Кытай тажик аскерлерине Бадахшанда аскердик база куруп берет
Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 27-октябрда тажик-ооган чек арасына жакын жерге аскердик база курууну жактырды. Курулуш тажик Ички иштер министрлиги менен Кытайдын коопсуздук министрлигинин ортосундагы келишимдин алкагында жүрмөкчү. Тажик ички иштер мекемесинин жетекчи орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте билдиргендей, база Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Ишкашим районунун Вахан айылына курулат. Маалыматтарга караганда, объектиге тажик күч түзүмдөрү ээлик кылат. Тажик... Читать дальше...