Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 15.11.2021

Садыр Жапаров: Бул шайлоо - беш жылга карата акыркы саясий процесс

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бул жолку парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн келечектеги беш жылга карата акыркы саясий процесс болот деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров өз сөзүндө буга өзгөчө көңүл буруп, шайлоону өткөргөндөн кийин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаларын белгиледи. Жапаров добушун саткан жана сатып алгандар жоопко тартыларын... Читать дальше...

Ооганстанда улуттук валютанын куну төмөндөдү

Azattyk.org 

Ооганстандын улуттук валютасынын наркы АКШ долларына карата 20 жылдагы эң төмөн курска түшүп кетти. 14-ноябрда борбордук Сараи Шахзада акча алмаштыруу базарында бир доллар 95 афганиге сатылып жатты. Анын алдыңкы күндөрдө курс 91,5 афгани болчу. Ооганстандын жаңы валютасы 2002-жылы Германияда басылып чыкканда анын долларга курсу 43 деп бааланган. Талибдер бийликти ээлеп алган августтун ортосуна чейин Кабул өкмөтү маал-маалы менен рынокко доллар чыгарып, курсту кармап турчу. ”Талибан” кыймылы бийликке... Читать дальше...

Садыр Жапаров: ЖЭБ-2нин жанындагы тилкелер жакында мыйзамдаштырылат

Azattyk.org 

Жакынкы убакта Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу тийиштүү мекемелерге тапшырма берилгенин президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты. Президент алар менен быйыл августта жолукканда трансформациялоо, социалдык объектилерди куруу жана башка көйгөйлөр көтөрүлгөн. «Ушул жуманын аягына чейин Министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп... Читать дальше...

Шайлоо: Сузактагы талашта президенттин аты аталды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров милицияга "Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбековго каршы арыз жолдоду. Анда аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын жазган. Анын алдында бир мандаттуу №13 Сузак округунан парламент депутаттыгына талапкер Юлия Лилиенталь дагы Умарбеков үгүт учурунда Садыр Жапаровдун атын атаганын белгилеп, президент менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. Умарбеков болсо дооматты четке кагып жатат. Читать дальше...

Иликтөө: пандемияда витаминдүү эмес, калориялуу азыктарга басым жасалып калды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Кыргызстандын Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынын кыргызстандыктардын турмушуна, азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча биргелешип жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда пандемия аялуу тургундардын, өзгөчө шаар аймактарында жашагандардын азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратканы белгиленген. "COVID-19га байланыштуу жакырчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануу боюнча анализ... Читать дальше...

Абактагы кыйноо: Жалал-Абадда беш милиционер камакка алынды

Azattyk.org 

Жалал-Абадда кылмышка шектүү катары кармалган адамды кыйноо фактысы үчүн айыпталып жаткан беш милиционер камакка алынды. Ош шаардык сотунун чечими менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын төрт азыркы жана бир мурдагы кызматкери Оштогу №25 тергөө абагына отургузулганын 15-ноябрда “Азаттык” радиосуна Кыйноолорго каршы коалиция билдирди. Күч кызматкерлери 2019-жылдын апрель айында Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну, баңги затын мыйзамсыз... Читать дальше...

Техникалык себептерден Кыргызстанга электрди импорттоо токтоп турат

Azattyk.org 

Техникалык себептерден улам Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Министр кошуна мамлекеттерде дагы ушул багытта тартыштык байкалып жатканын айтты. "Кошуна мамлекеттерде дагы чоң тартыштык бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан дагы чектөөлөрдү киргизип жатат. Биз лимитти аргасыз, жарык менен отуралы деп киргизип жатабыз. Кошуна өлкөлөр, Орусия менен байма бай сүйлөшүп жатабыз. Читать дальше...

Министр Бекмурзаев: Кыргызстандын ири ГЭС долбоорлору талашка түшүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын ири ГЭС куруу долбоорлору талашка түшүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда “Азаттыктын” түз эфиринде энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Министр “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстанга генерация түрүндө гана, ал эми суу жагынан Казакстанга жана Өзбекстанга “бизден да көбүрөөк керек” экенин, эгер инвесторлор менен натыйжа болбосо улуттук долбоор катары аны “келечекте өзүбүз саларыбызды” айтып, буга мүмкүнчүлүк “албетте жетет” деп билдирди: “Садыр Нуркожоевичтин өзүнүн айткан сөзү – кайсы инвестор келип... Читать дальше...



Еврошаркет Минскиге каршы санкцияларды аныктайт

Azattyk.org 

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери 15-ноябрда миграциялык кризиске байланыштуу Беларус бийлигине каршы жаңы санкция салуунун критерийлерин аныктайт. Буга чейин санкциялардын тизмеси жарыяланары маалымдалган. Бирок тизме дагы талкууланары айтылды. Британиялык Financial Times басылмасынын булактары билдиргендей, тизмеге мигранттар конгон Минск аэропорту туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу буга чейин Reuters агенттиги да кабарлаган. Санкциялар 20 аткаминерге, “Минск” мейманканасына, сириялык Cham Wings... Читать дальше...

COVID-19: Кытайдын Далянь шаары карантинге жабылды

Azattyk.org 

Кытай коронавирустун дельта вариантынын жайылуусуна байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө. Reuters агенттигинин 14-ноябрдагы маалыматына караганда, 17-октябрдан бери өлкө ичинде вирусту жугузуп алган 1 миң 308 киши катталды. Далянь шаарында оору жугузган учурлар өзгөчө ылдам өсүүдө. Айрым чөлкөмдөрдө ал шаардан келгендер өткөн жумада эле чектөөлөргө туш болгон. Башка өлкөлөр менен салыштырганда  Кытайда көрсөткүчтөр төмөн болгону менен, дельта штаммы буга чейин мынча тез жайылган эмес. Бийлик чукул чара көрүп... Читать дальше...

Мамлекеттик бюджеттин көбү эмгек акы жана жөлөк пулга багытталды

Azattyk.org 

2021-жылдын январь-сентябрында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жарымынан көбү эмгек акыны жана социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө багытталды. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекеттик бюджет 3,7 млрд. сом суммасында профицит менен түзүлдү. Ал эми өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 15,6 млрд. сом өлчөмүндө тартыштык катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Жалпы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 145 млрд. Читать дальше...

Кыргыз жеринен бакыт тапкан тажик кызы

Azattyk.org 

Тажикстанда тутанган саясий согуш оту көптөгөн чыгармачыл инсандардын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн булуң-бурчуна чачылып кетүүсүнө себеп болгон. Ошондой тагдырга туш келгендердин бири – адегенде алыскы Австрияда жашап жүрүп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен таанышкан соң, залкар калемгердин кеңеши менен Кыргызстанга келип, жыйырма жылга жакын мезгилден бери өмүр сүрүп жаткан Шаиста Равшанова. Ал КРдин Улуттук жазуучулар кошуунунун мүчөсү, Маданияттын отличниги, чыгармачыл инсандардын эл аралык "Аржанг" уюмунун жетекчиси... Читать дальше...

Шахматка кызыккан кыздар көбөйүүдө

Azattyk.org 

Жекшембиде шахмат боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды. Бир жумага созулган мелдеште 6 жаштан 14 жашка чейинки жаш шахматчылар күч сынашты.

Бишкекте 4,6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөрү эскертилди

Azattyk.org 

«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте миңдеген абонентинин жарыгын өчүрөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт. “Шаар боюнча абоненттердин дебитордук карызынын жалпы суммасы 12,1 миллион сомду түзүүдө”, - деп билдирди “Азаттык” радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Жусупова. Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы... Читать дальше...

Республикалык дартты аныктоо борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлөт

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы республикалык диагностика борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу Саламттык сактоо министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, көп профилдүү оорукана ушул жылдын соңуна чейин ишке кирет. "Республикалык диагностика борбору боюнча эки жылдан бери анализ жүргүзүлдү. Биринчиден, бул борбор акчасын актай алган жок. Бүгүнкү күндө 10 млн. сомдой карызы бар, ал жакта иштегендер маяналарын дагы ала элек. Экинчиден, Бишкек шаарындагы кырдаалды көрүп жатабыз. Читать дальше...

Кош бойлуу аялдарды чек арага "айдактаган" Лукашенко

Azattyk.org 

Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий НАТОго кайрылып, Беларус менен чек арадагы миграциялык кризисти чечүү үчүн батыл чара көрүүгө чакырды. Польшанын полициясы билдиргендей, ушул тапта Беларус тарапта турган мигранттар чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатышат. Евробиримдик 15-ноябрда мигранттарды айдактаганы үчүн Беларуска санкция киргизиши ыктымал. Саналуу күндөрдөн кийин көз жарайын деп турган 26 жаштагы Умм Малак үч кенедей кызы менен Польша менен Беларус чектешкен аймактагы токойдо чатырда бир нече апта жашаган. Читать дальше...

Прессаны колдоого мамлекеттен каражат бөлүнөрү айтылды

Azattyk.org 

Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттен акча бөлөт. Бул тууралуу 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, өзгөчө көңүл басылмаларга бөлүнөт жана президенттин облустук гезиттерди колдоо боюнча алгачкы чечимдери кабыл алынды. “Жалпыга маалымдоо каражаттарына субсидиялар ар кандай беренелер боюнча бөлүнөт. Бизге кеңири агартуу ишмердүүлүгү абадай керек... Читать дальше...

Өкмөт жарандык уюмдардын чыгымын каржылоону убада кылды

Azattyk.org 

Мамлекет жарандык уюмдардын чыгымдарын жаап берүүгө жыл сайын чамасына жараша көбүрөөк каражат бөлүп турат. Бул тууралуу 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Ал ушул айда эле бир нече министрлик жана мекеме келерки жылга жаштардын жана аялдардын көйгөйлөрү, спортту жана маданиятты өнүктүрүү, мамлекеттик тилди колдоо, этникалык азчылыктардын кызыкчылыктарын... Читать дальше...

УКМК: Тергөөчүлөр пара алууга шектелип кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, тергөөчүлөр “Н.Д.” аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. Факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Читать дальше...

Байсалов "Кылыбыз кыйшайбайт" деген сөзү туура эмес чечмеленип жатканын айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аткаруу бийлиги коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин толук көзөмөлүндө иштерин бүгүн 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес сектордун кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып айтты. Ал өкмөт кызматташтык үчүн ачык экенин, парламенттин азыркы да, жаңы шайланып келе турган да чакырылыштарынын толук көзөмөлүндө болорун белгиледи. Ошону менен катар ал “кылыбыз кыйшайбайт” деген сөзү түрдүү чечмеленип, айланасында “ар кандай спекуляция жүрүп жатканын” айтты. Читать дальше...

БШК: арыздардын көбү Бишкек менен Ошто

Azattyk.org 

14-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жалпы 78 арызды каттады. Бул арыздардын теңинен көбү Бишкек шаары жана Ош облусунан катталган. Мындан сырткары үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 8 талапкер катталып, аларга карата Борбордук шайлоо комиссиясы кат жүзүндө эскертүү берген. Бирок айрым саясат талдоочулар БШК каттап жаткан арыздар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпей турганын, андан көрө добуш сатып алуу фактыларына катуу көңүл буруу зарылдыгын айтууда. "Добуш саткандар... Читать дальше...

COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 84 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2707 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 84 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (66 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 425 адамга жетти. Азыр ооруканада 559 бейтап жатат, дагы 721 адам үйдөн дарыланууда. Читать дальше...

Ооганcтанда журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" алды

Azattyk.org 

Кабулдун шийилер жашаган конушундагы автоунаага коюлган бомба жарылуусунан каза болгон ооган журналисти Хамид Сегханинин өлүмүнө жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму алды. Бул тууралуу 14-ноябрда суннилер жетектеген "Ислам мамлекети" тобунун туундусу болгон "Ислам мамлекети-Хорасан провинциясы" өзүнүн Telegram каналында билдирүү жасады. "Талибан" кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид жардыруудан кеминде бир карапайым тургун набыт болуп, төрт адам жаракат алып ооруканага жаткырылганын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *