Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тактоо аяктады
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш бере турган шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрда бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, жарандарга тизмеден өздөрүн тактоого 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин убакыт берилди. 29-октябрда tizme.gov.kg порталына жарыяланган маалыматка караганда, бир мандаттуу округдарда 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу катталган. Жалпы өлкө боюнча бир округда 3 миллион 699 миң 46 шайлоочу бар. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы - даяр тизмеси 18-ноябрда “Тизме” порталына чыгат. Читать дальше...