Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 10.10.2021

Имон Гилмур: Кыргызстан эл аралык кадыр-баркын коргошу керек

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин адам укугу боюнча атайын өкүлү Имон Гилмур Кыргызстан экономика, инвестиция, эл аралык соода-сатыкта да адам укугун коргоо принциби менен иштесе, аймактагы кадыр-баркы жогору болорун билдирди. Гилмур "Азаттыкка" эксклюзивдүү маек куруп, Борбор Азиядагы демократиялуу, адам укугун сыйлаган өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркы өтө маанилүү экенин айтты. "Адам укугун башка түшүнүктөрдөн азыркы заманбап жашоодо бөлүп кароо мүмкүн болбой калды. Себеби, бүгүнкү күндө соода сатык... Читать дальше...

Индиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Azattyk.org 

Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар 10-октябрдан 13-октябрга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Арменияга барат. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары кабарлады. Алгач Кыргызстанга 10-октябрда келип, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, 11-октябрда Казакстанга сапар тартат. Андан соң Арменияга багыт алат. Иш сапар учурунда эки тараптык кызматташуу талкууланып, айрым келишимдерге кол коюу күтүлөт. Буга чейин 5-октябрда Мумбайда өткөн Doing business in Kyrgyzstan... Читать дальше...

Ысык-Көлдөгү 15 эстеликке QR-код коюлду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусундагы Кусейин Карасаев, Касым Тыныстанов баштаган белгилүү ишмерлердин эстеликтерине QR-код коюлду. Бул кодду смартфонго салып сканерлеп, эстелик качан орнотулганы, көрүнүктүү адамдын өмүр баяны тууралуу маалымат алса болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Эсте" коомдук фонду кабарлады. Буга чейин Бишкектеги 80 эстеликке ушундай коддор орнотулган эле. “Долбоордун негизги максаты - кыргызстандыктардын арасында тарыхыбызды жана маданиятты жайылтуу жана өлкөнүн туристтик тармагына колдоо көрсөтүү”... Читать дальше...

Пакистандын өзөктүк программасын негиздеген окумуштуу каза болду

Azattyk.org 

PTV телеканалы 10-октябрда Пакистандын өзөктүк программасынын негиздөөчүсү, 85 жаштагы Абдул Кадир Хан өпкө инфекциясы менен Исламабаддагы ооруканага жаткырылып, көп узабай ошол жактан каза тапканын кабарлады. Буга чейин анын таажы вирусун жуктуруп алганы айтылган болчу. Абдул Кадир Хан Пакистанды мусулман өлкөлөрүнүн арасындагы алгачкы өзөктүк мамлекетке айланткан улуттук баатыр саналат. Пакистан биринчи жолу 1998-жылы өзөктүк куралын ийгиликтүү сынап, дүйнөдөгү  өзөктүк (ядролук) куралы бар мамлекеттердин катарына кирген. Читать дальше...

Бишкекте инклюзивдик фестиваль болуп өттү

Azattyk.org 

Бишкекте 10-октябрда "Жаңыртуу" коомдук фонду "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен "Күн алдында чогуу" аттуу фестиваль өткөрдү. Анда майыптыгы бар адамдар, балдар өз таланттарын көрсөтүштү. Уюштуруучулар кабарлагандай, фестивалдын максаты инклюзиялык коомду илгерилетүү болуп саналат. Иш чарада майыптыгы бар балдардын, чоңдордун колунан жаралган буюмдардын, сүрөттөрдүн көргөзмөсү болду. Майрамдык концерт уюштурулуп, кол өнөрчүлүк сабактар берилди. Кыргызстанда 30 миңге чукул майыптыгы бар 18 жашка чыга элек балдар катталган. Читать дальше...

Баткенде жол кырсыгынан үч адам каза болду

Azattyk.org 

Баткен облусундагы Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында 9-октябрдын кечинде жол кырсыгы болуп, үч адам каза болду, жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  Кырсык кечки саат 17:30 чамасында болгон. Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалар кагылышкан. Натыжайда 47 жаштагы бир эркек киши, 56 жана 44 жаштагы эки аял көз жумду. Ал эми жаракат алгандардын эң улуусу 81 жашта. 3-октябрдагы акыркы эсеп боюнча Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып... Читать дальше...

Жамбылдагы аскер кампасында дагы жарылуу болду

Azattyk.org 

Жамбыл облусунун Байзак районундагы Сарыкемер айылында жайгашкан аскер кампасында жарылуу болгонун Казакстандын Коргоо министрлиги "Тараз 24" телеканалына билдирди. "10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө. Билдирүүгө караганда, бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, жардыруу болгон жерде эч ким болгон эмес жана имарат зыян тарткан жок. Читать дальше...



Чехиядагы шайлоодо премьер Бабиштин кыймылы утулду

Azattyk.org 

Чехиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча азыркы учурдагы премьер-министр Андрей Бабишке оппозиция болгон үч партиянын “Бирге” (SPOLU) коалициясы жеңип чыкты. Бул үч партия бириккен коалиция 27,8% добушка ээ болду. Учурдагы премьер-министр Андрей Бабиштин ANO кыймылы 27,1% добуш алып, экинчи орунда калды. Үчүнчү орунду башка дагы бир солчул-оппозициялык эки партиянын бириккен коалициясы камсыздады. Мындан сырткары чех парламентине ашынган популисттик "Эркиндик жана тикелей демократия" партиясы кирди. Читать дальше...

Москвада ууланган үч өзбекстандыктын абалы канааттандырарлык

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги Москвадагы жатаканада мигранттын өлүмү менен байланыштуу жагдайды көзөмөлгө алды. Автоунаа жууй турган станциянын жатаканасында төрт киши ууланып, алардын бири каза тапканы 8-октябрда кабарланган. Алар ошол жерде иштеген өзбекстандык мигранттар болгон. Орусиянын тергөө комитети мигранттар баңгизатынан ууланган болушу мүмкүн деген божомолду айтууда. Азырынча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Агенттиктин маалыматына караганда, Орусиянын... Читать дальше...

"Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады

Azattyk.org 

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 10-октябрда курултай өткөрүп, парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Тизмени партиянын лидери катары Айбек Маткеримов баштайт. Алдыңкы бештикке "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, экс-депутат Равшан Сабиров, өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев бар. Тизмеге Кыргыз эл артисти Бек (Берадор) Борбиев да киргенин аталган партиядан "Азаттыкка" кабарлашты. Читать дальше...

Австриянын канцлери отставкага кетти

Azattyk.org 

Австриянын федералдык канцлери Себастьян Курц кызматтан кетерин жарыялады. Жакында эле оппозициядагы үч партия - Австриянын Социал -демократиялык партиясы, "Жаңы Австрия" жана Австриянын Эркиндик партиясы канцлердин отставкасын талап кылышкан. Өлкөнүн прокуратурасы Курц жана коррупцияга шектелген бир нече адамга карата иликтөө жүрүп жатканын билдирген. Deutsche Welle кабарлагандай, тергөөчүлөр 2016-жылдан 2018-жылга чейин өлкөнүн финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды Австриянын гезиттериндеги жарнактарды каржылоого жумшаганын... Читать дальше...

Бишкекте жөө күлүктөрдүн, Жалал-Абадда велосипедчендердин марафону өттү

Azattyk.org 

10-октябрда Бишкекте жөө күлүктөрдүн марафонуна үч миң адам катышты. "Мол Булак – Күз деми" деп аталган марафон борбор калаанын "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен "Манас" аба майданына барчу жолдо өттү. Катышуучулар 5 километрден 42 километрге чейин чуркашты. Иш-чараны "Тонус" фонду уюштурду. Аталган уюм чуркоо марафонун буга чейин да бир канча жолу өткөргөн. Негизги демөөрчүсү - "Мол Булак" насыя компаниясы. Ушул күнү Жалал-Абад шаарында "Эковеломарафон" да өттү. Жүздөн ашуун адам катышкан иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэриясы... Читать дальше...

Татарстанда аэроклубдун парашютчулары бараткан учак кулады

Azattyk.org 

Татарстандын Мензелинск шаарынын аймагында L-410 учагы кулады. Бортундагы 20дан ашуун адамдын 16сы мүрт кетип, үчөө аман калганы тууралуу "Интерфакс" кабарлады.  Би-Би-Си Татарстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, алты киши аман калганын, бирөөнүн абыл оор экенин жазды. Алар ооруканага жеткирилди. Кырсык болгон жерде 50дөй куткаруучу жана техникалар иштеп жатат. Президент Рустам Минниханов дагы барды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учак 10-октябрда... Читать дальше...

Бир катар белгилүү саясатчылар "Азаттык" партиясы менен шайлоого катышат

Azattyk.org 

"Азаттык" партиясы 10-октябрда курултай өткөрүп, парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Алардын катарында белгилүү саясатчылардан партия лидери Исмаил Исаков, Медеткан Шеримкулов, Ишенбай Кадырбеков, Жылдызкан Жолдошева, Акматбек Келдибеков, Бактыбек Калмаматов, Мыктыбек Арстанбек бар. Жылдызкан Жолдошева билдиргендей, жети партия биригип, "Азаттык" партиясы менен шайлоого барууну чечишкен. Алардын катарында "Нур", "Бирик" жана башкалар бар. Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп... Читать дальше...

Өзбекстан Кундуздагы кол салууну айыптады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын Кундуз шаарында жума күнү болгон кол салууну айыптады. Министрлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, ондогон кишинин өмүрүн алып, 150дөн көбүн жарадар кылган чабуулду "адамгерчиликсиз" деп атады. 8-октябрда жанкечти шиит мусулмандарынын Саид Обад мечитин бутага алган. Кол салуудан бир күн мурун Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кабулда талибдердин тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан. Читать дальше...

Мугалимди ким алкап, ким алдап жатат?

Azattyk.org 

Биздин коомдо агай-эжейлерди чын ыкластан урматтагандар менен катар алардын эсебинен пайда көрүүгө умтулгандар да бар экен, тилекке каршы. Устатка таазим Ар кандай конкурстарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө машине мингизген, там сатып берген, баалуу байгелерди ыйгарган азаматтарга баарыбыз ыраазыбыз. Ушундай иштерди колго алган уюмдар, фонддор аз болсо да бар экендиги кубандырат. Мисалы, элеттик мектептердин башталгыч класс мугалимдерин колдоо максатында Санжарбек Данияровдун фонду он жылдан бери “Биринчи мугалим” сынагын өткөрүп келет. Читать дальше...

11-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

11-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Абанын температурасы: Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14, Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2...7... Читать дальше...

WADA Москвадагы лабораториянын аккредитациясын жокко чыгарды

Azattyk.org 

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) Москвадагы допингге каршы лабораториянын аккредитациясын жокко чыгарды. Reuters маалыматына ылайык, Дүйнөлүк агенттиктин аткаруу комитети дисциплинардык комитеттин бул жааттагы сунуштамасын жактырды. Москва лабораториясына ишмердиги 2020-жылдын январь айынан бери убактылуу токтотулганы жөнүндө Аткаруу комитетинин чечими маалымдалган. Лабораторияга кан үлгүлөрүнүн анализи менен байланышкан иштерди аткарууга азырынча уруксат берилбейт. Москва лабораториясы... Читать дальше...

Түркияда тыңчылыкка шек саналган алты чет өлкөлүк жаран кармалды

Azattyk.org 

Стамбул полициясынын Терроризмге каршы башкармалыгы жана Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тыңчылыкка шектелген алты чет өлкөлүк жаранды кармады. Habertürk басылмасы жазгандай, кармоо операциясы Анталияда жана Стамбулда ишке ашырылды. Шектүүлөрдөн үч тапанча алынды. Алардын биринде үн басуучу жана лазердик конструктор, жана башка курал-жарактар үчүн ок болгон. Колго түшкөндөр куралдуу чабуул уюштурууну көздөшкөн деп болжолдонууда. Habertürk тараткан сүрөттө кармалгандардын биринен Орусиянын паспорту алынганын көрүүгө болот. Читать дальше...

Уурулукка шек саналып кармалган жаран камактан качып кетти

Azattyk.org 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда уурулукка шек саналып кармалган 26 жаштагы жаран камактан качып кетти. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 10-октябрда эртең менен саат жетилерде райондук милициянын убактылуу кармоочу жайынан качкан. Облустук Ички иштер башкармалыгынын бүт кызматкерлерине маалымат берилип, блок-посттор коюлду. Шектүү 8-октябрда Аламүдүн районунда кармалып, Ысык-Ата Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал уурулук кылган деп шек саналып, кармалган болчу. Читать дальше...

Коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды

Azattyk.org 

10-октябрга карата Кыргызстанда дагы 93 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мурда оору жуккандардын арасынан бир киши көз жумду. COVID-19га каршы Республикалык штабдан кабарлашкандай, вирус жаңы аныкталгандардын 71и Бишкек шаарында. Соңку суткада Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында оору жуккандар катталган жок. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуккандардын расмий эсеби 179 миңден ашты, алардын 2600дөн көбү каза болду. 10-октябрга карата өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 526 миңден ашты.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар 200гө чамалады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышууну каалагандардын саны 187 кишиге жетти. Алардын ондон ашууну талапкер болуп катталганын 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда кечки саат алтыда аяктайт. Ошондой эле 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Алардын канчасы каттала турганы азырынча анык эмес. Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташы жана алар тууралуу тийиштүү маалыматтарды БШКга берүүгө тийиш. Читать дальше...

Жо Байден Нобел сыйлыгын алган журналисттерди куттуктады

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратовду жана филиппиндик журналист Мария Рессени Нобелдин тынчтык сыйлыгын алганы менен куттуктады. "Дүйнөдөгү көптөгөн журналисттер сыяктуу эле Рессе жана Муратов тайманбастан жана коркпостон фактыларга таянышууда. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну ооздуктоо, коррупциянын бетин ачуу жана ачыктыкты талап кылуу менен алектеништи. Көз карандысыз маалымат каражаттарын түптөп, алардын үнүн өчүрүүнү каалаган күчтөрдөн коргошту"... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *