый тамырлай алган жок. Тескерисинче, көп жоготууларга дуушар болдук” деп сындады. Интервьюнун кыргызчасы жана орусчасы президенттин расмий сайтына жарыяланды. Касмамбетов коммунисттик идеология адамдын аң-сезиминин, руханий дүйнөсүнүн калыптанышына түздөн-түз жооп берген моралдык институт болгонун айтып... Читать дальше...

Чек ара: тажик абагындагы кыргызстандыктар

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында кармалган Саидакмат Артыковдун жакындары бийликтен аны бошотууга жардам сурады. Тажик күч кызматтары Кыргызстандын жаранын 16-сентябрда кармап кеткен. Алгач “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деп кармалган Артыковго эми “тыңчылык” айыбы да коюлуп жатканы белгилүү болду.  Апрелдеги чек ара чатагынан бери Тажикстанда онго жакын кыргыз жараны кармалып турат. 16-сентябрь күнү Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерден кармалган Кыргызстандын 44 жаштагы жараны Саидакмат Артыковго... Читать дальше...

Москва: авиабилет баасына таасир эткен жагдай

Azattyk.org 

Өткөн жылы коронавируска байланыштуу карантин алынгандан кийин Кыргызстан Орусия жана башка өлкөлөр менен аба каттамдарын жанданткан. Ошол мезгилде Москвага учакка билеттердин баасы кескин өсүп, жумушуна кайра кайткан кыргызстандык мигранттардын айрымдары банктан насыя алууга аргасыз болду.  Октябрдын башында баалар мурдагы көрсөткүчкө келди. Эмне үчүн учак билеттин баасы мынчалык өстү? Биз Aviasales компаниясынын Кыргызстандагы сырткы аба каттамдардын орточо баасы боюнча маалыматтарын анализдедик. Читать дальше...

Шайлоо-2021: ИИМ саясатка аралашпасын, мыйзам бузгандар жоопко тартыларын эскертти

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламенттик шайлоого карата даярдыгы тууралуу маалымат берип, саясатка катышпай жана кийлигишпей турганын, бардык саясий бирикмелерге мамилеси бирдей экенин, бирок эгер мыйзам бузуу аныктала турган болсо чара көрүү жана жоопко тартуу болорун эскертти. 29-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, социалдык түйүндөрдөгү коомдук тартипке жана коопсуздукка залака тийгизиши ыктымал билдирүүлөр күнү-түнү көзөмөлдөнүп турары... Читать дальше...

Парижден медаль албай калышы мүмкүн. Бийлик спортчуларды чочутууда. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүгүн спорт тармагынын өкүлдөрү, белгилүү машыктыруучулар маалымат жыйын өткөрүп, президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына кайрылышты. Алар жалпы эле спортчулар үчүн жагымсыз жагдай жаралып жатканын айтууда.

АКШ президенти Жо Байден Европага келди

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден 29-октябрда Европага келди. Ал Римде өтө турган Чоң жыйырманын саммитине, Ирандын өзөктүк программасы боюнча өнөктөштөрдүн жыйынына катышып, Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушары күтүлүп жатат. Байден Американын президентти болгон Жон Кеннедиден кийинки эле экинчи католик. Байден ошондой эле, 1-ноябрда баштала турган Глазгодогу климат боюнча дүйнөлүк конференцияга катышат. Жыйырма кубаттуу мамлекеттин жыйыны Италиянын баш калаасында 30-октябрда башталат. Анын... Читать дальше...

Медиа коомчулук өкүлдөрү “Телерадиокорпорация жөнүндө” мыйзамга каршы чыгышты

Azattyk.org 

Кыргызстанда медиа коомчулук өкүлдөрү “Кыргыз телерадиокорпорациясы жөнүндө” мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип чыгышты. Алардын кайрылуусу 29-октябрда жарыяланып, алгачкы үч саат ичинде жыйырма чакты медиа уюм, журналисттер, редакторлор кол коюшту. Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, мекемелерге жөнөтүлгөн мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алууга үндөштү. Билдирүүдө айтылгандай, эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо демократиялык принциптер бузулат... Читать дальше...

Тбилиси: Саакашвили түрмөдөн жеке ооруканага которулбайт

Azattyk.org 

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили түрмөдөн жеке ооруканага которулбайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили 29-октябрда телеканалдардин бирине курган маегинде билдирди. Ал мындай чечим баш калаа Тблисиде "башаламандык" жаратышы мүмкүн экенин айтты. "Саакашвилинин тарапташтары жеке клиниканын алдында миңдеген адамдарды топтоону пландап жатышат. Биз анда полиция чакырып, курал колдонушубуз керек болот. Мунун баары мамлекеттик башаламандык жаратат", - деди Гарибашвили. Ал ошондой эле... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек соодасынын абалы

Azattyk.org 

Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Кыргызстан менен болгон товар алмашуу өскөнү байкалды. 2008-2015-жылдары товар жүргүртүү орто эсеп менен жылына 270 миллион доллор болсо былтыр 350 миллоин долларга чукулдады.

Бишкектеги эки сейил бакта экологиялык акция өтөт  

Azattyk.org 

30-октябрда Бишкек шаарынын "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактарында Айыл чарба министрлиги “Шаардык сейил бактар” муниципиалдык ишканасы менен биргеликте экологиялык акция өткөрүүдө. Саат ондо өтө турган көчөт тигүү боюнча уюштурулган акцияга бардык каалоочулар катыша алат. Акцияга катышууну каалагандар 3 киллограм макулатура же беш даана желим бөтөлкө алып барып, бир даана көчөт алып тиге алат. Ушул эле күнү сейил бактарда макулатура жана желим калдыктарды кабыл алуу пункттары уюштурулат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *