Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 28.10.2021

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт. Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак 30-октябрда кармалат. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 56сы партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо... Читать дальше...

Мирзиёевдин дымагы, Борбор Азиянын эртеңи

Azattyk.org 

“Бүгүнкү Өзбекстан – кечээки Өзбекстан эмес”. Экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзиёев Өзбекстан өзгөргөнүн, алдыда чоң максат турганын жар салды. Анын дээрлик атаандаштык жок шайлоодогу жеңишин Борбор Азиянын лидерлери жапырт куттукташты. Мирзиёевдин кайра шайланышы чөлкөм үчүн эмнеси менен маанилүү? Кыргыз-өзбек алакасы кандай абалда?

Беларуста "Настоящее время", "Немис толкуну" телеканалдарынын сайттары ачылбай калды

Azattyk.org 

Беларустун Маалымат министрлигинин чечими менен өлкө аймагында "Настоящее время" телеканалынын сайты ачылбай калды. 28-октябрда окурмандар сайт ачылбай калганын кабарлашкан. "Настоящее Время" Беларустагы маалыматты тактап, себебин түшүндүрүп берүүсүн сурап Интернет провайдерлерге кайрылды. Ушул тапта телеканалдын сайтына VPN аркылуу кирип, жаңылыктарын социалдык тармактар аркылуу окуп турса болот. Ошондой эле, германиялык "Немис толкуну" медиакомпаниянын сайты ачылбай калганы кабарланды. ... Читать дальше...

Жаңылыктар: Бишкектеги суицид, ӨКМге доомат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы коррупцияга шектелип соттолгон мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиевди бир мандаттуу округдан талапкер катары каттады. Бишкекте 8-кабаттан боюн таштап каза болгон Мунарбек Ташкуловдун жакындары "аны сактап калууга чара көргөн жок" деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптап чыкты. Казакстандын Алматы облусунун көп улуттар жашаган Пенжим айылындагы балдар мушташып, аягы башаламандыкка айланды.

Парламенттик шайлоого катышчу партиялар жана талапкерлер аныкталды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катышчу партияларды жана бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттады. Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды. Каттоодон 21 партия өткөн. Алар: "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс" "Азаттык", Улуу-Журт", "Мекенчил Эл", "Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы", "Социал-демократтар", "Аруузат", "Ордо", "Багыт", Жашылдар", "Легалайз", "Күчтүү регион"... Читать дальше...

Жанын кыйган жигиттин жакындары куткаруучуларга нааразы

Azattyk.org 

Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жигиттин жакындары суициддин алдын алууга тийиштүү чара көргөн эмес деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптап жатышат. Азырынча маркумдун өз жанын кыйганынын себеби белгисиз.

Түркмөнстанда бийлик узун кезектин айынан нанды таңда сатууну буйруду

Azattyk.org 

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын бийлиги мамлекеттик дүкөндөрдө узун кезектер көрүнбөш үчүн нанды таң жаңы атып келатканда сатууну буйруду. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, мамлекеттик дүкөндөрдө нандын баасы базардагыга караганда он эсе арзан. Ун жана азык-түлүк жетишсиз болуп жаткан маалда мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында узун кезекте тургандар адатта көп. Редакцияга түшкөн видеодо нанга кезекте жүздөгөн адам, анын ичинде балдар турганын көрүүгө болот. Читать дальше...



Акылбек Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди. Өкмөттөн билдиришкендей, эскертүү милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн берилген. Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Читать дальше...

Султанбаев: Президенттин чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандарын айрым кызыкдар тараптар бурмалап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" билдирди. "Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, социалдык тармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Читать дальше...

Жанын кыйган жигит, депрессияга түшкөн коом

Azattyk.org 

Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жигиттин жакындары суициддин алдын алууга тийиштүү чара көргөн эмес деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) айыптап жатышат. Каргашалуу окуяга күбө болгон эжесинин дооматы “Мени чыгарсаңар болот эле, үнүмдү угузайынчы дегиче менин көз алдымда үстүнкү кабаттан учуп кетти. Чуркап барып эле карай калсам жерде жатыптыр", - деп каргашалуу окуяны айтып берип жаткан маркумдун эжеси Кундуз Бердишова. Ал жанын кыйган иниси менен... Читать дальше...

БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" билдирди. Эске салсак, 28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган. 24-октябрда боршайком Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан... Читать дальше...

Президент статс-катчылар институтун жойгон мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды. Президент кол койгон мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институту жоюлуп, анын функционалдык милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт. "Бул мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат... Читать дальше...

Айтурган Темирова: Эненин ролун ойногум келет

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, актриса Айтурган Темирова быйыл өтүүчү XV эл аралык “Бир дүйнө – Кыргызстан” даректүү тасмалардын фестивалынын ардактуу президенти болуп дайындалды.  Быйыл Кыргызстан кыргыз киносунун 80 жылдыгын белгилегени турат. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген атка татыган. Мына ушул даңазалуу жылдары кино дүйнөсүнө аралашкан даңазалуу актриса менен жаңы маекти сунуштайбыз. - Жакын арада “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалына... Читать дальше...

Соттолгон бажычылар шайлоого баратат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Коррупция” беренеси менен соттолгон мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиевди парламенттик шайлоого талапкер кылып каттады. Сот аны Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен бирге Бажыда коррупциялык схема түзгөн деп тапкан. Мурдагы бажычылар кантип катталды? Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиевди №2 бир мандаттуу Баткен округунан талапкер кылып каттады. Читать дальше...

Болот Темиров: Биз факты аркылуу гана жалганды жеңе алабыз

Azattyk.org 

Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайт иштеп баштады. Сайттан каалоочулар ишканалар, фирмалар жеке жарандар, бизнеске байланышкан маалыматтарды ала алышат. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү журналисттик бир катар иликтөөлөрдүн автору Болот Темиров менен маектештик. - Болот мырза, жаңы эле ишке кирген teskep.com платформасы журналисттик иликтөөлөрдө маалымат алуу, чогултуу ишин канчалык жеңилдете алат? - Биз топтогон тажрыйбаны – маалымат издөө, коррупция... Читать дальше...

Сот БШКнын Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгарды

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Бишкектин административдик соту шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдагы мамлекеттик кызматкер талапкерлигин көрсөткөн күндөн тартып кызматын тапшырат деген милдеттеме Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешелүү эмес экенин, Талант Мамытов төрагалык... Читать дальше...

“Суук контейнерде кыштайбыз": Селден кийинки көйгөй

Azattyk.org 

Сузактагы селден үйсүз калган 44 бүлөнүн сегизи контейнерде жашап жатат.  Алардын ичинде жаш балдар менен кош бойлуу аялдар бар. Быйыл июль айында Сузактын Кара-Дарыя айыл аймагындагы 500дөй үйдү адырдан келген сел каптап, бир жаран каза тапкан. Тилсиз жоодон 44 үй кооптуу деп табылып, жашоочулар жайы менен чатырларда жашады. Кош бойлуу Гүлшайыр Нарынбаева быйыл төрт баласы менен темир контейнерде кыштаганы жатат. 20-июлда Чаңгыр-Таш айылын каптаган селден анын үйү бузулган. Буга чейин алар ар... Читать дальше...

Улут саламаттыгын талкалаган инсульт

Azattyk.org 

Кыргызстанда жылына 13-15 миңдей адам инсульт болот, анын дээрлик жарымы убагында сапаттуу жардам бере албай көз жумса, калганы сапаттуу калыбына келтирүү борборлору жок, жарым жан жашоого аргасыз. Өлкө инсульттан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда. 29-октябрь инсультка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Президенттик администрациянын реформа бөлүмүн Аскар Бешимов жетектейт

Azattyk.org 

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, ошол эле учурда реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Бешимов өзү “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-октябрда кол койгон. Президенттик администрация бул тууралуу расмий маалымат тарата элек. Аскар Бешимов 28-ноябрда боло турган парламенттик... Читать дальше...

Америкалык сенатор Ооганстан боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

АКШ сенатору, Ирак согушунун ардагери Тэмми Дакворт Ооганстандагы согушту иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады. "Биз 20 жылдан кийин, салык төлөөчүлөрдүн триллиондогон доллар акчасын салгандан кийин кетерибиз менен бир жума өтпөй Ооганстандын кыйрап калышынын себебин түшүнүүбүз керек", - деди Дакворт. Сенатор 2004-жылы Ирактагы согушта жарадар болуп, эки бутун кестирүүгө аргасыз болгон. Ал аскерлер Ооганстанда талибдерди бийликтен кетирип, "Аль-Каида" террордук тобун (Кыргызстанда... Читать дальше...

Бишкектеги жапырт уулануу иши күч түзүмдөрүнө берилди

Azattyk.org 

“Империя пиццы” кафесинин тамагынан уулануу иши боюнча маалыматтар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) жана Бишкек шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун Тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамад Мурзашев “Азаттыкка” билдирди: “Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланган адамдар боюнча бардык маалыматтарды 25-октябрда Бишкек ШИИБине жана шаардык прокуратурага бергенбиз. Эми бул окуя боюнча кандай чара көрүлөт, алардын иши. Читать дальше...

Жээнбековдун иши: БШК жолду ачты, кезек сотто

Azattyk.org 

БШК камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттады. Ал Кой-Таш окуялары боюнча шектүү катары тергөө абагында кармалууда. Жээнбековдун адвокаттары саясатчы камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүүгө шарт түзүлүшү керектигин билдиришүүдө. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Жээнбековдун үгүт өнөктүгү кандай өтөрү боюнча так позицияны айтпай турат. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталарга... Читать дальше...

Орусия: коронавирус бир суткада 1160 адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

28-октябрда Орусияда коронавирустан соңку бир суткада 1159 адам каза болду. Илдетке жаңы чалдыккандардын саны 40 миңден ашты. Өлкө коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ, Бразилия, Индиядан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты. Расмий статистикага ылайык, Орусияда пандемия башталгандан бери COVID-19 235 миң кишинин өмүрүн алды. Москвада 28-октябрдан баштап карантин чаралары күчөтүлүп, дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка бардык мекеме-жайлар жабылды. Ноябрь айынын алгачкы аптасында Орусияда «дем алыш» жарыяланган. Читать дальше...

Орусиядагы шайлоочулардын тизмесин каттоо 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт

Azattyk.org 

Орусиядагы кыргызстандыктарды 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн каттоо 12-ноябрда аяктайт. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, кыргыз жарандары бул күнгө чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу абзел. Ал эми биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар консулдук каттоого аралыктан, онлайн катталса болот. Орусияда Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казан, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмен, Томск... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *